Эй момундар, силерден мурунку өткөндөргө фарз кылынганы сыяктуу эле, силерге да такыбаа болушуӊар үчүн саналуу күндөрдө орозо кармоо фарз кылынды”. (2:183).
Имам Бухарий жана имам Муслим, Ибн Умар разияллоху анхудан риваят кылат, Расулуллах саллаллоху алайхи ва саллам айтты: “(Рамазан айынын) хилал(ын) көрүп орозо туткула, (шаввал айынын) хилал(ын) көрүп оозуӊарды ачкыла (т.а. орозону токтоткула)! Эгерде силерге булуттуу болсо, (айды) отуз күн кылгыла!”.
Пайгамбарыбыз, сахабалар, тобеиндер, таба тобеиндер жана кийинки Халифалар доорундагы мусулмандар Рамазан айын өзгөчө бир куштарлык менен күтүп алышып, катуу маани беришип, бул айдын келишине төбөсү көккө жеткидей кубанып, өзгөчө даярдык көрүшөт эле.
Расулуллах саллаллоху алайхи ва саллам Рамазанга жеткиришин сурап Аллахка дуба кылат эле.
Анас разияллоху анхудан риваят кылынат, Расулуллах саллаллоху алайхи ва саллам Ражаб айы киргенде: “Роббим, Ражаб жана Шаъбанды биз үчүн берекелүү кылгын жана бизди Рамазанга жеткиргин”, — деп дуба кылар эле. (Имам Ахмад, Табароний, Байхакий риваяттары).
Мусулмандар аны: “Роббим, Рамазан айы кирип келүүдө. Аны бизге, бизди ага саламат жеткиргин, анын орозосу жана таравихтерин бизге насип кылгын. Анда бизди ибадатка астейдил бел байлоого жетиштирип, жалкоолук жана суздуктан алыс кылгын. Анда бизди фитналардан сактагын”, – деген дубалар менен күтүп алышат эле.
Анткени, алар Рамазандын фазилатын, бул айда өздөрүнө боло турган Аллахтын ырайымын, Аллах Таала пенделерине мол-көл рахматын түшүрүшүн, алардын үстүнө берекени жаадырышын, ырыскыларын кеӊ кылышын о.э. аларды күнөө-каталардан сакташын жакшы билишет эле. Анткени, бул айда алар үчүн бейиштердин дарбазалары ачылып, тозоктун капкактары жабылат. Момун үчүн бул айдан абзел ай жок, бул айда кылынган амалдардан абзелирээк амал жок. Бул, чындыгында момундар үчүн ганимат айы.
Абу Хурайра разияллоху анхудан риваят кылынган хадисте Расулуллах саллаллоху алайхи ва саллам айтат, “Силерге ушул айыӊар кирип келе жатат. Расулуллах саллаллоху алайхи ва саллам касам кылуучу Затка (Аллахка) касам, мусулмандарга бул айдан жакшыраак ай, мунафыктар үчүн болсо бул айдан жаманыраак ай таптакыр келбеген. Расулуллах саллаллоху алайхи ва саллам касам кылуучу Затка ант болсун, албетте, Аллах бул айдын ажыр-сообун жана тартууларын о.э. анын күнөө жана бактысыздыктарын аны киргизбестен туруп жазып коёт. Анткени, момун киши бул айда ибадат кылуу үчүн (алдын ала) күч-кубатты даярдап коёт, мунафык болсо бул айда (мүмкүнчүлүгү болору менен зыян жеткирүү максатында) момундардын капилет жана алсыздык абалдарын аӊдып жүрөт. Бул момун үчүн ганимат учур”. (Имам Ахмад жана Ибн Хузайма риваяттары).
Бул ай момун үчүн ибадаттары ганимат болгон ай, анда намаз жана садакалардын сообу бир нече эсеге ашырылат, орозо менен биргеликте таравих намаздарынын сообунан пайдаланып калуу мүмкүнчүлүгү берилет.
Чындыгында, Расулуллах саллаллоху алайхи ва саллам Рамазан айынын фазилатынан куру калган адам эми башка айларда эч качан ага жете албастыгын, Рамазанда күнөөлөрү магфират кылынбаган адамды Аллах тозоктун түбүнө ыргытышынынкабарын берген.
Пайгамбарыбыз Мухаммад саллаллоху алайхи ва саллам бир күнү минбарга көтөрүлүп жатып “Амин… Амин… Амин…” деди. Сахабалар мунун себебин сурашканда: “Алдыма Жабраил келип: Ким Рамазан айына жетсе да, күнөөлөрү магфират кылынбаган болсо, Аллах аны (Өз рахматынан) алыстатып, тозокко ыргытсын, “Амин” деп айткын, – деди. Мен “Амин” дедим. Ким ата-энесин же алардын бирин (карылык жашында аларды нааразы кылып) күнөөлөрү кечирилбеген болсо, Аллах аны (Өз рахматынан) алыстатып, тозокко ыргытсын, “Амин” деп айткын, – деди. Мен “Амин” дедим. Ким сенин атыӊ айтылганда сага салават айтпаса, Аллах аны (Өз рахматынан) алыстатып, тозокко ыргытсын, “Амин” деп айткын, – деди. Мен “Амин” дедим”, – деп жооп берди. (Табароний, Байхакий, Абу Яъла, Ибн Хиббан риваяттары).
Абу Хурайра разияллоху анхудан риваят кылынган хадисте Расулуллах саллаллоху алайхи ва саллам айткан:
“Рамазан айында менин үммөтүмө алардан мурунку үммөттөргө берилбеген беш сыпат берилди:
1) Орозо туткан адамдын оозунун жыты Аллахтын алдында мушктун жытынан да жагымдуураак;
2) Аларга тээ иптаркылганга чейин периштелер истигфарайтып турушат;
3) Аллах Азза ваЖалла ар күнү бейишин зыйнаттайт, андан соӊ ага: “Солих пенделерим машакат жана азарлардан кутулуп, сага келишине аз калды”, – дейт.
4) Ал күндө шайтандардын ашынгандары чынжырланып, башка убакта кылып жүргөн иштерин кыла алышпайт;
5) Рамазандын акыркы түнүндө орозо туткан адамдардын күнөөлөрү кечирилет, – деди.
Ошондо: – «Я Расулуллах, ал түн кадыр түнбү?» – деп сурашты.
Ал зат: “Жок, кызматчы качан ишин бүтүрсө анын акысы толук кылып берилет”, – деди. (Имам Ахмад риваяты).
Биз Улуу Аллах Тааладан бизди жакшылыктарына жеткиришин, жакшы иштерге кадам коюуну бизге насип кылышын, бизди жамандыктарынан алыс кылышын, кадамдарыбызды жамандыктан тыйышын, алгачкы кылымдагы жана кийинки доордогу мусулмандарга бергени сыяктуу эле бизди да Рамазан айында Өз нусраты менен ырыскыландырышын, исламий Халифалык мамлекетинин кайрадан тикеленишин тездетүү аркылуу Ислам жана мусулмандарды азиз кылышын о.э. бизди Өзүнүн ырайымы менен тозоктон кутулуучулар сабында кылышын сурайбыз. Ал угуучу жана дубаларды кабыл алуучу Зат.