Исламдагы сыпааттардын негизи

88
0

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Асыл хадис менен

Исламдагы сыпааттардын негизи

Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.

Ан-Навави Имам Муслимдин “Сахих” китебине берген шархында “Исламдагы сыпаттардын негизи” бөлүмүндө айтат:

عن سفيان بن عبد الله الثقفي قال: قلت: يا رسول الله قل لي في الإسلام قولا لا أسأل عنه أحدا بعدَك وفي حديث أبي أسامة غيرَك، قال: “قل آمنت بالله ثم استقم“.

Суфян бин Абдуллах Ас-Сакафий риваят кылат: Мен айттым: “Оо Аллахтын Элчиси, мага Ислам жөнүндө сенден кийин эч кимден сурабай турган бир нерсени айтчы”. Абу Усама риваят кылган хадисте сенден башка деп келген. Пайгамбар (с.а.в) айтты: “Мен Аллахка ыйман келтирдим деп айт, анан ага бекем бол”.

Казы Ияд (Аллах аны ырайымына алсын) айтты: Бул анын (Аллах ага ыраазы болсун) сөз төрөсүнүн ээси экендигин көргөзүп турат. Бул Аллах Тааланын ушул сөзү менен маанилеш:

إن الذين قالوا ربنا الله ثم استقاموا

“Алар: “Биздин Раббибиз Аллах” деп, анан бекем тургандар”.

Тактап айтканда, алар жалгыз Аллахка ыйман келтиришти, андан кийин туруктуу болушту жана тавхидден тайышкан жок. Өлгөнгө чейин Ага моюн сунууну улантышты.

Сүйүктүү бир туугандар!

Бекем туруу, бекем туруу, бекем туруу жана бекем туруу! Расулуллах (саллаллаху алейхи уа саллам)дан бул улуу иш жөнүндө сураган Суфйан Сакафийден Аллах ыраазы болсун. Бейишке кирүүнүн ачкычы жана Аллахтын ыраазылыгынын ачкычы эсептелген бул иш кантип улуу болбосун? Мусулман намазынын ар бир  рекетинде: “اهدنا الصراط المستقيم” “Бизди туура, бекем жолго сал” деп сурап жатса, бекем туруу кантип улуу иш болбосун?

Аллах Таала Өзүнүн улуу Пайгамбарынан (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) бекем турууну талап кылып: “فلذلك فادْعُ واستقمْ”  “Исламга чакыр жана бекем тур” – деп айтып жатса, бекем туруу кантип улуу иш болбосун?

Бекем туруу – туура жүрүм-турум жана туура дин менен гана болот.

Эй мусулмандар!

Бүгүнкү жашообузда бекем туруу кайда? Биз Аллахка ишенебиз, орозо кармайбыз, намаз окуйбуз, кээ бирибиз Аллахтын Китебин жаттайбыз, бирок анын өкүмдөрүн жашообузда колдонбойбуз. Аты Мухаммад, жүрүм-туруму күнөө, аты Абдулла, кылган иштери каралоочу жана жамандык. Акимдер Аллахтын Китебин жаттап, багымдат намазын окуйт. Ал эми кесиби, адилетсиздик, зулум, өлтүрүү, калктын жон терисин сыйруу жана Аллах түшүргөндөн башка нерсе менен өкүм кылуу! Элди эзүү менен даңазаланган  жетекчилер менен балээлендик.  Алар арабыздагы касапчыдай, Алланы эстешет, бирок, калктын жон терисин сыйрып жатышат.

Раббибиздин шариятынан жана Түз жолунан алыс болгонубуз үчүн, биздин абалыбыз жана акимдердин, аалымдарыбыздын абалы мына ушул. Биз Аллахтан, сөзүбүздө жана ишибизде Анын Туура жолун бекем карманууну суранабыз. Исламдын ураандарын көтөрүп жатып, аны башка нерсеге колдонбоону, адилетсиз режимдердин арканын карманып, туруктуулукка чакырууга жол бербөөсүн сурайбыз.

Сириядагы элибизге адам үрөйүн учурган иштерди жасаган, Иранга барып, анын статусун көтөргөн адамда туруктуулук кайдан болсун? Эл аралык Валюта Фондунун кызыкчылыгы үчүн өз өлкөсүн күрөөгө койгон адамда туруктуулук кайда? Рамазан айында ифтар тамагын жеп жатканда Синайдагы мусулман мужахиддерди өлтүргөндөрдө туруктуулук кайда? Жаңы Египетти башкаруу үчүн демократиялык системаны талап кылгандарда туруктуулук кайда? Бийликти шариятка эмес элге бергендерде туруктуулук кайда? Коомдук жайларда аялдарга каалаган кийимин кийүү эркиндигин бергендерде туруктуулук кайда? Ислам менен мусулмандардын душманы болгон Американы дос туткандарда туруктуулук кайда? Аны урматтоо керек, мусулман өлкөлөрүндө ал үчүн элчиликтер ачылып, аны коргоо керек дегендерде туруктуулук кайдан болсун?

Демек, эч кандай шек-күмөнсүз туруктуулук бир гана диндин айрым белгилерин гана карманууда эмес. Тескерисинче, ал андан алда канча кененирээк. Дин бизди ар бир сөзүбүздө жана иш-аракетибизде акыйдага карап иш кылууга буюрат. Биз түз жолдон тайган сайын өзүбүзгө жана башкаларга жооп беребиз. Жоопкерчиликсиз башыбызды кумга тыгып, өзүбүздөн башка эч кимди көрбөй, адашкан болсок да башкаларды жакшы деп ойлобойлу. Оо мусулмандар! Бардык маанини камтыган туруктуулукту карманууга  жана андан четтегендерди мухасаба кылып турууга чакырабыз.

Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сизерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси  болсун.

1446-х, 12-ражаб.

2025-ж, 12-январь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here