Таъзия
Аалымдар – пайгамбарлардын мураскорлору. Кече күнү Ислам умматы дагы бир аалымынан айрылып калды. Ал аты затына жарашкан Аьзамхон Носир аттуу аалымыбыз эле.
Совет өкмөтү доорунда миң түрдүү куугунтуктарга учураган Исламий үй-бүлөдө жарыкка келген Аьзамхон дамла, таза исламий тарбия алып, өз доорунун абройлуу аалымы болуп эрезеге жетти.
Бул фазилаттуу аалымыбыз Ислам жана мусулмандар жакшылыгы үчүн бүткүл өмүрүн арнады. Артынан көптөгөн шакирттер, хафизи Курьан жана аалым перзенттер калтырып кетти. Ушуну менен бирге, мусулмандарга өчпөс руханий илимий мурас – тафсир тартуулаганга да жетишти.
Аьзамхон дамланын жашоосу башынан акырына чейин таалим-тарбия, таква, ҳижрат жана гарибдикте өттү.
Куръанга болгон махабаты аны алыскы өлкөлөрдө тафсир жазууга үндөдү. Мухаммад соллоллоху алайхи васалламга коңшу болгон абалда т.а. Мадинаи-мунавварада өз тафсирин жазып бүттү.
Фазилаттуу улуу аалымыбыз жан аманатын Пайгамбарыбыздын жашында, саждадагы абалында өз Ээсине тапшырды.
إِنَّا لِلّهِ وَإِنَّـا إِلَيْهِ رَاجِعونَ
«Албетте биз Аллахтын (пенделерибиз) жана албетте Ага кайтуучуларбыз»
Аллах улуу аалымыбызды өз рахматына алсын, жайларын Фирдаус жаннатында кылсын, Пайгамбарлар, Солихтер, Шахиддер менен бирге кылсын.
مِنَ الْمُؤْمِنِينَ رِجَالٌ صَدَقُوا مَا عَاهَدُوا اللَّهَ عَلَيْهِ فَمِنْهُمْ مَنْ قَضَى نَحْبَهُ وَمِنْهُمْ مَنْ يَنْتَظِرُ وَمَا بَدَّلُوا تَبْدِيلًا
Муминдер арасында өздөрү Аллахка берген (Ал Заттын жолунда шахид болуу туурасындагы) ахд-шерттерине садык болгон кишилер бар. Анан алардан (айрым) кишилер өз шерттеринде турду (т.а. шахид болду),алардан (айрым) кишилер болсо (шахид болууга)ынтызар. Алар (мунафыктарга окшоп Аллахка берген шерттерин)өзгөртүшкөн жок.