Афганистан президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Өзбекстанга барды

485
0

Афганистан президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Өзбекстанга барды

2019-жылдын 6-мартында Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов Өзбекстанга келген Афганистан президентинин улуттук коопсуздук маселелери боюнча кеңешчиси Хамидулла Мухиб башчылыгындагы делегация менен жолугушту.

Тышкы иштер министрлигинин кабарына ылайык, жолугушууда Афганистанда тычтык жараянын баштоого тиешелүү бир катар маселелер талкууланып, мындан тышкары аймактык көйгөйлөр боюнча пикир алмашуулар болгон.

Министр Афганистан маселеси Өзбекстандын тышкы саясатындагы маанилүү багыттардын бири болуп жатканын жана Афганистандын экономикалык инфраструктурасын калыбына келтирүүдө Өзбекстан мындан ары да жардам берүүгө даяр экендигин белгиледи.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here