Аскерий сот Россиядагы мусулмандарды эркинен ажыратууну улантууда

344
0

Аскерий сот Россиядагы мусулмандарды эркинен ажыратууну улантууда

2018-жылы 21-февралда Приволжск округдук аскерий сотунун коллегиясы чыкма жыйында Уфанын Орджоникидзе райондук сотунда Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрүнө карата кезектеги өкүмдү жарыялады.

Сот аларды 205,5-берененин 1 жана 2-бөлүгү боюнча террористтик ишмердикте күнөөлүү деп таап, эркинен ажыратуу жөнүндө өкүм чыгарды:

Рахманов Булат, 1990-жылы туулган, 16 жылга эркинен ажыратылды;

Мухаметов Батыр, 1990-жылы туулган, 16 жылга эркинен ажыратылды;

Топтыгин Микаиль, 1983-жылы туулган, 15 жылга эркинен ажыратылды;

Абдрахимов Урал, 1992-жылы туулган, 15 жылга эркинен ажыратылды;

Зайнуллин Руслан, 1990-жылы туулган, 15 жылга эркинен ажыратылды;

Рахматуллин Руслан, 1987-жылы туулган, 14 жылга эркинен ажыратылды;

Валиахметов Радик, 1985-жылы туулган, 13 жылга эркинен ажыратылды;

Гадиев Тимур, 1992-жылы туулган, 13 жылга эркинен ажыратылды;

Давлетбаев Вадим, 1991-жылы туулган, 12 жылга эркинен ажыратылды;

Тимофеев Ярослав, 1994-жылы туулган, 12 жылга эркинен ажыратылды.

Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрү өкүмдү уккан соң Аллах Тааланын тагдырына ыраазы экенин билдиришип, кийин алардын баары: «Уммат Халифалыкты каалайт», – деп ураан чакырышты. Алардын жүзүнөн жылмаюу кетпеди, ал эми сот залына келген туугандары жана жакындары: «Биз силерди сүйөбүз», «Биз силерди күтөбүз», – деп жазылган плакаттарды көтүрүп турушту.

Анын менен бирге, бир апта мурун т.а. 15-февралда Москва округдук аскерий соту да Борбор Азияда туулган тогуз адамга Хизб-ут-Тахрирге тиешеси бар деген айып менен өкүм чыгарды. Сот Нодиров Зафарды, Нодиров Фарходду жана Игамбердыев Хамидди 16 жылга катуу шарттагы абактарга өкүм кылды. Сатторов Муроджон, Исомадинов Отабек, Одинаев Алижон, Хидирбаев Азиз, Бурхониддин Собиржон, Сиддиков Сардорбек 11 жылдан 12 жылга чейин катуу шарттагы абактарга эркинен ажыратылышты.

Өкүнүчтүүсү, бул билдирүүнүн көлөмү чектелгендиктен жигиттерибиздин сөздөрүн толук келтире албайбыз, бир канча цитаталар менен гана чектелебиз.

Мухаметов Батыр Аллахтын ысымы менен сөз баштап, сот залына келгендердин баарын ааламлардын Жаратуучусуна моюн сунууга чакырды, кийин минтип сөзүн улантты: «Мен «Хизб-ут-Тахрир» мүчөсү экенимди эч качан жашырбагам, азыр да жашырбаймын, бирок мен коюлган күнөөнү моюнга албаймын, себеби мен өзүмдү күнөөлү деп эсептебеймин… Кудай бул дүйнөнү ушундай бир таризде жаратты, анда жакшы менен жамандын, ыйман менен куфрдун тиреши ар дайым болот. Партияга тыюу салуу жөнүндө 2003-жылы чыгарылган бул мыйзам себептүү көптөгөн мусулмандар кысымга алынып, куугунтукталып жатышат жана узак мөөнөттөргө эркинен ажыратылууда. Кимдир бирөөлөр жашырынып жүрүүгө мажбур. Аялдар жолдошу жок, балдар атасы жок, ата-энелер балдары жок калууда. Мен – тынчтык дини болгон Исламды көтөрүп чыккан мусулманмын. Мени «Роббим – Аллах» дегеним үчүн гана кысымга алышууда. Акырында Аллах Тааланын ушул сөздөрүн айтамын:

«Фираун айтты: «Ант болсун, эгер сен менден өзгөнү кудай кылып алсаң, албетте мен сени камалгандардын катарына кошомун»  [26:29]

Укмуштуу окшоштук эмеспи? Рахмат».

«Уфа ишинин» дагы бир катышуучусу Топтыгин Микаиль мындай деди: «Россияда өз динине чакырууга тыюу салынган. Ошондуктан, силер бизге карата жалган сүйлөшүңүргө туура келип жатат. Силер мындан ашыкчасын кыла албайсыңар… Ар бир мусулман Аллах Тааланын мыйзамдары менен жашоону кыялданат. Биз камалып олтурабыз, жана сот мындай сөздөрүбүз үчүн дагы мөөнөт кошот деп ойлоймун. Биз өзүбүздүн кыялыбыз үчүн камалып жатабыз… Оо адамдар, өзүңөрдүн жашооңор жөнүндө ойлонгула! Бүттү! Ал түбөлүк эмес, мөөнөт келет, албетте келет… Биз кабырга киргенибизде, эки периште түшүп, суроолорду бере баштайт жана суроолоруна жооп беришибиз керек».

Валиахметов Радик сот залында мусулмандар ыйманы үчүн кысымга алынып жатканын, бирок бул нерсе тескерисинче аларды бекемдерин айтты. Ал соттолгондор – Ислам Умматынын чыныгы эр азаматтары менен бирге олтурганына сыймыктанарын айтып өз сөзүн аяктады.

О.э. Москвада өкүм жарыяланардын алдында Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрү Хакка үндөп, Россиянын Исламга каршы саясатын ачыктоого чакырышты.

Роя гезити, 2019-жыл, 27-февраль.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here