АКШда Трампка каршы жаңы тергөө башталды
АКШ президенти Дональд Трампка каршы кеңири масштабдуу жаңы тергөөнүн алкагында Конгресс ишкер Евгений Пригожин, Владимир Путин жана россиялык миллиардер Виктор Векселбергге тиешелүү компаниядан документтерди сурады. Бул тууралуу “BBC.news” кабарлады.
Трамп коррупцияда жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууда шектелүүдө. Ошону менен бирге, Конгресттеги демократтар Ак үйдөн Трамптын Путин менен сүйлөшүүлөрү жөнүндө маалымат берүүнү талап кылган.
Трампка карата жаңы тергөө иши демократ Джерри Нэдлер башчылыгындагы укуктук комитет тарабынан жүргүзүлөт.
Трамп кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууда, коррупция жана сот адилеттүүлүгүнө тоскоолдук кылгандыкта шектелүүдө.
Дүйшөмбү күнү Конгресстеги демократтар тергөөнүн алкагында жалпысынан 80ден ашуун уюм жана адамдарга суроо-талап менен кат жөнөткөн.
О.э. мындай суроолор Ак үй админстрациясына да жөнөтүлгөн.