Трамп: Сирияда калган ишти Эрдоган кылат

399
0

Трамп: Сирияда калган ишти Эрдоган кылат

АКШнын президенти Дональд Трамп “Твиттер”деги баракчасы аркылуу Сирия маселеси боюнча, башкача айтканда, АКШ аскерлерин алып чыгуу жана Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү жөнүндө маалымат берди. Трамптын билдиришинче, Сирияда “ИШИМ”дин калганын тазалоо үчүн зарыл болгон бардык иштер Эрдоганга тапшырылган.

Трамп: “Түркия президенти Эрдоган Сирияда “ИШИМ”дин калгандарын жок кылуу үчүн зарыл болгон иштерди аткаруу боюнча жетиштүү маалымат берди. Эрдоган бул ишти ашыгы менен аткара турган адам. Мындан тышкары, Түркия (Сириянын) жанындагы кошунасы. Биздин аскерлер болсо үйгө кайтууда”, – деди.

Президент Эрдоган менен телефондо сүйлөшкөндүгү тууралуу бир нече күн мурда билдирүү берген Трамп, сүйлөшүү учурунда аны менен “ИШИМ” уюму, Сириядагы биргелешкен аракет, АКШ аскерлерин алып чыгуу жана эки өлкө ортосундагы соода алакалары талкуулагандыгын айткан.

Ак үйдөн берилген билдирүүдө болсо, Трамптын бул чечимине Эрдоган менен сүйлөшүүсүнүн тиешеси жоктугу жана Трамп Сирия боюнча чечимди Эрдогансыз, өзү кабыл алары айтылган.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here