АКШ Афганистандан аскерлерин алып чыгып кетсе, ал жерде туруктуулукту сактоого Кытай жардам берет

722
0

АКШ Афганистандан аскерлерин алып чыгып кетсе, ал жерде туруктуулукту сактоого Кытай жардам берет

Афганистанда АКШ аскерлеринин саны азая турган болсо, ал жерде туруктуулукту сактоого Кытай өкмөтү жардам берет. Бул тууралуу, Кытай Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Хуа Чуньин билдирди. 

 Хуа Чуньин: “АКШ кандай аракет кылууну өзү чечет. Ал эми Кытайга келсек, биз Афганистан маселесинде башынан бери өзгөргүс бир позицияда турабыз. Кытай мурункудай, Афганистан проблемасы тынчтык жана бардык кызыкдар тараптардын биригүүсү жолу менен чечилишин жактайт”, – деди.

Анын айтымында, Пекин Афганистандагы кырдаалды күч колдонуу жолу менен жөнгө салууну четке кагат. 

 “Афганистандагы коопсуздук, туруктуулук жана өнүгүү анын өзүнө эле эмес, бүтүндөй Түштүк Азия региоуна жакшы таасирин тийгизет”, – деди Хуа Чуньин.

CNN телеканалы кабарлагандай, АКШ президенти Дональд Трамп 2019-жылдын январында Афганистандан АКШнын жети миң аскери чыгарылышы мүмкүндүгүн билдирген.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here