Шавкат Мирзиёев менен Владимир Путин Казакстанга барды
Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев Россия президенти Владимир Путин менен чогуу Казакстанга барды. Аларды Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев тосуп алды. Бул тууралуу “Акорда” маалымат кызматы кабарлады.
Түркстан облусунда болуп өткөн бейформал жолугушууда өлкө башчылары мамлекеттер ортосундагы кызматташтыктын маанилүү маселелерин, анын ичинде, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы мамилелерди талкуулашты.
Мындан тышкары, КМШ жана башка эл аралык уюмдардын алкагында Казакстан, Россия жана Өзбекстан ортосундагы мамилеге тиешелүү маселелер каралды. О.э. тараптар аймактык жана дүйнөлүк күн тартибиндеги маселелер боюнча пикир алмашышты.
Белгилүү болгондой, Россия президенти Владимир Путин Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевдин чакыруусуна ылайык 18-19-октябрь күндөрү Өзбекстанга мамлекеттик сапар менен келген. Сапардын алкагында түрдүү тармактардагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган 20 документке кол коюлду..
Туркистон:
Казакстан Өзбекстан менен Россия ортосунда жайгашкан мамлекет. Ошондуктан, Россия Казакстанды кызматташууга ыраазы кылмайынча, Өзбекстан менен материалдык алака орното албайт.
Өзбекстан келишимдерди, Россияга мүмкүн болушунча сырьё, жеңил өнөржай товарларын жана айыл чарбасы продукцияларын алып кирүү жана мигранттар үчүн шарттарды түзүп берүү негизинде түзөт. Булардын бардыгы Казакстан аркылуу өтүүгө мажбур болгондуктан, Путин Назарбаевдин каршылык көрсөтпөшүнө кепилдик алып бериши керек.