Кожобеков: 1 жылда террорчулукта айыпталган 150дөн ашык адам кармалды

355
0

Кожобеков: 1 жылда террорчулукта айыпталган 150дөн ашык адам кармалды

Кыргызстандын борбору Бишкек шаарында Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) антитеррордук аймактык түзүмүнүн 33-отуруму болуп өттү. Ага Россия, Индия, Кытай, Казакстан, Пакистан, Тажикстан жанан Өзбекстандын коопсуздук кызматтарынын өкүлдөрү катышты.

Жыйында айтылган маалыматка ылайык, Россия жана Борбор Азия өлкөлөрүндө 2017-жылдын экинчи жарым жылдыгында жана 2018-жылдын биринчи жарым жылдыгында террорчулукта шектелген 150дөн ашык адам кармалган. Бул тууралуу УКМКнын төрагасынын орунбасары Асылбек Кожобеков билдирди.

 Асылбек Кожобеков: “Акыркы жылдары ШКУ аймагында бир топ терракттардын алды алынып, террористтик топторго олуттуу чабуулдар болду. Кыргызстандын, Казакстандын, Россиянын, Тажикстандын жана Өзбекстандын тиешелүү органдары менен биргеликте 2017-жылдын экинчи жарым жылдыгында жана 2018-жылдын биринчи жарым жылдыгында терроризмге айыпталып издөөдө жүргөн 150дөн ашык адам кармалып, экстрадицияланды. ШКУга мүчө өлкөлөрдүн коопсуздук кызматтары “Ислам Мамлекети” (ИШИМ), “Жабхатун-Нусра”, “Хизб ут-Тахрир” жана “Түркстанды бошотуу кыймылы” уюмдарынын ишмердүүлүгү боюнча маалымат алмашышты”, – деди.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here