Россия Сирияга С-300 комплексин жеткирип берди
“Звезда” телеканалы: “Россия убада кылган С-300 коргонуу комплексин Сирияга жеткирип берди”, – деп кабарлады.
“Биз кечээ төрт С-300 системасын Сирияга жеткирип бердик. Алар бардык керектүү блокторду о.э. кошумча радиоэлектрондук блокторду камтыйт ”, – деди Сергей Шойгу президент Владимир Путинге берген отчётунда.
“Звезда” телеканалында эфирге узатылган видеоматериалда Ан-124 учактары Хмеймим аэродромунда С-300 комплексин түшүрүп жатканы көрсөтүлгөн.
Кабарда келишинче, С-300 комплекси 20-октябрга чейин согуштук абалга даяр болот. Алар орнотулгандан кийин Сирия өз аймагына жакын 200 км аралыкты көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.
Белгилүү болгондой, 17-сентябрда (Израиль) аба күчтөрүнүн Сирияга чабуулу учурунда Россиянын аскерий учагы атып түшүрүлүп, 15 аскер кызматкери каза болгон. Ошондон кийин Россия өкмөтү Сирияга заманбап абадан коргонуу каражаттарын жеткирип берерин жарыя кылган.