Россия доллардан бүтүндөй баш тартат

267
0

Россия доллардан бүтүндөй баш тартат

“Коммерсант” гезити “The Bell” басылмасына таянып: “Россия өкмөтү экономиканын долларга көз карандылыгын азайтуу долбоорун даярдап жатат”, деп жазды.

Булактын кабарына ылайык, бул долбоор ВТБ банкынын башчысы Андрей Костин планы негизинде даярдалууда жана аны бир-эки аптанын ичинде премьер-министр Дмитрий Медведев тастыкташы керек.

Жаңы долбоор долларга байланыштуу операцияларга эч кандай чектөө киргизбеген абалда башка улуттук валюталар менен эсептешүү үчүн кеңири шарттарды түзүүгө каратылган.

Долбоордун талкуусуна ВТБ жана башка ири экспорттук банктар катышууда. Кабарда келишинче, өкмөттүн негизги максаты – бизнес үчүн эч кандай жоготууларсыз башка улуттук валюталарда эсептешүүгө шарт түзүү.

 Буга чейин ВТБнын башчысы Андрей Костин экономиканын долларга көз карандылыгын жоюу планын сунуштаган.  Ал Россиянын эң ири холдингдеринин активдерин Россия юридикциясына өткөрүүнү о.э. экспорт-импорт операцияларында улуттук валюталардан пайдаланууну сунуштаган. Бул идеяны РФ экономика министри Максим Орешкин жана финансы министринин орунбасары Алексей Моисеевдер тастыктаган.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here