Россия Сирияга С-300 комплексин жеткирип берди

258
0

Россия Сирияга С-300 комплексин жеткирип берди

“Звезда” телеканалы: “Россия убада кылган С-300 коргонуу комплексин Сирияга жеткирип берди”, – деп кабарлады.

“Биз кечээ төрт С-300 системасын Сирияга жеткирип бердик. Алар бардык керектүү блокторду о.э. кошумча радиоэлектрондук блокторду камтыйт ”, – деди Сергей Шойгу президент Владимир Путинге берген отчётунда.

“Звезда” телеканалында эфирге узатылган видеоматериалда Ан-124 учактары Хмеймим аэродромунда С-300 комплексин түшүрүп жатканы көрсөтүлгөн.

Кабарда келишинче, С-300 комплекси 20-октябрга чейин согуштук абалга даяр болот. Алар орнотулгандан кийин Сирия өз аймагына жакын 200 км аралыкты көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

 Белгилүү болгондой, 17-сентябрда (Израиль) аба күчтөрүнүн Сирияга чабуулу учурунда Россиянын аскерий учагы атып түшүрүлүп, 15 аскер кызматкери каза болгон. Ошондон кийин Россия өкмөтү Сирияга заманбап абадан коргонуу каражаттарын жеткирип берерин жарыя кылган.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here