Эрдоган мусулмандар эмне себептен начар абалда экендигин айтты

352
0

Эрдоган мусулмандар эмне себептен начар абалда экендигин айтты

Кечээ күнү Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган БУУнун саммитине катышуу максатында АКШга барган эле. Бүгүн АКШда Түркия-Америка улуттук биримдик коому (TASC) уюштурган Нью-Йорктогу конференцияда сөз сүйлөдү.

Анда көптөгөн маселелер жөнүндө сөз кылган Эрдоган мусулмандардын бүгүнкү абалы тууралуу да пикирин билдирди: Акыркы жылдарда жүз берип жаткан окуялар баарыбыз үчүн сабак болушу керек. Мусулмандардын дүйнөдөгү маанилүү маселелерге аз таасир өткөрүп жаткандыгынын негизги себебиБир аз мурда Куран аяттары кыраат кылынып, котормосу окулду. Өкүнүчтүүсү, мусулмандар Курандын буйруктарына моюн сунбай жатышат. Мына ошондуктан Ислам дүйнөсү алсырап кетти. Баш ийбегендиги үчүн бул чачырандылык бизди кууратып жатат. РоббибизБардыгыңар Аллахтын арканына (Куръанга) байлангыла жана бөлүнбөгүлө! деп жатат. Уландысында болсо Эгерде бөлүнсөңөр күчүңөр кетет, алсыз болуп каласңар дейт”.

Комментарий:  Таң калычтуу жери, Эрдогандын колунда чоң күч болуп туруп, көптөгөн аймактардагы мусулмандар жардам сураганда жардам бермек тургай, аларга зулум өткөрүп жаткандар менен кызматташып, аларды өлтүрүп жаткандар менен тил бириктирип, андан соң мусулмандар Куранга амал кылбаганы себептүү ушундай абалга түшүп калганын айтып жатат. Ко-ош, Эрдоган Курандагы төмөнкү аятка моюн сунуп жатабы:

وَإِنِ اسْتَنصَرُوكُمْ فِي الدِّينِ فَعَلَيْكُمُ النَّصْر

Эгер алар дин жолунда силерден жардам сурашса, жардам берүү мойнуңарда!” (7:72)

Түркиядагы акыркы шайлоодон кийин мамлекеттик системадагы мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бийлигин, башкача айтканда мамлекеттик бийликти толук колго алганына карабастан, өзүнө каршы чыгып жаткандарды каалаган убакта камакка алып жатканына карабастан, шайлоо кампаниясы учурунда эгерде өзүнө добуш берилсе көптөгөн проблемаларды чечүүнү убада кылышына карабастан, азыркыга чейин мусулмандарга бирер пайда келтире турган мыйзам кабыл албады. Тескерисинче, спорттук мелдештерге  акча тигүү оюндарын (кумарды) дагы да күчөтө турган мыйзамга кол койду. Бирок, Эрдоган мусулмандар Куранга моюн сунбай жатканын айтууда. Ко-ош, Эрдоган Курандагы төмөнкү аятка моюн сунуп жатабы:

يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا إِنَّمَا الْخَمْرُ وَالْمَيْسِرُ وَالْأَنصَابُ وَالْأَزْلَامُ رِجْسٌ مِّنْ عَمَلِ الشَّيْطَانِ فَاجْتَنِبُوهُ لَعَلَّكُمْ تُفْلِحُونَ

“Эй момундар, арак (мас кыла турган ичимдик ичүү), кумар (ойноо), буттар (аларга сыйынуу) жана таякчалар (башкача айтканда, таякчалар менен палчылык кылуу) шайтандын амалынан болгон арам иштер. Демек,(тозоктон) кутулушуңар үчүн алардын ар биринен ыраак болгула!” (5:90)

Эрдоган Мисирге барганда журналисттин: “Азыркы араб дүйнөсүндөгү проблемалардын себеби эмнеде? Бул проблемаларга Исламды чечим деп билесизби?” – деген суроосуна, Эрдоган: “Мен бул сөздү буга чейин да айткан элем. Мен араб дүйнөсүнө илманийликти кеңеш беремин”, – деп жооп берген. Ошентсе дагы уялбастан мусулмандар Куранга моюн сунбай жаткандыгын айтууда. Ко-ош, Эрдоган Курандагы төмөнкү аятка моюн сунуп жатабы:

وَمَن لَّمْ يَحْكُم بِمَا أَنزَلَ اللّهُ فَأُوْلَئِكَ هُمُ الْكَافِرُونَ… الظَّالِمُونَ… الْفَاسِقُونَ

Кимде-ким Аллах түшүргөн дин менен өкүм кылбаса, анда алар кафирлер залимдерфасыктар.” (5:44,45,47).

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here