Душанбеде КМШга мүчө мамлекеттердин өлкө башчылары кеңешинин саммити болот

284
0

Душанбеде КМШга мүчө мамлекеттердин өлкө башчылары кеңешинин саммити болот

27-28-сентябрь күндөрү Тажикстандын борбору Душанбе шаарында  КМШга мүчө мамлекеттердин өлкө башчылары кеңешинин кезектеги саммити болот.

Саммиттин күн тартибинде түрдүү тармактардагы көп тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн учурдагы абалы жана келечегине байланыштуу маселелер орун алган.

О.э. өлкө башчылары 2019-жылы КМШга төрагалык кылуучу мамлекетти, КМШ өлкө башчылары кеңешинин кезектеги жыйыны өтүүчү жер жана убакытты белгилөө маселесин карашып, аймактык жана эл аралык саясаттагы маанилүү маселелер жаатында пикир алмашышат.

Саммиттин соңунда бир катар документтерге, анын ичинде, КМШга мүчө мамлекеттердин өлкө башчыларынын Адам укуктары боюнча дүйнөлүк декларациясы кабыл алынгандыгынын 70 жылдыгына байланыштуу билдирүүсү, Улуу жеңиштин 75 жылдыгына даярдык көрүү жана аны белгилөө боюнча негизги иш-чаралар планы, 2019-2023-жылдарга болжолдонгон кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кызматташтыктагы иш-аракеттер мамлекеттер аралык программасы кабыл алынып, маалыматтык технологиялар тармагындагы кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча кызматташтык туурасындагы келишимге кол коюлушу күтүлүүдө.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here