Франция менен Германия АКШ санкцияларын четтеп өтүү боюнча иш баштады

421
0

Франция менен Германия АКШ санкцияларын четтеп өтүү боюнча иш баштады

Франция жана Германиянын өкүлдөрү АКШнын Иран сыяктуу өлкөлөргө киргизген санкцияларын четтеп өтүү мүмкүн боло турган каржылык чечимдер жана төлөм каналдары боюнча иш баштагандыгын билдиришити.

“Bloomberg” маалымат агентигинин кабарлашынча, талкууларга Британия да катышууда. Аталган өлкөлөр АКШ санкцияларын айланып өтүүгө мүмкүнчүлүк берүүчү алтернативалык системаларды түзүү үчүн борбордук банктарын тартуу мүмкүнчүлүгүн караштырууда.

Франциянын финансы министри Бруно Ле Мэрдин айтышынча, Париж менен Берлин эки тараптуу же жалпы Европа көз карандысыз каржы каналдарын түзүүнү талкуулап жатышат.

“Мен Европаны вассал эмес, суверендүү континент катары көрүүнү каалайм жана ал үчүн бүгүнкү күндө жок болгон, каржылоонун толук көз карандысыз системасы зарыл”, – деди Ле Мэр.

Анын айтымында, учурдагы каналдардан, анын ичинде Европа инвестициялык банкынан пайдалануу өтө татаал болот, себеби, АКШ алардын операцияларына кыйыр түрдө таасирин тийгизиши мүмкүн.

Ал эми, Германиянын тышкы иштер министри Хайко Маастын билдиришинче, Европа Союзу төлөмдөрдү көбүрөөк көз карандысыз кылуу үчүн SWIFT сыяктуу төлөм каналдары жана системаларын модернизациялоо боюнча сунуштардын үстүндө иштеп жатат.

“Вашингтондун санкциялар саясаты бизди жооп берүүгө мажбур кылууда. АКШ Россияга, Кытайга, Түркияга жана биздин маанилүү соода өнөктөштөрүбүзгө каршы, келишпестен туруп көп жолу санкцияларды киргизгенде, бул Европага, айрыкча Германияга таасирин тийгизет”, – деди Маас.

Акыркы кездерде АКШ менен Европанын мамилеси курчуй баштады. Буга АКШ президенти Дональд Трамп жүргүзүп жаткан соода саясаты жана Ирандын ядролук программасы себеп болууда.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here