АСАД КҮЧТӨРҮ ООР ЖОГОТУУГА ДУУШАР БОЛДУ

346
0

Сирияда оппозициялык күчтөр Асад режими каршысында улуу жеӊиштерге жетишти. Дамаскта 7 аймакты колго алган “Жабхатун Нусра”  жана “Ирак Шам Ислам мамлекети” жамааттары Асаддын жүздөгөн аскерлерин өлтүргөндүгүн жана Хизбулланын адамдарынан 50 аскерди туткунга алгандыгын маалымдады.

Өлгөндөрдүн арасында акчага жалданган россиялык, кореялык, ирандык жана сербиялык аскерлер да бар экендиги кабарланды. Хизбуллага тийиштүү жана акчага жалданган аскерлердин өлүп жаткан сүрөттөрү басылмаларга чыга баштады. Алардын арасында  түндүк кореялык 4 аскер да өлтүрүлгөн.

О.э. чабуулдарда “Жабхатун Нусра”  жана “Ирак Шам Ислам мамлекети” жамааттарынын өтө көп курал-жарактарды колго түшүргөндүгү кабарланды. Колго алынган курал-жарактардын ичинде 900 орус снайпери жана 100 калашников автоматы бар экендиги айтылууда.

Кабарларда айтылышынча, бул чабуулда Асад күчтөрү оор жоготууга дуушар болгон. Хизбулла аскерлеринен 50 адам туткунга түшүрүлгөндүгүнөн тышккары, көчөлөр Хизбулла менен Асаддын аскерлеринин өлүгүнө толуп кеткен.

Бул чабуулда Россия жана Кореядан тышкары Асад күчтөрүнүн сабында согушуп жаткан Мисир, Пакистан жана Афганистандан келген жалданма аскерлер да өлтүрүлгөн.

Төмөндөгү адрестер аркылуу картадан “Жабхатун Нусра”  жана “Ирак Шам Ислам мамлекети” жамааттарынын кол астына өткөн аймактарды көрүүгө болот.

https://wikimapia.org/#lang=tr&lat=33.475017&lon=36.513963&z=15&m=b

https://wikimapia.org/#lang=tr&lat=33.507264&lon=36.519113&z=16&m=b

https://wikimapia.org/#lang=tr&lat=33.485827&lon=36.541858&z=15&m=b

https://wikimapia.org/#lang=tr&lat=33.504759&lon=36.566019&z=14&m=b

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here