ӨЗҮНҮН БАЙЛЫКТАРЫНА ЭЭ БОЛБОГОН ӨЗБЕКСТАН КАЛКЫ

366
0

Колонизатор мамлекеттер тарабынан, айрыкча, АКШ башчылыгында түзүлгөн о.э. негизги милдети үчүнчү дүйнө мамлекеттерин карызга батырып, экономикалык жактан колония кылып берүүдөн турган Эл аралык валюта фонду таркаткан маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө Өзбекстандын тышкы карызы 7 миллиард 100 миллион долларга барабар. Эгерде муну ар бир адамга бөлүштүрө турган болсок, бөбөктөрдү да кошуп эсептегенде ар бир өзбекстандык жаранга, 238 доллардан туура келет. Демек, ар бир төрөлүп жаткан наристе мойнунда 238 доллар карыз менен төрөлүүдө жана бул көрсөткүч жыл өткөн сайын өсүп жатат. Себеби, 2012-жылдагы карыз ушундай бөлүштүргөндө ар бир адамга 225 доллардан туура келген эле.

Өзбекстан алтын, уран, жез, газ, нефть жана башка пайдалуу кен байлыктар запасы боюнча дүйнөдө алдыӊкы орундарда турат т.а. алтын запасы боюнча дүйнөдө төртүнчү аны казып алуу боюнча жетинчи (2012-жылы 90 тоннадан ашык алтын казып алынган), жездин запасы боюнча онунчу, уран запасы боюнча жетинчи, казып алууда он биринчи орунда турат.

Булардан тышкары, Өзбекстанда 1800 кенден турган пайдалуу казылмалар бар болуп, алардын миӊге жакынынан пайдаланылууда жана 118 түрдөгү минералдык сырьё бар болуп, алардын 65нен пайдаланылууда. Адистер тарабынан Өзбекстандын минералдык запастары болжол менен 3,5 триллион долларга барабар деп бааланган.

“Өзбекнефтегаз” улуттук холдинг компаниясы жаратылыш газын казып алуу боюнча дүйнөдө 11-орунда турат жана ар жылы 60-70 млрд куб.метр газ казып алат.

Казып алынган бул газдан 17 млрд метр. куб Россияга, 4 млрд метр.куб Тажикстан жана Кыргызстанга экспорт кылынат. О.э. Кытай менен түзгөн келишим боюнча газ жеткирип берүүнү баштады. Бул келишимге ылайык, Өзбекстан Кытайга ар жылы 10 миллиард метр.куб газ жеткирип бериши керек. Өзбекстан өкмөтү экспорт кылынган газдын ар бир миӊ кубометрин дүйнөлүк базардагы баа менен т.а. 311 доллардан сатат. Газды сатуудан түшүп жаткан каражаттардын кайда жумшалып жаткандыгы жашыруун бойдон ала берет. “Өзбекстан – Кытай” газ түтүгү толук иштей баштаган соӊ Өзбекстан Кытайга ар жылы 25 млрд метр. куб газ жеткирип берүүнү пландаштырууда.

Өзбекстанда нефтинин геологиялык запасы – 5 млрд тоннага, тастыкталган запасы – 530 млн тоннага, жаратылыш газынын геологиялык запасы – 5 трлн метр. кубга, тастыкталган запасы – 3,4 трлн метр.кубга барабар жана ар жылы 3,5 млн тонна нефть казып алынат.

Буларга кошумча, Өзбекстанда ар жылы 3,5 миллион тоннага жакын пахта терип алынат жана 1 миллион тоннанын тегерегинде пахта буласы алынат.

Өзбекстан ар жылы 15 миллиард доллардан ашык пахта, алтын, уран, жаратылыш газы жана минералдык жер семирткичтерди экспорт кылат.

А бирок, ушунча байлыктарга ээ болушуна карабастан Өзбекстан карыз үстүнө карыз алууда о.э. өз калкын карыз баткагына батырууда.

Өзбекстан калкы болсо акыркы он жылдыкта газ жана свет таӊкыстыгынан кыйналып келет. Адамдар кыштын катуу суугунда үйлөрүн кантип ысытуу, перзенттерин суукка алдырбай ама-эсен жазга алып чыгуу проблемасы менен алек болуп келишет. Бензин тартыштыгынан улам АЗС алдында бир нече километрге созулган кезектерде сааттап күтүү да өзбекстандыктар үчүн адаттагы эле абал болуп, бийликтегилердин байлык көбөйтүү булагына айланып калган.

Аллах Субханаху ва Таала бардык исламий жерлерди табигый байлыктарга бай кылып жараткан. А бирок, ач көз капиталисттик түзүм адамзаттын башына алып келген кырсык себептүү бардык исламий Үммөт өкүлдөрү, ошолордун катарында Өзбекстандын калкы да жакырчылык жана кордукта күн өткөрүүдө.

Себеби, бул батыл түзүм бардык иштерин материалдык кызыкчылык негизине курат, алтын, нефть, уран жана башка түгөнбөс жалпы элдик байлыктарга жеке адамдын ээлик кылышына жол ачып берет. Колониялары сырьё базасы болуп калышы үчүн алардын оор өнөржай жана аскерий өнөржайды өнүктүрүшүнө жол койбойт о.э. мусулмандардын үстүнө өз кызыкчылыктарын толук ишке ашырып бере турган, өздөрүнө ишенимдүү малай акимдерди отургузуп коёт.

Ошондуктан да Өзбекстандагы калктын ырыскысына сүлүктөй жабышып алган, калкты саясий жана экономикалык зулумдар астында жакырчылык даражасына түшүрүп койгон Каримов башчылыгындагы саясат жана анын үй-бүлөсү мамлекетти бүгүнкү абалга алып келип койду. Кээ бир булактарда кабарланышынча, алтын жана уран казып алууну көзөмөлүнө алган, канча алтын жана уран казып алынышын мамлекеттик жашыруун сыр даражасына көтөргөн Каримов үй-бүлөсүнүн бүгүнкү күндөгү жалпы байлыгы 20 миллиард доллардын тегерегинде деп бааланат.

Улуу Британиянын Өзбекстандагы мурунку элчиси Крейг Мюррей айткандай, Өзбекстан экономикасы ушунчалык даражада жабык болгону себептүү Каримов үй-бүлөсү байлыгынынын чыныгы көлөмүн билүү мүмкүн эмес. Анын байлыгы мындан бир нече эсеге көп болушу да мүмкүн.

Ушунча байлык жана мүмккүнчүлүктөр ичинде жашап, буларга ээлик кыла албай, акча табуу үмүтүндө чет өлкөлөрдө кыйналып жүргөн миллиондогон өзбекстандыктардын мындай абалга түшүүсүнө Каримов режими жана ушул батыл түзүм себепкер эмеспи?

Бул жакырчылык, карыз, кордук жана зулумдардан кутулуунун жолу дагы кайрадан Исламга кайтууда эмеспи?

Исламий Халифалык мамлекети Дүйнөлүк банк, Эл аралык валюта фонду сыяктуу уюмдарга мүчө да болбойт жана алар менен мамиле да кылбайт. Кандай  болгон күндө да башка мамлекеттерден карыз албайт. Жер титирөө, бороон сыяктуу сыяктуу табигый кырсыктарда каражат бар болсо байтулмалдан жумшайт. Байтулмалда каражат жок болгондо калктын бай катмарына керектүү болгон өлчөмдө салык салат. Салык чогулушуна көп убакыт кете турган болсо, бай жарандардан карыз алып турат. Салык чогулгандан кийин аларга карызын кайтарып берет.

Умумий мүлк (жалпы элди мүлк) мамлекет тарабынан көзөмөлдөнүп, бирер адамга умумий мүлккө ээлик кылууга уруксат берилбейт. Алтын, күмүш, нефть, газ, суу жана жайыттар умумий мүлк болуп, бардык мусулмандар бул нерселерде шерик болушат. Халифа бул умумий байлыктардан түшкөн каражатты өз ижтихадына ылайык, Үммөткө пайдасы бар деп эсептеген орундарга жумшайт жана бул байлыктардан бардык мусулмандар бирдей пайдаланышын көзөмөлдөйт. Ибн Аббас риваят кылышынча, Расулулла саллаллаху алайхи ва саллам:

«اَلْمُسْلِمُونَ شُرَكَاءُ فِى ثَلاَثٍ فِى الْمَاءِ وَالْكَلَإِ وَالنَّارِ»

“мусулмандар үч нерседе; сууда, отто жана жайытта шерик”, – деген.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here