Акыркы маалыматтарга ылайык, Орусия менен Украина дүйнө жүзүндө аракты эң көп ичкен өлкө болуп табылды. Ал эми Борбор Азияда болсо Казакстан биринчи, Кыргызстан экинчи орунда турат.
Кыргызстанда жылына 101,8 миллион литр алкоголдук ичимдик ичилет, анын 47 пайызы сыра, 40 пайызы арак, 6 пайызы шарап. Республикалык наркология борборуна жылына 2 миңдей киши аракка ууланып түшөт.
Бишкектеги сатуучулардын айтымында, нандан кийин эле эң көп сатылган товар – спирттик ичимдиктер. Демек, бул дегени спирттик ичимдиктер негизги муктаждык катары колдонулат дегени.
Араккечтиктен жабыркагандардын көбү боордун цирроз оорусу, мээнин шишип кетүүсү, ашказандын каноосу, сарык, ашказан, өпкө, жүрөк, кант диабети сыяктуу илдеттер менен оорушса деле ичкенди токтотушпайт. Эң эле өкүнүчтүүсү – аракечтик жаштар арасында көбөйүүдө. Мисалы, спирттик ичимдиктерге ууланып кайрылгандардын арасында мектеп жашындагы балдар да кездешет.
Кыргызстанда 14 жаштан улуу атуулдардын саны болжол менен 3 миллион болсо ошонун 85 пайызы ичимдик ичет жана 25 пайызы алкоголизм илдетине чалдыккан. Айрыкча жаш кыздардын сыра ичүүсү акыркы мезгилде көнүмүш адатка айланууда. Негизи, “сырадан татканын, алкоголго батканын” деген эле кеп.
Айрым адистердин айтымында, ичимдиктин туткуну болбош үчүн спорт менен машыгып, интеллектуалдык иш-чараларды аткарып, бош убакытты туура пайдалануу зарыл экен. Бул чечимди карап коргондо, эгерде бош убакытты туура пайдалануу менен эле араккечтиктен арылып кетсек, анда СССР учурунда башы менен жер казып иштеген жана коомдук иштерден колу бошобогон эл бул көйгөйдөн арылып кетпейт беле…
Коомчулукта болсо, аракты ден соолукка зыян алып келбегендей өлчөмдө жана туура жерде ичүү керектиги аңдалса гана, адамдар туура чечим тапкан болор эле деген пикир кангып журот. Негизи, бул пикир Батыш кафирлери тарабынан мусулмандарды араккеч кылуу учун илгертен бери эле тыгыштырылып келе жаткан пикир. Мына ушул пикирди бетке кармап журуп, калкыбыз мына ушундай мышык ыйлачу абалга келди. 85% ичимдикке тап койгон жаштарыбыздан эртен эмнени кутууго болот. Ойлонбойлубу?!
Мунун каршысында, ыйманга карай ыктаган жашьарыбызды коруп, конул сооронот. Анткени, Ислам араксымалдардын баарын арам кылган жана андан тамчы таткандарды да, сазына баткандарды да куноокор эсептейт. Ошондуктан, мусулмандар андан татмак тургай, кийимине тамчылатып алгандан качат. Ушундан улам, мусулманчылыгын тутунган бабаларыбызда эч качан араккечтик деген маселе болгон эмес.
Эй эл-журт, деги силер кимдерге ээрчип араккечтикке кабылдынар? А эми чечимди каяктан издеп жатасынар? Ойлонбойсунарбы?!