Яхудий аскерлеринин нааразылыгы: чындыгы жана кесепеттери

15
0

Яхудий аскерлеринин нааразылыгы: чындыгы жана кесепеттери

«Учкучтар, аскер-деңиз флотунун ардагерлери жана башка адамдардын атынан бир эле билдирүүлөр кайталанууда. Булардын бири да биздин аскерлердин атынан жазылган эмес, баары чет жактан каржыланган уюмдар тарабынан башкарылган бир ууч сасык адамдар тарабынан уюштурулган. Максаты оңчул өкмөттү кулатуу». Бул тууралуу яхудий өкмөт башчысы Нетаньяху Газага каршы жүргүзүлүп жаткан жапайы согушту токтотууну жана туткундарды кайтарууну талап кылган нааразылык кайрылууларга жооп берип жатып айтты. Ал муну менен нааразылык билдирүүлөрдү өзүнүн саясий кызыкчылыктары үчүн согушту улантууга аракет кылып жатат деп айыптагандарга жооп берди.

2023-жылдын 7-октябрында Газанын баатыр уулдары баштаган окуялардан кийин, яхудий мамлекети Газаны жана анын тургундарын толугу менен жок кылуу үчүн акылсыздык менен согуш баштаган. Бул согуш дүйнө жүзүнүн көз алдында жана кулагы угуп тургандарга ачык-айкын согуш кылмыштары менен коштолууда. Батыш өлкөлөрү сөз жүзүндө коргогон эл аралык мыйзамдарды, келишимдерди, элдин каны менен ар-намысы тебеленишин тоготпой жатат. Бул зулумдуктар Американын түздөн-түз колдоосу жана мусулман өлкөлөрүнүн бийликтеги куурчак башкаруучуларынын кутуму менен ишке ашууда.

Согуштун башында Нетаньяху үч негизги максатты жарыялаган: ХАМАСты жок кылуу, туткундарды кайтаруу жана келечекте Газадан коркунуч жаралбоосун камсыз кылуу. Бул аркылуу ал Газадагы бир ууч мужахиддин колунан жоготкон аброюн кайтарууну көздөгөн.

Бирок 18 айдан ашык убакытка созулган өлтүрүү, кыйратуу жана кылмыштардан кийин, бул кандуу согуш яхудий мамлекетинин алсыздыгын жана аскерлеринин согушка жараксыздыгын бүт дүйнөгө далилдеди. Ошондон бери Нетаньяхунун айласы кетип, өчөшүүсү күчөдү. Айрыкча, анын үстүнөн козголгон кылмыш иштери, өкмөтүнүн кыйрашы жана саясий жашоосунун аякташы, күн сайын согушка каршы чыгып жаткан элдин демонстрациялары анын абалын ого бетер оорлотту. Ошондуктан, ал көңүлдү буруу максатында Ливан менен Сирияны да согуш чөйрөсүнө тартууга аракет кылып жатат. Бул менен ал ички нааразылыкты басуу жана Газага каршы согушка дүйнөлүк коомчулуктун өсүп жаткан каршылыгын азайтуу максатын көздөйт. АКШ болсо бул максаттарга жетиш үчүн ага улам-улам мүмкүнчүлүк берүүдө. Аллах Таала айтты:

﴿إِنَّ الَّذِينَ كَفَرُوا يُنفِقُونَ أَمْوَالَهُمْ لِيَصُدُّوا عَن سَبِيلِ اللهِ فَسَيُنفِقُونَهَا ثُمَّ تَكُونُ عَلَيْهِمْ حَسْرَةً ثُمَّ يُغْلَبُونَ وَالَّذِينَ كَفَرُوا إِلَى جَهَنَّمَ يُحْشَرُونَ﴾

«Албетте, каапыр болгон кимселер байлыктарын адамдарды Алланын жолунан тосуу үчүн иштетишет. Анан, аны сарпташат го, кийин ошол(байлыктары) өздөрүнө өкүнүч болот, кийин жеңилишет. Каапыр кимселер тозокко ташталышы үчүн топтолушат. Дал ошолор зыян көрүүчүлөр. (Анфал сүрөсү, 36-аят)

Бул куфурдун жана анын ээлеринин чыныгы жүзү. Газадагы бир туугандарыбыздын эрктүүлүгү жана туруктуулугу Америка, Батыш өлкөлөрү жана мусулмандардын арасындагы саткын башкаруучулар тарабынан түздөн-түз колдоого алынган бул зулум согуштун бүт кандуу, кыйратуучу мүнөзүнө карабастан душмандын эсебин бузду. Бул Батыштын өзү үчүн коркунучту арттырды жана аймакты көзөмөлдөн чыгарып алуу мүмкүнчүлүгүн көбөйттү. Мындай кырдаалда АКШнын президенти Трамп шашылыш түрдө Нетаньяхуну чакырып алды. Бирок бул жолку жолугушууда Нетаньяхунун абалы мурункудай болгон жок. Трамп ага Иран жана Түркия маселелеринде талаптарды койду. Экөө тең АКШнын орбитасында айланып жүргөн өлкөлөр эле. Ал тургай, айрым маалыматтар боюнча, Трамп Нетаньяхуга согушту 2-3 жума ичинде токтотуу талабын коюп, аны сотко келип жооп берүүгө мажбурлады.

Ушундай шартта, яхудий армиясынын ар кайсы тармактарынан учкучтардан, жөө аскерлерден, артиллериядан, элиталык күчтөрдөн, Моссаддан, дарыгерлерден жана академиктерден чыккан нааразылык жана баш ийбөө Нетаньяху өкмөтүнө кошумча басым куралы болуп калды.

Бул жерде суроо туулатю Бул нааразылыктар жана демонстрациялар яхудий түзүмүнө түздөн-түз коркунуч жаратабы?

Мунун жообу катары мындай деп айта алабыз. яхудий мамлекетин каапыр Батыш дүйнөсү Ислам өлкөлөрүнүн жүрөгүнө сайылган жебе катары орноткон. Ал Батыш үчүн алдыңкы аскердик база кызматын аткарат. Мындан сырткары, бул түзүм Батыш динчилдеринин ишениминде өзгөчө рол ойнойт. Алардын ишенимине ылайык, бул мамлекетти колдоо жана анын жашап калышы, алардын куткаруучусунун (мессианын) кайтып келишин тездетет. Ошондуктан, бул түзүмдү күчтүү абалда сактоо алардын башкы максаты. Бирок, 18 ай бою тынымсыз өлтүрүү, кыйратуу жана зулумдуктардан кийин яхудий мамлекети өзү жарыялаган максаттарынын бирин да ишке ашыра алган жок. Муну бүтүндөй дүйнө көрүп, алсыздыгын, жалган күчүн (кагаз жолборс экенин) аңдап калды. Эл болсо бекем туруштук берди, Трамп айткан утопиялык сунуштарды четке какты.

Мындай жагдайда, Америка реалдуулукту моюндап, яхудий түзүмүнүн чыныгы абалын түшүндү. Ошол эле учурда АКШ өзү да чоң маселелер менен алек болуп турат. Кытай, Европа, Орусия маселелери, ички саясий бөлүнүү, триллиондогон долларларды жуткан соода согуштары жана келечекте көзөмөлсүз калуучу кооптуу кырдаалдар. Мисалы, чет элдик күчтөрдүн аймактагы таасири үчүн АКШ менен тиреши же Батыштын агенттерине карата өз армияларындагы мусулмандардын жек көрүүсүнөн чыккан ички кагылыштар.

Мындай шартта Америка согуш менен жетише албаган максаттарына саясий кутум жана дипломатиялык ыкмалар менен жетүүнү көздөй баштады. Ошондуктан алар өздөрүнүн Египеттеги кызматкери Сисиге согушту токтотуу жана келишимге келүү демилгесин көтөрүүнү буюрду. Бул демилге яхудий туткундарын бошотуу, ХАМАСтын куралсызданышын шарт катары коюп, өлтүрүү жана кыйратууну токтотуу максатын көздөйт.

Эй мусулмандар жана Ислам жоокерлери!

Палестина — бул Исро жана Мираж болгон ыйык жер, ага болгон байланышыбыз ишенге, акыйдага таянган байланыш. Бүгүн мусулман элдери бул жерге жардам берүүнү каалап күйүп турушат, силер дагы ошол үммөттүн бир бөлүгүсүңөр. АКШ жана анын орнотуп койгон базасы болгон яхудий түзүмү, Батыш өлкөлөрүнүн баары бүгүн ачык-айкын алсыздыкта жана бөлүнүп-жарылуу абалында турат. Бул окуялар силер үчүн Аллах Тааланын тартуулаган мүмкүнчүлүгү. Эми батыштык каапырларга кулча моюн сунган, кор болгон, саткын бийликтер менен болгон байланышты үзгүлө. Байланышты Аллах Таала менен түзгүлө. Ал Өзүнүн алсыз кулдарына жардам берүүчү кудуреттүү Зат.

Ошондуктан, колуңарды Хизб ут-Тахрирдин колу менен бириктиргиле, аларга нусрат бергиле, жана Пайгамбарыбыз ﷺдын жолун жолдогон экинчи Халифалыкты тикелөөгө жардамдашкыла. Ошондо, иншаАллах, силер Саъд жана Усайд сыяктуу Пайгамбарыбыз ﷺды колдогондордон болуп, Анын сүйүктүүлөрүнөн болосуңар. Ошондо бул жерлер жана элдер бошотулуп, адилеттүүлүк жана тынчтык орнойт. Бул Аллах үчүн эч оор эмес.

Ошондуктан силерге чакырык таштайбыз, Аллахка касам, мына ушул жол дүйнө жана акырет бактысына жетүүнүн жолу. Болбосо, Аллах сактасын азапка кабылуучулардан болосуңар:

﴿إِلَّا تَنفِرُوا يُعَذِّبْكُمْ عَذَاباً أَلِيماً وَيَسْتَبْدِلْ قَوْماً غَيْرَكُمْ وَلَا تَضُرُّوهُ شَيْئاً وَاللهُ عَلَى كُلِّ شَيْءٍ قَدِيرٌ﴾

«Эгер (согушка) чыкпасаңар, (Алла) силерди жан чыдагыс азап менен азаптайт жана ордуңарга башка бир коомду келтирет. Силер болсо Ал Затка бир да зыян жеткизе албайсьңар. Алла бардык нерсеге кудуретүү». (Тообо сүрөсү, 39-аят).

Доктор Абдул Илах Мухаммад

Иордания вилаяты

Роя гезити

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here