Амалдарды өлчөөдөгү туура тараза

13
0

بسم الله الرحمن الرحيم

Амалдарды өлчөөдөгү туура тараза

Ар бир сөздүн жана амалдардын туура же туура эмес экенин аныктай турган өлчөөсү болот. Социализмдеги өлчөө мамлекет тарабынан кабыл алынган мыйзамдар сөз жана иштердин туура же туура эмес экенин аныктаган өлчөөсү болгон. Ал мыйзамдарда бардык чоң-кичине нерсенин өлчөөсү мыйзамдар менен белгиленген, жада калса, адамдарга пайдалуу болсо да мыйзамда көрсөтүлбөгөн болсо кылмыш эсептелген. Маселен, таштандыга ыргытылган мал же койдун терисин аштап, инсандар үчүн пайдалуу материал кылган тери өндүрүү кылмыш эсептелген же Куръандан таалим алуу же таалим берүү да кылмыш болуп саналган.

Капитализмде болсо адамдарды бир ишке мажбурлабастан кылынган ар кандай сөздөрдүн, амалдардын туура же туура эмес экенин аныктаган өлчөөсү пайда-зыян болуп, ар бир адам өзү үчүн пайдалуу деп билген сөз жана амал туура, зыяндуу деп билген сөздөр, амалдар туура эмес болот. Болгону бул иши менен башкалардын эркиндигине кедергисин тийгизбестиги шарт кылынат. Бирок калкта идеология жоктугунан улам бийликтин сызган сызыгынан чыкпаган ЖМКлар эмнени туура десе ошол нерсе туура, эмнени туура эмес десе ошол нерсе туура эмес болуп калды. Жада калса эркин пикирлеп, өз пикирин айткан инсандар да кылмышкер болушууда.

Ал эми, Исламда сөздөр жана амалдардын өлчөөсү халал-харам т.а. шариат эмнени туура десе ошол нерсе туура, эмнени туура эмес десе ошол нерсе туура эмес болот. Жада калса аткарылышы зарыл болгон фарз-важибдерди зарыл деп билүү, же аткарууга үндөлгөн суннаттарга суктанып, чакыруу да, аткарылышы кескин тыюу салынган харамдарга эч качан жол бербөө керек деп билүү, же макрухтардан мүмкүн болушунча сактануу кажет, мубахка каршылык да, чакыруу да болбойт деп ишенүү, моюн сунуп, ыраазы болуу – бул Ислам. Аллах Таала айтат:

فَلَا وَرَبِّكَ لَا یُؤۡمِنُونَ حَتَّىٰ یُحَكِّمُوكَ فِیمَا شَجَرَ بَیۡنَهُمۡ ثُمَّ لَا یَجِدُوا۟ فِیۤ أَنفُسِهِمۡ حَرَجࣰا مِّمَّا قَضَیۡتَ وَیُسَلِّمُوا۟ تَسۡلِیمࣰا

“Жок, Роббиңе ант болсун, тээ алар өз ортолорунда чыккан келишпөөчүлүктөрдө сени өкүмдар кылышмайынча жана кийин сен чыгарган өкүмдөн дилдеринде эч кандай мүчүлүштүк таппай, толук моюн сунушмайынча эч качан момун боло алышпайт!”. [4:65].

Демек, ыймандын, момундуктун шарты – ар бир нерседе Пайгамбарды (с.а.в.) т.а. Ислам динин өкүм чыгаруучу кылуу зарылдыгы. Момун-мусулманмын деген адам, исламий деген коом өзүнүн ар бир ишин Исламдын өкүмү негизинде алып барышы керек. Ошону менен бирге, ушул өкүмгө да ичинен толук ыраазы, сыртынан бүтүндөй моюн сунушу керек. Бул акыйкатты Аллах Таала касам менен баса белгилеп айтууда. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) да өз хадисинин биринде:

لا يُؤمِنُ أحدُكُم حتَّى يكونَ هواهُ تَبَعًا لما جئتُ بهِ

“Көңүл-каалоо мен алып келген нерсеге моюн сунмайынча, бир да адам момун боло албайт – деген.

Социалисттик түзүм тарыхка айланган болсо да кээ бир кеп-сөздөрү мамлекет тарабынан кабыл алынган мыйзамдарга өлчөө болуп келүүдө. Кээде капиталисттик түзүмдүн таасиринде пайда-зыян өлчөө болуп калууда. Айрыкча, бийликтеги таасирлүү кишилер өздөрүн мусулманбыз деп билишсе да, эч нерсеге карабастан, пайда-зыянды өлчөө кылып алышууда. Жада калса, учурда аалымдарыбызда, имам-дамлаларда да шаръий өлчөөлөр өз кыйматын жоготту, шайтаний өлчөөлөр өкүмдар болуп калды. Абдуллах ибн Аббастан (р.а.) кылынган риваятта Расулуллах (с.а.в.) мындай деген:

إنَّ الشيطانَ قد يَئِسَ أن يُعبَدَ بأرضِكم ، و لكن رضِيَ أن يُطاعَ فيما سِوى ذلك مما تُحاقِرون من أعمالِكم ، فاحْذَروا ، إني قد تركتُ فيكم ما إن اعتصمتُم به فلن تَضِلُّوا أبدًا ، كتابَ اللهِ ، و سُنَّةَ نبيِّه

Албетте, шайтан силердин өлкөңөрдө ага сыйынышыңардан үмүтүн үздү. Бирок (ширктен) башка орундарда, силер маанилүү эмес деп эсептеген амалдарыңарда ага итаат кылууга ыраазы болдуңар. Этият болгула! Албетте, мен силерге ушундай бир нерсени калтырып жатамын, эгер аны бекем кармасаңар таптакыр адашпайсыңар: Аллахтын Китеби жана пайгамбардын Суннаты. (Хаким жана Байхакий риваяттары).

Акыркы доорлордо момундарда пикирлөө төмөндөшкөндүктөн шаръий өлчөө өзгөрдү, жада калса таква деп таанылган момундардын өлчөөсүндө да салыштырып өлчөө жайылды. Бир инсан, же пикир, же түзүм акыйкат менен батылды айырмалаган шаръий өлчөө менен эмес, тескерисинче башкасы менен салыштырып өлчөнүп калды. Динсиздик өкүмдар болгон социалисттик түзүмгө же динге катуу каршылык кылып жаткан башка мамлекеттерге салыштырып, демократияны негиз деп, куфр менен өкүм кылып жаткан болсо да, президентти, бийликти мактап, Аллах Тааланын өкүмүнө каршы чыгып жаткан инсандар, айрыкча, уламалар, имам-дамлалар Кыяматта, Аллах Тааланын алдында кантип жооп беришер экен? Акыйкатта болсо, Аллах Таала “Маида” сүрөсүнүн 44, 45, 47-аяттарында Куръан жана хадистерден башка нерсе менен өкүм кылгандарды кафирлер, залимдер, фасыктар деп өкүм чыгарган. Эмнеге аларды амру-маруф жана нахий-мункар кылуунун ордуна тескерисинче аларды алкыштап жатасыңар?! Аллах Тааладан коркпойсуңарбы, Аллах Таалага кайсы жүзүңөр менен жолугасыңар?!

Же зынага салыштырып, махрам эмес эркек менен аялдын хилватта (обочолонуп жалгыз) калышына, аялдар аврат эсептелген жайларын ачып көчөлөрдө, коомдук жайларда жарым жылаңач жүрүшүнө эмнеге этибар бербей жатасыңар, зынаны харам кылган Аллах аларды да харам кылган го?! Хузайфа ибн Йаман (р.а.) Расулуллахтан (с.а.в.) риваят кылат:

مَنْ لَا يَهْتَمُّ بِأَمْرِ الْمُسْلِمِينَ فَلَيْسَ مِنْهُمْ، وَمَنْ لَا يُصْبِحُ وَيُمْسِي نَاصِحًا لِلَّهِ وَلِرَسُولِهِ وَلِكِتَابِهِ وَلِإِمَامِهِ وَلِعَامَّةِ الْمُسْلِمِينَ فَلَيْسَ مِنْهُمْ

Ким мусулмандардын ишине маани бербесе, ал инсан мусулмандардан эмес. Ким күндүзү, түндөсү болбосун Аллахка, Расулуна, Китебине, имамдарына (жетекчилерине), жалпы мусулмандарга насаатчы (т.а. эки жүздүүлүк кылбай, акыйкатты айтуучу) болбосо, ал алардан эмес. (Табароний риваяты).

Же болбосо жеке маселелерге: намаз,орозо, адеп-ахлакка көңүл буруп, бирок коомду өзгөртүүгө маани бербей жатасыңар. Акыйкатта болсо Расулуллах (с.а.в.) рисалаттын үчүнчү жылында эле Меккеде эл алдына чыгып, бут-санамдарга сыйынуу ширк, куфр, акмактык экенин ачык айтып, коомдо “Лаа илаха илла Аллах” өкүмдар болушун жар салган го? Таразадан алдоо сыяктуу куфр өкүмдөрү, кыздарды тирүүлөй көмүү сыяктуу ширк адаттары канчалык туура эмес экенин – адамдардын каршылыгына карабастан – акыл кабыл ала тургандай кылып баян кылууну баштаган го?!  Аллах Таала айтат:

وَإِذَا ٱلۡمَوۡءُۥدَةُ سُىِٕلَتۡ () بِأَیِّ ذَنۢبࣲ قُتِلَتۡ

Тирүүлөй көмүлгөн (ар бир) кыздан кандай күнөө себептүү өлтүрүлгөнү суралганында”. [81:8-9].

Дагы мындай дейт:

  وَیۡلࣱ لِّلۡمُطَفِّفِینَ () ٱلَّذِینَ إِذَا ٱكۡتَالُوا۟ عَلَى ٱلنَّاسِ یَسۡتَوۡفُونَ () وَإِذَا كَالُوهُمۡ أَو وَّزَنُوهُمۡ یُخۡسِرُونَ

(Таразадан) уруп калган кимселерге кыйроо-тозок болсун! Алар адамдардан (бирээр нерсени) өлчөп алганда толо кылып алган, аларга өлчөп же тартып бергенде болсо кем кылып берген кимселер. [83:1-3]. Дагы минтип буйруду:

فَٱصۡدَعۡ بِمَا تُؤۡمَرُ وَأَعۡرِضۡ عَنِ ٱلۡمُشۡرِكِینَ

Демек, сен өзүңө буйрулган ишти (акыйкат динге даават кылууну) аткар жана мушриктерден жүз үйүр. [15:94].

Ажылыкты фарз, умраны суннат кылган Аллах Таала мазлумдарга жардам берүүнү да фарз кылган эмеспи?! Чыгыш Түркстанда уйгурлар, Газада палестиналыктар зар какшап, кыргынга кабылып жатканын көрүп турган Умматтын жардамына үмүт да кылбай калышты. Аллах Тааланын алдында жаннатка кирүүбүзгө каршылык кыларын айтышып, жүрөктөрү эзилип, көздөрүнө жаш алып Аллах Таалага жалбарышууда?! Аларга ким жардам бериши керек, куфр мамлекеттериби, же эл аралык уюмдарбы, же бул Умматтын милдетиби?! Эмнеге унчукпай турасыңар? Жабир ибн Абдуллах (р.а.) Расулуллахтан (с.а.в.) риваят кылат:

ما من امرئٍ يخذل امرءًا مسلمًا في موطنٍ يُنتَقَصُ فيه من عِرضِه، ويُنتهَكُ فيه من حُرمتِه، إلا خذله اللهُ تعالى في موطنٍ يحبُّ فيه نُصرتَه، وما من أحدٍ ينصر مسلمًا في موطنٍ يُنتقَصُ فيه من عِرضِه، ويُنتهَكُ فيه من حُرمتِه، إلا نصره اللهُ في موطنٍ يحبُّ فيه نُصرتَه

“Аброюна зыян жетип жаткан, сый-урматы тебеленип жаткан орунда бир мусулман инсанды ким жардамсыз таштап койсо Аллах Таала да албетте аны Аллахтын жардам беришин каалаган орунда жардамсыз калтырат. Аброюна зыян жетип жаткан, сый-урматы тебеленип жаткан орунда бир мусулман инсанга ким жардам берсе Аллах Таала да албетте ага Аллахтын жардам беришин каалаган орунда жардам берет”. (Абу Давуд риваяты).

Анас ибн Малик (р.а.) Расулуллахтан (с.а.в.) риваят кылат:

انْصُرْ أخاكَ ظالِمًا أوْ مَظْلُومًا. فقالَ رَجُلٌ: يا رَسولَ اللَّهِ، أنْصُرُهُ إذا كانَ مَظْلُومًا، أفَرَأَيْتَ إذا كانَ ظالِمًا، كيفَ أنْصُرُهُ؟ قالَ: تَحْجُزُهُ -أوْ تَمْنَعُهُ- مِنَ الظُّلْمِ؛ فإنَّ ذلكَ نَصْرُهُ.

Бурадарыңар залим болсо да, мазлум болсо да жардам бергин. Ошондо бир киши: “Я, Расулуллах мазлум болсо жардам беремин. Эгер, залим болсо кантип жардам беремин?” деп сурады. “Аны зулумдан тыйып коёсуң. Албетте бул нерсе ага жардам берүү болот – деп жооп берди. (Бухарий риваяты).

Шаръий өлчөөдөн жүз үйрүп, ага жетиштүү маани бербей коюу, Исламдын үрп-адатта маалым болгондоруна гана амал кылып, башка орундарда куфрду ээрчүү натыйжасында бул дүйнөдө кор болдук, каякка барбайлы кулдардай мамиле кылынып акааратта калдык. Кудум чара жоктой, бардык жерде мусулманга күн жоктой акыбалга түшүп калдык. Акыретибизди бул дүнүйөгө сатып, дүнүйө иштерин алдыга коюунун акыбетинде Акыретте да эң катуу азап бар экенинен Аллах Таала эскертүүдө:

 أَفَتُؤۡمِنُونَ بِبَعۡضِ ٱلۡكِتَـٰبِ وَتَكۡفُرُونَ بِبَعۡضࣲۚ فَمَا جَزَاۤءُ مَن یَفۡعَلُ ذَ ٰ⁠لِكَ مِنكُمۡ إِلَّا خِزۡیࣱ فِی ٱلۡحَیَوٰةِ ٱلدُّنۡیَاۖ وَیَوۡمَ ٱلۡقِیَـٰمَةِ یُرَدُّونَ إِلَىٰۤ أَشَدِّ ٱلۡعَذَابِۗ وَمَا ٱللَّهُ بِغَـٰفِلٍ عَمَّا تَعۡمَلُونَ () أُو۟لَـٰۤىِٕكَ ٱلَّذِینَ ٱشۡتَرَوُا۟ ٱلۡحَیَوٰةَ ٱلدُّنۡیَا بِٱلۡـَٔاخِرَةِۖ فَلَا یُخَفَّفُ عَنۡهُمُ ٱلۡعَذَابُ وَلَا هُمۡ یُنصَرُونَ

“… Же Китептин бир бөлүгүнө ишенип, бир бөлүгүн четке кагасыңарбы? Араңардан ким мындай ишти кылса, анын жазасы бул дүйнөдө кордук, ал эми Кыямат Күнүндө катуу азапка ташталат. Аллах силердин кылып жаткан амалыңардан кабарсыз эмес. Дал ошолор Акыреттеги жашоосунун ордуна дүнүйө жашоосун сатып алгандар. Ошондуктан, алардын жазасы жеңилдетилбейт, аларга жардам да берилбейт”. [2:85-86].

Аллах бизди кандай ахвалга түшүп калуубузду билгендигинен бизге туура жолду баян кылды. Адашпастыгыбыз үчүн шаръий өлчөөгө кайтышыбыз керек. Имам Малик бул хадисти риваят кылган: Расулуллах (с.а.в.) коштошуу ажылыгында мындай деди:

تركتُ فيكم أَمْرَيْنِ لن تَضِلُّوا ما تَمَسَّكْتُمْ بهما : كتابَ اللهِ وسُنَّةَ نبيِّهِ صلَّى اللهُ عليهِ وسلَّمَ

“Силерге эки нерсе калтырып жатамын, эгер бекем кармасаңар эч качан адашпайсыңар: Аллахтын Китеби жана пайгамбары соллалоху алайхи ва салламдын Суннаты”.

Аллах Таала айтат:

وَعَسَىٰۤ أَن تَكۡرَهُوا۟ شَیۡـࣰٔا وَهُوَ خَیۡرࣱ لَّكُمۡۖ وَعَسَىٰۤ أَن تُحِبُّوا۟ شَیۡـࣰٔا وَهُوَ شَرࣱّ لَّكُمۡۚ وَٱللَّهُ یَعۡلَمُ وَأَنتُمۡ لَا تَعۡلَمُونَ

“Силер өзүңөр үчүн жакшы (пайдалуу) болгон нерсени жаман көрүшүңөр жана силер үчүн жаман (зыяндуу) болгон нерсени жакшы көрүшүңөр мүмкүн. Аллах билет, а силер билбейсиңер”. [2:216].

Абу Мастур ибн Мухаммад

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here