Трамптын бажы төлөмдөрүн көтөрүүсүнө сереп: капиталисттик түзүм өзүнүн акыркы кризисин жаратууда!
Биринчиден, эске ала турган маанилүү нерсе Трамп саясий чөйрөнүн эмес, капиталисттердин өкүлү. Анын саясаты да капиталисттик компаниялардын максаттары, базар эрежелери жана пайда–зыян ченемдери менен аныкталат. Ал эл аралык мамилелерди базар сыяктуу карайт жана аларды киреше же зыян аркылуу баалайт. Трамп үчүн саясат бул соода жана экономикалык бүтүмдөрдүн топтому. Ошондуктан, ал эл аралык мамилелерде “мамлекет-компаниянын” үстөмдүгүн орнотууга аракет кылууда. Ал эми бажы төлөмдөрүн көтөрүү дал ошол капиталисттик үстөмдүктү башкаруунун куралы болуп саналат.
Демек, бажы төлөмдөрү жана алардын көтөрүлүшү, дүйнөлүк соода жана анын негизги капиталисттик керектөө базарларын түшүндүрөт. Бул базарлар үчөө: Биринчи орунда АКШ, андан соң Европа жана Кытай базары. АКШ дүйнөдөгү эң ири капиталисттик керектөөчү базар болгондуктан, аны Европа же Кытай ашып өтүүсү дээрлик мүмкүн эмес. Себеби европа жана кытай экономикасынын АКШга болгон көз карандылыгы өтө маанилүү жана стратегиялык мүнөздө.
АКШ менен Европа Биримдигинин ортосундагы соода мамилелери дүйнөдөгү эң татаал жана маанилүү болгон мамилелердин катарына кирет. Экөө биригип, дүйнөлүк товар алмашуунун болжол менен 30%ын, ал эми кызмат көрсөтүү соодасынын 40%ын түзөт. Бул дүйнөлүк ички дүң өндүрүштүн жарымына жакын үлүшүнө барабар.
АКШнын Соода палатасы жарыялаган маалыматтарга ылайык, 2024-жылы Америка менен Европа Биримдигинин ортосундагы товар жүгүртүү 975,9 миллиард долларды түзгөн. Бул көрсөткүч эки тараптын ортосундагы терең экономикалык байланышты чагылдырат. Ошол эле маалыматтарга ылайык, 2024-жылы АКШнын Европа Биримдигине товар экспорту болжол менен 370,2 миллиард доллар болгон. Ал эми Европадан АКШга болгон импорт кескин өсүп, 605,8 миллиард долларга жеткен. Бул 2023-жылга салыштырмалуу 5,1% (29,4 миллиард доллар) өсүү дегенди билдирет. Бул Америка менен Европа Биримдигинин ортосундагы соода алаканын көлөмүн жана эки тараптын экономикасына тийгизген стратегиялык таасирин көрсөтүп турат.
Ошондой эле АКШ менен Кытайдын ортосундагы соода мамилелер да маанилүү. АКШ өкмөтүнө караштуу Статистика бюросунун маалыматына ылайык, 2024-жылы Америка Кытайдан жалпы 438,9 миллиард долларлык товар жана продукция импорттогон. Бул көрсөткүч 2023-жылы 426,9 миллиард доллардан жогору болгон. Ал эми АКШ Кытайга 2024-жылы 143,5 миллиард долларлык товар жана продукция экспорттогон.
Бул көрсөткүчтөрдөн көрүнүп тургандай, Европа менен Кытай экономикаларынын АКШ базарына болгон көз карандылыгы өтө маанилүү жана стратегиялык мүнөзгө ээ. Анткени дал ушул АКШ базары Европа жана кытайлык өндүрүш үчүн негизги сатуучу рынок болуп саналат. Ошондуктан, бул базарга альтернатива табуу өтө оор, дээрлик мүмкүн эмес.
Мындан тышкары, Европа менен Кытайдын ортосундагы соода жүгүртүү да жогорку чекке жеткен. Евростат бюросунун маалыматына ылайык, 2023-жылы Европа Биримдиги менен Кытайдын ортосундагы соода жүгүртүү 738 миллиард долларды түзгөн. Бул маалыматтарга ылайык, Кытай Европа Биримдигинин эң ири импорт өнөктөшү болуп калган.
Бул көрсөткүч Европа Биримдигин Кытайдын айрым товарларына тыюу салууга жана демпингге каршы чараларды кабыл алууга түрткү болгон негизги себеп. Башкача айтканда, Европанын Кытай базарына же Кытайдын Европа базарына толук кандуу багыт алышы мүмкүн эмес жана ишке ашуусу четке кагылат. Бул чындыкты Европа парламентинин акыркы баяндамасы дагы тастыктайт. Анда Трамптын бажы төлөмдөрү тууралуу мындай делет: «АКШнын дүйнөнүн башка бөлүктөрүнө бажы төлөмдөрүн киргизүүсү Европа Биримдиги үчүн да көйгөйлөрдү жаратышы мүмкүн. Себеби жабыркаган өлкөлөр өз продукцияларын АКШда сатуу өтө кымбат болуп калгандыктан, аларды Европага багытташат. Бул болсо Европа компаниялары үчүн атаандашууну кыйындаштырат».
Соода көлөмүнөн тышкары, тараптар ортосунда алмашыла турган товарлардын жана кызматтардын түрлөрү да маанилүү. Бул жагдай маселени мындан да татаал кылып, кризисти курчутат. Маселен:
- Кытайдын АКШдан импорттогон товарлары өтө маанилүү: мунай жана газ, майлуу дан өсүмдүктөрү жана дан азыктары, дары-дармектер, билим берүү каражаттары, жарым өткөргүчтөр, авиация жабдуулары жана запастык бөлүктөр, навигациялык шаймандар, өнөр жай жабдуулары ж.б. Булардын ордун Европа толуктай албайт.
Кытайдын АКШга экспорттогон негизги маанилүү товарлары сейрек кездешүүчү металлдар. Трамп бул металлдарды алууда Кытайга көз карандылыктан арылуу үчүн Украинадан алууну көздөп жатат. Ал эми Кытайдан АКШга жөнөтүлгөн калган товарлар боюнча АКШ бул багытта Индияны альтернатива катары көрүп жатат. Индияны АКШ өзүнүн стратегиялык өнөктөшү жана Кытайга карата өндүрүштүк чынжырдын ордуна коюлган альтернатива катары бекемдеген.
2024-жылы Европадан Америкага экспорттолгон эң негизги үч продукт — медициналык жана фармацевтикалык буюмдар, дары-дармектер, ошондой эле транспорт жана автоунаа каражаттары болгон. Белгилүү болгондой, автоунаа соодасы Европа экономикасынын, айрыкча Германия, Франция жана Италия сыяктуу өлкөлөрдүн экономикасынын негизги таянычы болуп саналат. Бул тармак үчүн АКШ базарынын ордуна альтернатива табуу дээрлик мүмкүн эмес. Ал эми, Америка мындай унааларды өз аймагындагы заводдордо өндүрө алат. Ушуга караганда, Европанын же Кытайдын АКШ базарына альтернатива издөөсү реалдуу эмес. Демек, Трамптын Европага жана Кытайга карата бажы төлөмдөрүн киргизүүсүн соода согушу деп атоого негиз болуп берет.
Экинчи стратегиялык пункт, АКШ базарынын көлөмү жана анын Европа менен Кытай үчүн стратегиялык маанисине байланыштуу. Америка менен соода жүргүзүү дүйнөлүк соодада негизги валюта болуп эсептелген долларга жетүүнүн булагы болуп саналат. АКШ түзгөн таңуулоочу эл аралык финансы системасы дүйнө жүзүндө долларды негизги соода валютасы катары орноткон. Бул жагдай Европага жана Кытайга АКШдан экономикалык көз карандылыкты үзүп, альтернатива түзүүнү өтө оор кылат. Учурдагы капиталисттик система шартында АКШ базарынан өтүп кетүү дээрлик мүмкүн эмес нерсе.
Ал эми бул бажы төлөмдөрү Европага кандай таасир берет?
Европа парламентинин баяндамасына ылайык, эгерде АКШ европалык компаниялардын товарларына бажы төлөмдөрүн киргизсе, анда бул товарлар кымбаттап, сатуу көлөмү азаят. Эгер Европа да жооп катары АКШ товарларына бажы төлөмдөрүн киргизсе, анда бул товарлар Европа Биримдигинин керектөөчүлөрү үчүн кымбаттайт. Натыйжада, Европанын экономикалык чыгымы тереңдейт. Бул көйгөйгө кошумча катары, Европанын азыркы энергетикалык кризиси, айрыкча Россия–Украина согушунун кесепети катары жаралган Европанын экономикалык абалын ого бетер оорлотот. Ошондуктан Европа үчүн бул абал экономикалык кризистин күчөшүнө алып келери бышык.
Канада жана Мексика боюнча айтсак, абал өтө оор. Себеби алардын экономикасы АКШга толугу менен көз каранды болгондуктан, бул байланыштан ажыроо дээрлик мүмкүн эмес. Маселен, 2024-жылы Канаданын экспортунун 75,9% АКШга багытталган. Ал эми импортунун 62,2% АКШдан келген. Ал эми Мексика менен АКШнын ортосундагы жалпы соода жүгүртүү (импорт жана экспорт) 839,8 миллиард долларды түзүп, Мексика экинчи жыл катары менен АКШнын эң ири соода өнөктөшү болуп калды. Мындай тыгыз байланыш жана капиталисттик өз ара көз карандылык бул маселени андан да татаал кылат. Капиталисттик альтернатива базарларынын жоктугу же жетишсиздиги капитализмдеги абалды андан ары курчутат жана системанын өзөгүндөгү кризисти ого бетер тереңдетет.
Демек, бажы төлөмдөрүн көтөрүү чечими туш келди кабыл алынган нерсе эмес. Тескерисинче, бул кыска мөөнөттүү киреше издеп, Американын астрономиялык карыздары жаратып кеткен кара тешикти бүтөөгө аракет кылган капиталист президенттин тобокел кадамы болгон.
Бирок саясий суроо ошол бойдон кала берет. Трамптын бул кыска ойлуу соода тобокелдигинин кесепеттери кандай болот?
Чындыгында, Трамптын жаңы бажы саясаты капитализмдин экономикалык философиясына жана эркин базар принциптерине сокку урат. Бажы төлөмдөрү бул дүйнөдөгү алдыңкы капиталисттик мамлекет тараптан калган капиталисттик борборлорго каршы соода согушунда коюлган тосук. Капитализмдин мындай “артка чегинүүсү” бүткүл система үчүн сокку болуп, анын негизги таянычы болгон “эркин экономика” түшүнүгүн кыйратат. Бул капитализмдин кыйроо, чирүү жана маданий өлүм тепкичине киргенин айгинелеген өтө чоң белги.
Бажы төлөмдөрүн киргизүү өндүрүш чыгымдарынын кымбатташын жана керектөөчүлөр үчүн баалардын жогорулашын билдирет. Бул болсо жашоо шарттарынын кыйындашы жана кымбатчылык каптаган турмуштун мындан ары да курчушуна алып келет. Мындан тышкары, бул кадам көптөгөн компаниялардын жеткирүү чынжырын үзгүлтүккө учуратып, алардын банкрот болушуна же сатууларын кыскартууга мажбурлайт. Бул болсо өз кезегинде жумушсуздуктун, кедейчиликтин жана социалдык туңгуюктун өсүшүн билдирет.
Капиталисттик экономиканын кыймылдаткыч күчү ашыкча керектөө менен ашыкча өндүрүш. Бул ашыкча өндүрүш негизинен тышкы базарларга таянып сатылат. Ал эми Трамптын бажы төлөмдөрү дал ушул тышкы базарларды кыйраткан кадам. Бул болсо капиталисттик экономиканын өзүнө сокку болуп, капиталисттик түзүлүштүн кризисин тереңдетип, анын кыйроосун дагы да күчөтөт.
Мындай шартта Ислам идеологиясы альтернативдүү тутум катары алдыга чыгууда жана коомдордун көңүлү ага бурулуп жатканы байкалууда. Анткени адамзат буга чейин капитализмге үмүт артып келген, бирок ал эми кризистен башка эч нерсе алып келе албастыгын көрүүдө. Алла Таала айткан:
﴿وَمَنْ أَعْرَضَ عَن ذِكْرِي فَإِنَّ لَهُ مَعِيشَةً ضَنكاً وَنَحْشُرُهُ يَوْمَ الْقِيَامَةِ أَعْمَى﴾
«Ким Менин эскертмемден баш тартса, анда албетте, ал үчүн тар-бактысыз турмуш болот жана Биз аны Кыямат Күнүндө көр (сокур) абалда тирилтебиз». (Та-Ха сүрөсү, 124-аят).
Устаз Мунажи Мухаммад
Роя гезити