Алжир менен Сахел өлкөлөрүнүн ортосундагы чыңалуунун күчөшү жана себептери
Акыркы мезгилде Алжир менен “Сахел коалициясы” деп аталган өлкөлөрдүн (Мали, Нигер жана Буркина-Фасо) ортосундагы пикир келишпестик күчөп, элчилерди чакырып алуу жана аба мейкиндигин жабуу сыяктуу чараларга чейин жетти. Бул чыңалуунун өсүшүнө ички, аймактык жана эл аралык татаал себептер таасир этти. Бул жерде коопсуздук жана геосаясий кызыкчылыктар тыгыз байланышта. Анткени Сахел аймагы дүйнөлүк державалар үчүн атаандаштык аянтчасы болуп саналат. Мали жана Нигер менен узун чек арасы бар Алжир аймактык туруктуулукту сактоодо саясий чечимдерге таянган активдүү оюнчу катары өз ролун сактап калууга умтулууда.
Алжир менен Мали ортосундагы кайчы пикир аймакты туруктуулуктан ажыратпоо үчүн алдын алууга тийиш болгон маселе эле. Анткени бул аймак стратегиялык мааниси жана кен байлыктары менен чет элдик күчтөрдүн кызыгуусун жараткан жерде жайгашкан.
Чыңалуунун башкы себептери:
- Аба мейкиндигинин бузулушу: 2025-жылдын 1-апрелинде Алжир Малиге таандык дронду атып түшүрүп, аны өз аба мейкиндигин бузду деп айыптаган. Мали бул дооматты четке какты.
- Коопсуздук маселелеринде ар башка мамиле: Алжир, айрыкча Азават чек ара аймагында, коопсуздукту өнүгүү менен айкалыштырып караган комплекстүү ыкманы карманат жана чет элдик аскердик кийлигишүүгө каршы. Тескерисинче, Сахел өлкөлөрү таза аскердик чечимдерге ыктап, Вагнер сыяктуу чет элдик күчтөр менен өнөктөштүк түзүп жатышат. Алардын пикиринде, Алжир бул маселени БУУнун кийлигишүүсүн күтпөй эле эки тараптуу чечип койсо болмок.
- Тарыхый келишимдерге байланыштуу маселе: Малинин 2015-жылдагы Алжир келишимин жокко чыгаруусу, бул өлкөнүн ичинде жана жалпы аймакта элдешүүнү көздөгөн маанилүү документ болгондуктан, Алжир менен Малинин ортосундагы негизги келишпестиктердин бири болуп калды.
Тышкы кийлигишүү:
Бул жаңжалга Нигер менен Буркина-Фасо да аралашып, Алжирге каршы бирдиктүү жана курч позицияны кабыл алуусу, тышкы күчтөрдүн кийлигишүүсүнүн ачык белгиси. Эл аралык коомчулук бул кризисти чечүүгө олуттуу аракеттерди көрсөткөн жок, бирок ар кандай тышкы тараптар бул талашка аралашып, ар бири өз кызыкчылыгын көздөп жатат:
- Россия:
Сахел мамлекеттерине аскердик жана чалгындоо колдоосун көрсөтүп жаткан Вагнер тобу аркылуу башкы оюнчу болуп саналат. Мунун ордуна алар тоо-кен жана энергетика секторлорунда артыкчылыктарга ээ болууда.
- Түркия:
Сахел өлкөлөрүнө байкоо жүргүзүү жана так сокку уруулар үчүн колдонулуучу учкучсуз учуучу аппараттарды (дрондорду) жеткирүү аркылуу колдоо көрсөтүп келет.
- Франция:
Аскерлерин расмий түрдө чыгарганы менен, Франция аймакта, өзгөчө Чад сыяктуу мамлекеттер менен өнөктөштүктөр аркылуу дипломатиялык жана экономикалык таасирин сактап калууда.
Америка Кошмо Штаттары бул жаңжалдан эмнени утуп алууну көздөйт?
- Аскердик базаларды кеңейтүү:
Бул жаңжал Америкага Батыш Африкадагы аскердик катышуусун күчөтүүгө шылтоо болушу мүмкүн. Мисалы, Нигердеги Агадез базасы аркылуу АКШ өзүнүн аскердик мүмкүнчүлүктөрүн бекемдеп, аймактагы таасирин арттыра алат.
- Россиянын таасирин алсыратуу:
АКШ чыңалууну Россиянын таасирин азайтуу үчүн колдонушу мүмкүн, айрыкча эгер Сахел өлкөлөрү Вагнер тобу аркылуу Москва менен мамилесин уланта берсе. Ошондой эле, АКШ бул жагдайды пайдаланып, табигый ресурстарга жетүүнү көздөйт.
- Экономикалык таасирин күчөтүү:
Бул жаңжал аркылуу АКШ аймактагы экономикалык катышуусун арттыра алат, өзгөчө тоо-кен жана энергетика секторлорунда. Ошондой эле, Африкадан Европага газ куурлардын ишке ашуусун кечеңдетүү менен, Европа үчүн өзүнүн суюлтулган газ экспортуна болгон суроо-талапты жогорулата алат.
- Кытайдын таасирин чектөө:
Эгер Кытай Россияны колдоону уланта берсе, АКШ бул жаңжалды Кытайдын аймактагы таасирин чектөө мүмкүнчүлүгү катары карап чыгышы мүмкүн. Бул чыңалуунун күчөшүнө байланыштуу мүмкүн болгон сценарийлер:
- Аскердик аралашуунун күчөшү:
Чыңалуунун улануусу чек арадагы кагылышууларга, ортомчулар аркылуу жүргүзүлгөн согушка жана аймактык кызматташуунун ыдырашына алып келиши мүмкүн.
- Геосаясий бөлүнүү:
Россия менен Сахел өлкөлөрүнүн аскердик жана экономикалык кызматташуусуна негизделген бир альянс пайда болушу мүмкүн. Буга каршы Алжир менен Батыш мамлекеттеринин саясий чечимдерге негизделген альянсы пайда болот.
- Дипломатиялык чечимдер:
Бул жолго өтүү оңой болбосо да, эл аралык басым, Алжирдин демилгелери жана Сахел өлкөлөрүнүн саясий артыкчылыктарынын өзгөрүшү дипломатиялык жолду мүмкүн кылышы ыктымал.
Жыйынтык катары, азыркы келишпестик аймактагы коопсуздук түзүмдөрүнүн алсыздыгын жана бул көрүнүштүн канчалык коркунучтуу кесепеттерге алып келерин айгинелеп турат. Чыр-чатактын күчөшү эч бир тараптын кызыкчылыгына кызмат кылбайт, тескерисинче, аймакты бөлүнүүгө, туруксуздукка жана эгемендүүлүктүн жоготулушуна түртөт. Бул өзгөчө Алжирдин улуттук коопсуздугуна чоң коркунуч туудурат, ал эми Ливия менен Судандагы абал болсо, мунун канчалык олуттуу экенин далилдеп турат.
Бул туңгуюктан чыгуунун башкы жолу эгемендүүлүк түшүнүгүн кайра карап чыгууда. Ал аймактык кызматташтыкка бөгөт болбошу керек, айрыкча ислам дини менен бириккен, тарыхы жана тагдыры окшош элдер үчүн.
Суроо туулат, биримдикти пайда кылуучу жана келишпестиктерди токтотуучу өкүмдөрү менен чечим берген Ислам динибиз кайда калды? Бул элдерди бириктирген колонизаторлорго каршы жалпы тарых кайда калды? Сахелдеги жаңы бийликтердин Батышка көз карандылыктан баш тартуу ураандары кайда калды? Саясий аң-сезим кайда калды? Бизди тонотуп жаткан, өзү кризиске баткан, бөлүнүп-жарылып, карылык менен күрөшүп жаткан колонизаторлукка багыт алуу канчалык кооптуу экенин түшүнгөнбүзбү? Биздин аймак Аллахтын мыйзамдарына негизделген табигый кен байлыктарга бай жана Жер Ортолук деңизинен тартып Африканын тереңине чейин созулган кең географияга ээ. Мындан тышкары, Сахел элдери дүйнөдөгү эң жаш калктуу аймактардын бири.
Ибн Ташфин сыяктуу лидерлер кайда калды? Жалпы баалуулуктарды пайдалануу менен, улуу ислам динине негизделген саясий түзүлүштү кура турган, ички бөлүнүүгө жана колонизаторлукка чек коё турган чечкиндүү жол башчы барбы? Аллах Таала айткан:
﴿وَلَا تَرْكَنُواْ إِلَى الَّذِينَ ظَلَمُواْ فَتَمَسَّكُمُ النَّارُ وَمَا لَكُم مِّن دُونِ اللهِ مِنْ أَوْلِيَاءَ ثُمَّ لَا تُنصَرُونَ﴾
«Зулумдук жолун туткан адамдарга берилип кетпегиле (ээрчибегиле). Антпесе силерге тозок оту жетет. Силер үчүн Алладан өзгө бир да дос жок. Кийин (тагыраак айтканда заалимдерди ээрчип кетсеңер) силерге жардам берилбейт». (Худ сүрөсү, 113-аят).
Устаз Ясин бин Яхйа
Роя гезити