Айт намазы аянтта окулбайт

85
0

Айт намазы аянтта окулбайт

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы (КМДБ) Орозо айт намазы 30-мартта жума-мечиттерде өтөрүн баса белгилеп, айт намазынын программасын ачыктады. О.э Муфтият Рамазандын бүтүшүн да алдын ала айтып, 30-мартка белгилеген.

Буга чейин Муфтият билдирүүлөрүндө бир күн айырмачылык болуп калаарын формалдуу түрдө болсо да айтып келген. Мунусунда аны да кылган жок.

Негизи, Рамазандын башталышын жана айт күнүн алдын ала белгилөө шариятыбызга тескери келет. Шарият жаңы айды көргөндөн кийин гана Орозону баштоону жана орозону бүтүрүүнү талап кылат.

Аллах Таала айтат:

فَمَن شَهِدَ مِنكُمُ ٱلشَّهۡرَ فَلۡيَصُمۡهُۖ

«Силерден ким ушул айга күбө болсо, орозо тутсун» (2:185)

Ошондой эле Расулуллах (с.а.в.) айтат:

«صُومُوا لِرُؤْيَتِهِ وَأَفْطِرُوا لِرُؤْيَتِهِ، فَإِنْ غُبِّيَ عَلَيْكُمْ فَأَكْمِلُوا عِدَّةَ شَعْبَانَ ثَلاَثِينَ»

«Айды көрүп орозо кармагыла (орозону баштагыла), айды көрүп ооз ачкыла (орозону бүтүргүлө), эгер асманды булут каптап турган болсо, шаъбан айынын санагын толук отуз күн кылгыла».

Куран жана сүннөт орозо туурасында айды көрүп орозону кармоону талап кылууда, мындан улам эгер булут тосуп калып ай көрүнбөсө орозо кармабоону баса белгилеп жатат. Ошондуктан мусулман адам орозону баштоодо же бүтүрүүдө айды көрүп гана амал кылышы важиб болот. Мында астрономиялык эсептөөлөр этибарга алынбайт. Себеби шарият жаңырган айды көз менен көрүп белгилөөнү буйруп жатат. Андан тышкары – Аллахтын хикматы менен – алдын ала астрономиялык эсептөөлөр айдын жаңырган күнүнө туура келбеген учурлар да болгон. Маселен астрономиялык эсептөөлөр боюнча бүгүн ай көрүнбөйт делип, бирок жаңы ай көрүнгөн учурлар катталган. Ошондуктан, мусулмандар бул маселеде шариятка амал кылып, айды көз менен көрүп орозону баштап жана бүтүрүүгө тийиш. Расулуллах (с.а.в) айтат:

“Жаңырган айды көрбөстөн орозону баштабагыла жана аны кайрадан көрбөстөн орозону бүтүрбөгүлө. Эгер ал булуттар менен тосулуп турса, анда анын санагын толуктагыла (отуз күн кылгыла)”. (Бухари).

Ал эми, эгер ай көрүнбөгөн болсо же асманды булут каптап турган болсо, бирок бир мусулман келип айды көргөндүгү туурасында сахих кабар айтса, анда мусулман адам аны ээрчиши важиб болот. Анткени, бул Расулуллахтын (с.а.в.) хадиси менен сабит болгон:

«Ансардан болгон бир жамааттан төмөндөгү хадис риваят кылынды: «Бизге шаввал айы көрүнбөй калды, ошондуктан, орозо тута бердик. Күндүн аягында бир кербен келип, кече айды көрүшкөнү жөнүндө Набий (с.а.в) алдында күбөлүк беришти. Ошондон кийин Расулуллах (с.а.в) орозону бүтүрүүнү, эртеңден айтка чыгууну буйруду». (Ахмад).

Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) маалында мусулмандар – ар башка аймактарда жашашканына карабастан – орозону бир күндө баштап, бир күндө бүтүрүшкөн. Байланыш каражаттары төө жана ат болгон доордо ушундай болгон соң, бүгүнкү күндө байланыш каражаттары өнүккөн доор жөнүндө эмне десе болот? Бүгүн байланыш каражаттары, интернет өнүккөн заман, Америкада турган адам Индонезиядагы адам менен замматта эле байланышат, байланышуу эч бир тоскоолдукту же кыйынчылыкты жаратпайт. Ошон үчүн мусулмандар – дүйнөнүн кайсыл жеринде болбосун – бир күндө орозо тутуп, бир күндө орозону бүтүрүүгө амал кылышы кажет. Бул амал шарияттын талабы болушунан тышкары, дүйнө мусулмандарынын биримдигин жүзөгө чыгарат, мусулмандардын өз ара мээримин, бурадарлык сезимдерин күчөтөт.

Ал эми, Кыргызстан бийлигинин айт намазын аянтта окууга тыюу салышы – мусулмандарды ибадаттан тосуу жана аларды көзөмөлгө алуу үчүн бир ыкма болуп эсептелет. Анткени, акыркы жылдары Кыргызстанда айт намаздарына катышкан мусулмандар эсеби жалпы калктын санына салыштырмалуу абдан көбөйүп бараткан. Башкалаанын өзүндө эле жүз миңдеген адамдар намазга катышып, мындай көрүнүш өкмөт ичиндеги Исламга каршы кызматкерлердин кыжырын келтирчү. Мындан тышкары, бир жылда эки жолу окулуучу Айт намаздары коомчулук канчалык деңгээлде исламдашып баратканынын көрсөткүчү болуп калган. Бул көрсөткүч кыргыз бийлигин эле эмес, алардын кожоюну болгон колонизаторлорду жана алардын колу-бутуна айланган эл аралык уюмдарды да тынчсыздандырып жатканы талашсыз. Ошондуктан, бул уюмдар кыргыз өкмөтүнө миллиондогон долларларды мына ушул исламдашуу жараянынын алдын алуу үчүн берип келет.

Жыйынтыктап айтканда, этият болуу фарзды таштоо дегенди билдирбейт. Айрыкча, көңүл ачуучу иш-чараларга, куфр жана ширк майрамдарына он миңдеген адамдар тоскоолдуксуз чогулуп жаткан чакта, аянттарда намаз окууга тыюу салуу эки жүздүүлүктөн башка нерсе эмес. Борбордук аянттын ордуна мечиттерде намаз окутуу менен коопсуздук маселеси чечилип калбайт. Бул болсо, коопсуздук болгону шылтоо экенин көрсөтүп турат. Андыктан, бийлик ээлери айт намазы өтөлүшүнө чектөө киргизүү менен өздөрүнө жүктөлгөн жоопкерчиликти аткарбай, күнөөкөр болууда. Демек, биз мусулмандар бийлик ээлеринен мына ушул иштердин аткарылышын талап кылып, Ислам баалуулуктарын, өкүмдөрүн тебелеп-тепсөөгө жол бербешибиз шарт!

Хуран Абдулхак

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here