Америка башкаруучуларыбыз саткындык кылбаганда Ислам жерлерине үстөмдүк кылмак эмес

40
0

Америка башкаруучуларыбыз саткындык кылбаганда Ислам жерлерине үстөмдүк кылмак эмес

Америка дүйнө үстүндөгү империалисттик үсөмдүгүн улантып келүүдө. Бирок анын үстөмдүгү мусулман өлкөлөрүнүн башкаруучуларынын кыянаттыгы болбосо мынчалык узакка созулмак эмес. Бул башкаруучулар Батыштын колундагы курал катары иштеп, мусулмандардын жерлерин бөлүп-жарып, алсыз абалда калтырууга жардам беришти. Алар яхудийлердин кылмыштарын билсе да, мамилелерди нормалдаштырууга шашылышты. Батыштын аскердик базалары ислам жерлеринде орношуусуна уруксат беришти. Ислам үммөтүнүн байлыктарын Батыш компанияларына тартуулоого жол ачышты. Каршылык көрсөтүү күчтөрүн (мужахиддерди, кыймылдарды) кылмышкерге теңеп, Америка үчүн тоскоолдуктарды тазалашты. Мунун бардыгы алардын ким экенин көрсөтүп турат. Алар Батыштын кызыкчылыктарын коргогон агенттер.

Мусулмандар эмне кылышы керек?

Биздин милдетибиз Ислам жерлеринде Американын таасирин тамыры менен жок кылуу! Бул үчүн төмөнкүлөрдү аткаруу керек:

  1. Америкалык империализмди четке кагуу, экономикалык, саясий жана аскердик үстөмдүктөн арылуу;
  2. Капитализмди жана Батыштын башкаруу моделдерин четке кагуу. Анткени алар биздин динибизге жана кызыкчылыктарыбызга каршы келет;
  3. Чыккынчы башкаруучуларга каршы туруу, алар мусулмандардын эмес, Батыштын кызыкчылыктарын коргойт;
  4. Исламдын негизинде кайрадан биригүү, үммөттү бөлүп-жарган чек араларды жана Батыш койгон системаларды четке кагуу.

Ислам Халифалыгын кайра куруу, үммөттү бириктирген жана адилеттүүлүктү камсыз кылган жалгыз саясий түзүм.

Акыйкат жол айкын:

Кулчулуктун чынжырларын үзүү! Батыштын үстөмдүгүн четке кагуу! Ислам үммөтүнүн толук эгемендүүлүгүн кайтаруу! Аллахтын уруксаты менен халифалык качып кутулгус реалдуулук!

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here