Ислам гана аялды коргойт жана анын укуктарын камсыз кылат

92
0

Ислам гана аялды коргойт жана анын укуктарын камсыз кылат

Мусулман өлкөлөрүндөгү учурдагы башкаруу системалары канчалык өзгөртүлбөсүн же оңдолбосун, алар Батыштын таасиринен чыга албайт. Себеби бул системалар колонизатор каапыр Батыштын ойлоп тапкан түзүмдөрү болуп саналат. Алар Батыштын аялга болгон бузук көз карашын кабыл алып, ошого ылайык саясат жүргүзүшөт.

Батыш аялды кандай абалга алып келди?

«Эркиндик» деген шылтоо менен аялды үй-бүлөсүнөн алыстатты, натыйжада жашоосу кыйрады. Аялды пайда табуу куралына айлантты. Анын сулуулугу жана денеси материалдык кызыкчылык үчүн колдонула турган болду. Ушул саясаттан улам аял улгайганда баасын жоготот, жалгыз калат, карылар үйүндө өлүмдү күтүп, депрессия жана суицид деңгээли көтөрүлөт. Үй-бүлөлүк түзүм кыйрап, ойноштук, адеп-ахлаксыздык жана башка коомдук проблемалар күч алды.

Батыш системасы аялды бузукулукка түртүп, анын кадырын төмөндөтсө, Ислам аялдын кадыр-баркын көтөрүп, аны коомдун негизги тиреги катары карайт. Ошондуктан көптөгөн Батыш аялдары Исламды кабыл алып жатат. Ислам аялдын укуктарын жана милдеттерин тең салмактуу кылып белгилейт. Аялды жыныстык объект эмес, инсан катары карайт. Үй-бүлөнү бекем кармайт, аялды апа, кыз, эже, аял катары урматтайт.

Аялдын коопсуздугун жана бакубат жашоосун мамлекет камсыздайт.

Исламдагы башкаруу түзүмү аялдын укуктарын коргоп, коопсуздугун камсыз кыла алган жападан жалгыз система. Исламды аялдарды кысымга алат деп жалаа жапкандарга чыныгы далил талап кылынат. Ислам ачык-айкын, каалоочулар изилдеп көрүп, эгер андай нерсени тапса, дүйнөгө чындыкты жарыяласын!

Исламдын жашоодо толук колдонулушу бардык жалган жалааларга каршы эң күчтүү жооп болот. Пайгамбарлык жолундагы рошид Халифалык кайрадан орногондо, дүйнө Исламдын чыныгы абалын көрөт. Ошондо адамдар топ-тобу менен Исламга кире башташат.

Роя гезити

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here