Трамптын мусулмандарга тийгизген таасири

118
0

Трамптын мусулмандарга тийгизген таасири

Трамптын АКШнын президенти катары кызматка киришине дүйнө жүзүндө жана жергиликтүү деңгээлде ар түрдүү реакциялар болду. Буга байланыштуу Америкадагы “Хизб ут-Тахрир” партиясынын маалымат борбору тараткан билдирүүдө мындай деп айтылат: “Америкадагы саясий чындыкты жана бийлик башкаруу усулдарын билген ар бир адам Трамп жана анын түзгөн өкмөтү аны колдогон ири корпорациялардын кызыкчылыктарын коргоо үчүн келгенин түшүнөт. Бул саясат эзилген элдердин жана америка элинин эсебинен ишке ашат”.

Ислам үммөтүнө тийгизген таасири

Трамп Куддустагы еврей мамлекетин Газа секторундагы мусулмандарды өлтүрүүнү токтотууга мажбурлагандай көрүнсө да, мурдагы администрация ал жердеги карапайым элди жана жаш балдарды кырып, Газанын дээрлик бардык имараттарын кыйратып бүткөн болчу. Башкача айтканда, алар Газага каршы бардык аракеттерин аткарып бүтүшкөн. Ошондуктан, Трамп жаңы саясат жүргүзүп жаткандай көрүнүүдө. Бирок, биз азыр көрүп тургандай, ал Батыш Жээктеги мусулмандарга каршы кыргынды кайра баштоо үчүн «Израилге» жашыл жарык жагып жатат.

Сирия жана анын революциясынын абалы

Сириядагы революциянын азыркы абалына келсек, Трамп администрациясынын Дамасктагы бийлик менен мамиле түзүп, санкцияларды жеңилдетип, куттуктоо билдирүүлөрүн жөнөтүп жатышы, Шам эли үчүн жакшы нерсе алып келбей турганынан кабар берет. Бул аракеттер Сирия элине каршы кутумдардын уланып жатканын көрсөтүп турат.

Башка ислам өлкөлөрүнө тийгизген таасири

Трамп “менин сүйүктүү диктаторум” деп атаган Сисиге (Мисир президенти) окшогон зулум башкаруучуларды колдоону жана аларга жардам берүүнү улантат. Бул бийликтер Аллах түшүргөн мыйзамдар менен башкарбастан, мусулмандардын башында зомбулук менен отуруу үчүн жана мусулмандардын жерлерин америкалык ири корпорацияларга талап-тонотуу үчүн иш алып барышат.

АКШнын ички саясатына тийгизген таасири

Ички саясатта Трамп азчылык улуттарга болгон басымды күчөтүп, өзүнүн бардык адамдарга карата расисттик көз карашын дагы бир жолу далилдейт. Ал мыйзам уруксат берген айрым мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып, алардын, анын ичинде мусулмандардын укуктарын чектөөгө аракет кылат. Аны колдоп добуш бергендердин жакшылыгын эстеп, аларга пайда алып келет деп күтүүгө болбойт. Ошол эле учурда, ал жана анын администрациясы өлкөнү башкарган мыйзамдарды өзгөртө албайт, анткени ал мыйзам чыгаруучу эмес, болгону аны аткаруучу гана. Ошондуктан, мусулмандар анын коркутуусунан коркуп, алданбашы керек. Анткени анын буларды аткарууга мыйзамдуу укугу жок. Ал коркутуу жолу менен же алсыздарды ар кандай убадалар менен алдоо аркылуу басым жасайт. Андыктан, мусулмандар өз укуктарынан баш тартпоого жана аларды талап кылууда кайдыгерликке жол бербөөгө тийиш. Бул укуктар аларга мыйзам тарабынан берилген укуктар болобу же алардын үммөтү алдындагы милдеттери болобу, аларды саясий жана интеллектуалдык аракеттер аркылуу коргоо мусулмандардын мойнундагы жоопкерчилик болуп саналат.

Роя гезити, 5-февраль 2025-ж.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here