Аялдардын укуктары жөнүндө чакырыктар – аларды адепсиздиктин сазына батыруу аракети

74
0

Аялдардын укуктары жөнүндө чакырыктар – аларды адепсиздиктин сазына батыруу аракети

Зухра Дауд – Судан

Батыш өзүнүн идеологиялык куралдары менен мусулман өлкөлөрүнө үстөмдүк кылып, халифалык кулатылгандан бери, Исламга карата айыптоолор күчөдү. Алар Ислам аялдардын укуктарын чектейт, эркектерден төмөн коёт, алардын өнүгүүсүнө тоскоол болот деген жалааларды жаап келишет. Ошондуктан, аялдар менен эркектердин тең укуктуулугун талап кылган чакырыктар көбөйдү. Бирок бул чакырыктар чындап эле аялды куткарабыз деген максатта айтылып жатабы? Же бул Исламдын эркек-аял ортосундагы мамилелерине болгон көз карашына каршы багытталган жаңы согуштун бир бөлүгүбү?

Батыш цивилизациясы аялга арзан товар катары карайт

Батыш цивилизациясы аялды каражат, соода объектиси, көңүл ачуу жана табиятынан жапайы каалоолорду канааттандыруу үчүн колдонулуучу курал катары карайт. Алар аялды өздөрүнүн ыплас каалоолорун аткаруу үчүн соодалашып, сата турган буюмга айлантышты. Аялдын ар-намысын, дене сулуулугун сатып жиберип, анын жылаңач жүрүшүн «эркиндик» деп аташты.

Ошентип, Батыштын караңгылыгы аялды жок кылуу ыкмасын өзгөрттү. Мурдагы караңгылыкта атасы кыз төрөлүшүнөн коркуп, аны тирүүлөй көмсө, азыр Батыштын жаңы «цивилизациясы» аялды аңга түртүп, аны дене-бою жана намысы аркылуу акча табууга мажбурлоодо. Батыштын бул «жаңы жапайычылыгы» аялды адамдык ар-намыстан ажыратып, аны жаныбар сыяктуу деңгээлге түшүрдү.

Алар аялдарды кооз ураандар, жагымдуу сөздөр менен алдашты, аны коргоп турган чептен чыгарып, каардуу жырткычтар менен толтурулган токойго түртүп салышты.

«Тең укуктуулук» деген шылтоо менен аялдын табигый ролун талкалашты. Батыш цивилизациясы аял менен эркек тең укуктуу болушу керек деп эсептейт, ошондуктан аял эркек менен бирдей шартта иштеши керек деп мажбурлады. Бул аларды энелик жана үй-бүлөлүк вазыйпаларынан алыстатты.

Мисалы, Европада атасы кызынын жашоосу үчүн каражат табышына жооптуу эмес. Кызы бойго жетери менен, ага өзүн багууну талап кылышат. Эгерде үй ижарасын төлөй албаса, атасы өз кызын үйдөн чыгарып салышы мүмкүн. Ошондо аял иштөөгө мажбур болот, кандай иш болбосун, жадагалса, өз денесин сатууга чейин барат, анткени байлар аны аңдып турушат. Бул алардын «эркиндик», «тең укуктуулук», «майданда тең атаандашуу» деп атаган нерселеринин чыныгы жүзү!

Батыш цивилизациясы аялды экономиканын куралы катары карайт

Батыш цивилизациясы аялды экономиканын негизги элементи катары көрөт. Мисалы, либералдык идеология аялды эркек менен тең өнөктөш катары санап, аны эмгек рыногунда активдүү болууга милдеттендирет. Көпчүлүк мамлекеттерде «аялдардын коомдогу ордун көтөрүү, алардын укуктарын коргоо жана эркектер менен тең укукта иштөөсүн камсыздоо» деген саясат жүргүзүлөт. Натыйжада, аялды багуу жана коргоо милдетинен эркектер кутулуп, аялдар оор зомбулукка туш болушат. Грек философу Сократ аял жөнүндө мындай деген:

«Аял – ууланган дарак сыяктуу: анын сырткы көрүнүшү сулуу, бирок андан жеген канаттуулар өлөт».

Мындан өткөн басынтуу жана кемсинтүү болушу мүмкүнбү? Аялды мындан бетер кордоо мүмкүнбү?! Аялды «коргойбуз» деген уюмдар аны адепсиздикке түртүүдө. Кээ бир эл аралык уюмдар аялды коргоону шылтоо кылып, аны «адаштыруучу жана бузукулукка жетелөөчү чакырыктарды» таратууда. Мисалы, Amnesty International (Эл аралык мунапыс уюму) өзүнүн декларациясында мындай дейт: «Ар бир адам өзүнүн денеси боюнча чечим кабыл алууга укуктуу… Ар бир аял жана кыз сексуалдык жана төрөт укуктарына ээ. Бул алардын контрацепцияны, коопсуз бойдон алдырууну колдонуу укугун билдирет. Ошондой эле, алар качан, кимге жана кандай шартта турмушка чыгаарын, балалуу болууну каалайбы же жокпу, канча бала төрөй турганын өздөрү чечиши керек…». Бул сөздөр аялды адеп-ахлактан ажыратып, батыштын бузукулук системасына ыңгайлаштыруу үчүн айтылганы ачык көрүнүп турат.

Мындан да ачык түстө Исламдагы аялдын ролун жокко чыгарууга багытталган чакырыктар бар. Ошол эле Amnesty International уюму мындай деп жазат: «…Иорданияда биз бийликти аялдардын эркекке көз карандылыгын чектөөгө чакырдык. Аялдардын жеке эркиндигин чектеген, алардын үйдөн уруксатсыз чыгышын, никесиз мамиле түзүшүн тыюу салган мыйзамдарга каршыбыз. Ошондой эле «кыздык намысын текшерүү» сыяктуу басынтуучу практикаларды токтотууга үндөдүк…».

Бул Батыштын арамза, мусулман аялдарын Исламдан алыстатууга багытталган максаты экенин көрүп турабыз! Батыш аялды басынтып, анын чыныгы ордун жокко чыгарууда. Батыш цивилизациясы аялды эч кандай урмат-сыйсыз, баалуулугу жок буюм катары көрөт. Алар аялды адамдык ар-намысынан ажыратып, аны соода объектиси жана оюн-зоок куралына айлантышты. Алар аялды өзүнүн жаралуу максатынан алыстатып, аны өз каалоолорунун курмандыгы кылышты.

Ислам аялды табиятына ылайык орунга койгон

Ислам аялдын табиятын эске алуу менен, ага эң ылайыктуу орунду берген. Халифалык мамлекетинин Конституция долбоорунун 112-беренесинде мындай деп айтылат: «Аялдын негизги вазыйпасы – эне жана үй кожойкеси болуу. Ал – корголууга тийиш болгон ар-намыс».

Ислам аялдын намысын сактоону буйрук кылган. Аялдын урмат-сыйын жана намысын коргоо үчүн Ислам мындай өкүмдөрдү важип кылган:

«إِنَّ الْمَرْأَةَ إِذَا بَلَغَتْ الْمَحِيضَ لَمْ تَصْلُحْ أَنْ يُرَى مِنْهَا إِلَّا هَذَا وَهَذَا وَأَشَارَ إِلَى وَجْهِهِ وَكَفَّيْهِ»

«Аял балагатка жеткенден кийин, анын жүзү менен алаканынан башка жери жабылышы керек» (Абу Дауд).

Бул хадиске ылайык, аялдын коомдук жашоодогу кийими анын уяттуулугун жаап, бузукулукка шылтоо болуучу көз караштардан коргошу керек.

Ислам аял үчүн өзүнчө корголгон жашоо чөйрөсүн түзгөн

Ислам аял үчүн өзгөчө жеке жашоо чөйрөсүн түзүп, анын эркин коргогон. Аллах Таала Куранда мындай деп буйруган:

﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا لا تَدْخُلُوا بُيُوتًا غَيْرَ بُيُوتِكُمْ حَتَّى تَسْتَأْنِسُوا وَتُسَلِّمُوا عَلَى أَهْلِهَا ذَلِكُمْ خَيْرٌ لَّكُمْ لَعَلَّكُمْ تَذَكَّرُونَ﴾

«Эй, момундар! Өз үйлөрүңөрдөн башка үйлөргө уруксат алмайынча жана үй ээсине салам бермейинче кирбегиле. Бул – силер үчүн жакшы. Мүмкүн эсиңерге келээрсиңер» (Нур, 27-аят).

Бул аятта башка бирөөнүн үйүнө уруксатсыз кирүүгө тыюу салынганы айтылган. Максат – аялдардын бейпилдигин сактоо, аларды сыйлабастыкка туш кылбоо. Ошондой эле, Ислам аялдын бөтөн эркек менен жалгыз калышына тыюу салган. Пайгамбар (с.а.в) мындай деген:

«لَا يَخْلُوَنَّ رَجُلٌ بِامْرَأَةٍ إِلَّا مَعَ ذِي مَحْرَمٍ».

«Эч бир эркек, аял менен махрамсыз жалгыз калбасын» (Бухари, Муслим).

Ислам аялдын уяттуулугун жана коомдук тартипти сактоону буйруйт

Ислам аялга көпчүлүктүн көңүлүн бурган жана каалоону козгогон нерселерден алыс болууну буйруган. Аллах Таала мындай деп айткан:

﴿وَالْقَوَاعِدُ مِنَ النِّسَاء اللاَّتِي لا يَرْجُونَ نِكَاحًا فَلَيْسَ عَلَيْهِنَّ جُنَاحٌ أَن يَضَعْنَ ثِيَابَهُنَّ غَيْرَ مُتَبَرِّجَاتٍ بِزِينَةٍ وَأَن يَسْتَعْفِفْنَ خَيْرٌ لَّهُنَّ وَاللهُ سَمِيعٌ عَلِيمٌ﴾

«Никелешүүдөн үмүт үзүп, үйдө олтурган кемпирлер сулуулугун көрсөтпөстөн, сырт кийимдерин чечип олтуруусу – айып эмес. Эгер мындан да сактанса, алар үчүн жакшы. Аллах – бардык нерседен толук кабардар, бардык нерсени Билүүчү!»  (Нур, 60-аят)

Бул аятта «зыйнатсыз болуу» аял үчүн «эркектердин көңүлүн бура турган көрүнүштөн алыс болуу» дегенди билдирет. Бул коомдук тартипти сактоого жардам берет.

Аялдын чыныгы укуктарын Ислам гана коргойт

Ислам аялды сыйлаган жана аны бузукулукка тарткан бардык жолдорду жапкан. Батыштын «аялдын укуктары» деп аталган чакырыктары чынында аялды бузукулукка, адепсиздикке түртөт. Батыштын капиталисттик уюмдары аялды пайдалануу үчүн гана мындай чакырыктарды жасап жатат. Аялды коргоо жана анын чыныгы урмат-сыйын камсыз кылуу – Халифалык мамлекетинин негизги милдети. Андыктан, биз Ислам өкүмдөрүн толук турмушка ашыра турган Халифалыкты кайра тикелөө үчүн болгон күчүбүздү жумшообуз керек. Аллах биз менен жана Ал эч качан биздин амалдарыбызды текке кетирбейт.

Роя гезити

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here