Бисмиллаахи рахмаанир рахиим
Суроо-жооп
Хизб-ут-Тахрир амири, улуу аалым Ато бин Халил Абу Ар-Руштанын фейсбук баракчасындагы бир катар фикхий суроолорго жооптору.
Рамазан айынын калтырылган күндөрүн толуктоо.
Эйнас Мухаммедге.
Суроо: Ассаламу алейкум, орозо күндөрүнүн казасы тууралуу сурагым келет… Жылдардын өткөн күндөрүн кандай өткөргөнүмдү жакшы эстебей калсам, башкача айтканда, мен рамазандын кээ бир күндөрүн каза кылчумун жана анын казасын туткан эмесмин. Үй-бүлө мүчөлөрүмдүн айрымдары мен алар менен бирге каза орозомду туткансың дешсе, кээ бирлери сен баардык каза орозолоруңду тутканың эсимде жок дешет. Мындай учурда мен эмне кылышым керек? Мен көптөрдөн сурадым, кээ бирлери акчалай каффарат кылып кутулсаң болот деп жооп беришти, кээ бирлери орозо кармаш керек дешти. Эгер орозо кармасам, канча күн казасы бар экени эсимде жок. Мындай абалда эмне кылуу керек?
Жооп: Уа алейкум ассалам уа рахматуллоохи уа баракаатуху. Буга чейин ушул сыяктуу суроого 13.05.2019 күнү жооп бергенбиз. Биз ибадаттарда эч кандай бир өкүмдү таббаний кылбайбыз, орозодо же намазда ар кандай мазхабды карманууну мусулмандын өзүнө калтырабыз… Бул жерде мен сизге орозонун казасы боюнча кээ бир фикх өкүмдөрүн айтып берейин, сизди кубанта турган жана жүрөгүңүздү тынчтандырган нерсеге амал кылыңыз:
- Автору Абдул Малик Аль-Жувейнидин “Нихаяту матлаби фии дираятил мазхаби” деген китебинде (Ал Имам аль-Харамайн деген лакап ат менен белгилүү, 478-хижрий жылы өлгөн. Ал Шафий мазхабынан) айтат: “Эгер кимде-ким Рамазан айынын орозо күндөрүн калтырып, казасын кармоого мүмкүнчүлүк болсо, кийинки жылдын Рамазан айына чейин казасын калтырууга болбойт. Биз айтып өткөн нерсе сунуш кылынган нерсе эмес, тескерисинче, эгер кимдин кудурети жетсе жана үзүрү кетсе казасын тутуу важиб. Эгер казасын тутуу жүйөлүү себепсиз кийинки рамазанга чейин деп болжолдонсо да, анда казасын тутат жана ар бир күнгө жетэрлик тамак-аш менен мудд фидя берүү важиб. Эгер казасын тутууну эки же андан көп жыл кечиктирсе, анда мудд фидяны эки эсе көбөйтүүнүн эки көрүнүшү бар: Алардын бири фидя эки эселенбейт, эгер кечиктирүү бир жылдык мөөнөттөн ашпаса… Эң туура көз караш: фидя жыл өткөн сайын эселенет. Ар бир жылга бирден фидя кошула берет. (Фидя – бир адамга бир күнгө жетэрлик тамак аш берүү). Эгер эки жыл кечиктирсе казасын да тутат жана эки мудд фидя (эки адамга жетэрлик тамак аш ) берет.
Демек, кимде-ким Рамазан айында орозо кармабаган болсо, кийинки Рамазанга чейин казасын кармашы керек, эгер кийинки Рамазан келгенге чейин кечиктирсе, казасын кармап, фидясын да бериши керек. Эгерде казасын өтөө эки жыл кечиктирилсе, анда казасын тутуу менен бирге эки фидя төлөнүшү керек ж.б.у.с.
- Автору Мансур бин Юнис Аль-Бахути аль-Ханбали (1051-хижрий жылы өлгөн) “Кашафул-кына’ ан матн аль-икна’да” мындай деп айтылат: “Ким Рамазан айынын орозосун толук кармай албаса, мейли толук, мейли толук эмес болсо… күндөрдүн казасын кармашы керек… жана анын убактысы өтпөсө, кийинки Рамазан башталганга чейин күндөрдүн казасын кечиктирсе болот… Үзүрсүз кийинки Рамазанга чейин кечиктирүүгө болбойт… Эгер башка Рамазанга чейин же бир нече Рамазанга чейин кечиктирсе, кафарат катары ар бир күнү үчүн казасын кармап, бир кедейди тойгузушу керек. Көп жыл кечиктүрүүсү менен фидя эки эселенбейт. Анткени, ашыкча кечиктирүү фарзды көбөйтпөйт, парз ажылыкты жылдап кечиктиргендей эле, ажылыкта кылган амалынан ашыкча амал кылбайт”.
Демек, ким Рамазандын орозосун калтырып, кийинки Рамазан келгенге чейин казасын кармабаса, казасын кармап, фидясын бериши керек.
- Ханафи мазхабында кармалбаган орозонун казасы канчалык кечиктирилсе да, кийинки Рамазан айы келсе да, казасын кармашы керек жана кечиктирүүсү үчүн фидя берүү жок. Хижрий 483-жылы каза болгон Имам Сарахси «Аль-Мабсутта» айткан:
“Бир адам Рамазан айынын орозосун кармашы керек болчу, бирок кийинки Рамазан келгенге чейин казасын кармаган жок… Ал өтүп кеткен Рамазандын казасын кармашы керек жана биздин райыбызда, ал эч кандай фидя төлөбөйт. Ал эми Имам Шафийдин (Аллах аны ырайымына алсын) ою боюнча кармаган орозонун казасынан тышкары, ар бир күн үчүн бир кедейди тойгузушу керек.
Аллах Тааланын: ﴿فَعِدَّةٌ مِنْ أَيَّامٍ أُخَرَ﴾ “Рамазандын казасын башка күндөрдүн санында (кармасын), (канча күн каза кылса ошончо күн) (Бакара: 184) деген сөзүнүн ачык мааниси бар. Рамазандын казасын тутууда белгилүү бир убакыт жок. Эки Рамазандын ортосундагы белгилүү бир убакыт кошумча болуп саналат. Рамазан бул убактысы белгиленген ибадат жана анын казасын тутууда конкреттүү бир убакыт белгиленген эмес.
– “Бада’и’ ас-Сана’и’ фи Тартиб аш-Шараи’” китебинде анын автору Алауд-Дин аль-Касани аль-Ханафи (587-хижрий өлгөн) мындай деп айткан: “…биздин мазхабда: Рамазандын казасын кармоонун парздыгы белгилүү бир убакыт менен чектелбейт. Себеби, казасын кармоо буйругу абсолюттук (мутлак). Ошондуктан анын убактысы мутлак боюнча калат. Буга таянып биздин мазхаб: “Эгер Рамазандын казасын кармоону башка Рамазан башталганга чейин кечиктирсе, анда фидя төлөбөйт…”.
Демек, Ханафий мазхабы боюнча кармалбай калган орозонун казасын фидя төлөбөстөн кармоо парз б.а орозо кармабаган күндөрдүн казасын гана кармашы керек.
Башында айтып өткөнүмдөй, ибадат маселелеринде биз эч кандай бир өкүмдү таббаний кылбайбыз. Ханафий, Шафий, Ханбалий мазхабдарынын кээ бир пикирлерин айттым. Кайсынысын кармансаң ошону кыл… Аллах сени сүйгөн жана ыраазы болгон нерсеге багыттасын. Ушул жооп жетет деп үмүттөнөм, эң туурасын Аллах билет.
8-Рамазан, 1440-хижрий.
2019-жыл, 13-май.
Мурунку жообубуздан цитата аяктады.
Жыйынтык:
- Орозо кармабаган күндөрдүн санын сиз эң мүмкүн деп ойлогон нерсеңизге карап эсептеңиз.
- Ошондон кийин жогорудагыларды изилдеп, ишенген мазхабдын пикирине амал кылыңыз. Анткени алардын кээ бирлери өзүңөр көрүп тургандай орозонун казасын кармап фидя бериш керек дешет. Алардын айрымдары фидясыз эле казасын тутуш керек дешет.
Ал эми жогоруда айтылган бир фидиянын б.а. (муддун) өлчөмүнө келсек, (муддун) грамм менен салмагы 544 (грамм) буудайды түзөт. Бул Малия китебинде айтылат: Мудд = 1 Багдад фунтунун 1/3 бөлүгү. 1 фунт = 408 грамм. Мудд = 1/3 фунт х 408 грамм Муддун салмагы = 544 грамм буудайдын салмагы. Бир аз көбүрөөк же ушуга окшош деп эсептегендер да бар.
Алла Тааладан кармаган орозолорду, кыямдарды кабыл кылуусун тилейм.
Боордошуңар Ато бин Халил Абу Рушта.
1446-х, 5-шаьбан.
2025-ж, 02-февраль.