Судандагы согуштук аракеттердин тездөөсү

117
0

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Суроо-жооп

Судандагы согуштук аракеттердин тездөөсү

Суроо: “Al Arabiya Net” өзүнүн веб-сайты 2025-жылдын 4-февралында жарыялаган кабарда: “Армия жана аны колдоочу күчтөр акыркы сааттарда Аль-Жазира штатынан Хартум штатынын түштүк-чыгыш бөлүктөрүнө киргенин билдирди…”. “Youm7” сайты 2025-жылдын 2-февралында жарыялаган кабарда: “Каир жаңылыктар каналынын кабарчысы, Судандын армиясы Хартум штатындагы Нилдин чыгышындагы бир катар кыштактарды кайтарып алганын билдирди”. Буга чейин, 2025-жылдын 11-январында “Ыкчам колдоо күчтөрү” борбору Вад Мадани болгон Аль-Жазира штатында Судан армиясы тарабынан талкаланган. Ыкчам колдоо күчтөрүнүн командири Хамидати өзүнө таандык болгон аудио жазууда аскерлеринин Аль-Жазира штатында жеңилгенин мойнуна алды…” (Аль-Жазира 13.01.2025). Андан кийин борбор Хартум, Бахри жана Омдурмандагы бардык салгылашуулардын багыты Судан армиясынын пайдасына бурулду. Армия бул шаарлардагы бир нече маанилүү жерлерди көзөмөлгө алып, Башкы командачылык үстүндөгү курчоону алып салган. Согуштагы мындай адаттан тыш тез өзгөрүүнүн артында эмне турат? Мунун баары Судан армиясы тарапта капысынан пайда  болгон күч аркылуу пайда болгон жергиликтүү өзгөрүүгө байланыштуубу? Же бул салгылашууларда эл аралык өңүттөр барбы?

Жооп:

Жогорудагы суроолорго жоопту тактоо үчүн биз төмөнкү маселелерди карап чыгабыз:

Биринчи: Судандагы аскердик операциялардын тездеши:

  1. Ооба, Судандагы аскердик операциялардын мындай тез өнүгүшү көңүл бура турган абал. Суданда 2023-жылдын апрелинде бийликте турган эки тарап ортосунда согуш башталгандан бери, согуштар аймакты көзөмөлдөө жагынан натыйжасыз жүрүп жаткан. Ар бир тарап ээлеген аймактарын кармап, акыркы айларда бир тараптын экинчи тараптын аймагына карай илгерилөөсү бираз байкалган. 2023-жылдын 15-апрелинде башталып, бир жыл созулган согушта армия 2024-жылдын мартында Улуттук радио жана теле берүү борборунун штаб-квартирасын жана Омдурмандагы айрым аймактарды кайтарып алуудан башка олуттуу ийгиликтерге жетишкен жок. Ал аскердик штабдын калган бөлүгүн сактап калуу үчүн гана коргонуу тактикасын карманды. (Судан “Ал ракоба” веб-сайты, 25.01.2025.).
  2. Бирок 2024-жылдын сентябрынан тарта майданда маанилүү өзгөрүүлөр башталды. Судан армиясы катарын көбөйтүп, чечкиндүү аракетти баштады. “Стратегиялык сабыр” жана “узак мөөнөттүү күтүү” деген аталыштагы тактиканы токтотуп, Ыкчам колдоо күчтөрүнө каршы жаңы фронтторду ача баштады. Халфая көпүрөсүн жана Ак Нилди көзөмөлгө алып, борбор шаардын ортосуна жана Хартум Бахриге карай кеткен жолду ачты. Согуш майданындагы окуялар бир айга жетпеген убакытта өзгөрө баштады. Андан кийин Судан армиясы бир жыл мурун Ыкчам колдоо күчтөрүнө алдырып жиберген Вад Мадани шаарын 2025–жылдын 11-январында кайра көзөмөлгө алды. Вад Мадани Судандын ортосунда жайгашып, Аль-Жазира штатынын борбору. Бул эки тараптын ортосундагы согушта чечүүчү салгылашуу катары бааланды. Себеби бул шаар Судандын экинчи чоң шаары. Ал Судандын ортосунда жайгашкандыктан, аны көзөмөлдөгөн тарап башка штаттарда, өзгөчө борбордук аймактагы өз күчтөрүнө аскерий, логистикалык жардам жеткирүү мүмкүнчүлүгүн таба алат. Ошондуктан, бул чабуул согуштун өнүгүшүнө таасирин тийгизе турган окуя катары бааланды. Вад Маданинин үстүнөн болгон армиянын көзөмөлү Ыкчам колдоо күчтөрү үчүн чоң сокку болду жана анын аракетин оорлотту. Аны жоготуу менен Ыкчам колдоо күчтөрү Хартум аймагындагы күчтөрүн жардам жөнөтүү жөндөмүнөн ажырады. Башка жагынан алып караганда, Ыкчам колдоо күчтөрү Аль-Жазира штатына, Сеннарга, Ак Нилге жана чыгыш Судандын башка бөлүктөрүнө чабуул жасоодо колдонгон негизги таянычынан ажырады. Ошентип, бул жоготуунун артынан болгон үмүттөрү жана кыялдары закымга айланды. “Убактылуу эгемендик кеңешинин төрагасы жана Армиянын башкы колбашчысы, генерал-лейтенант Абдель Фаттах Аль-Бурхан, Вад Мадани шаары бошотулгандан кийин шаарга зыярат кылып, Баш калаа Хартумда жана башка шаарлардын айланасында Ыкчам колдоо күчтөрүнө каршы кеңири аскерий чабуул жасоону пландап жатканына ишара кылды. (Индепендент Арабия, 11.01.2025.)

Экинчиси: Вад Маданиге көзөмөл кылгандан кийин, армия борбор шаардын ички аймагына катуу чабуул жасай баштады.

  1. Судан армиясы Ыкчам колдоо күчтөрү менен бир жылдан ашык согушкандан кийин Хартум Бахринин түндүгүндө жайгашкан Хартум мунай иштетүүчү заводун кайрадан көзөмөлгө алганын жарыялады. (BBC, 25.01.2025).
  2. “Ал-Арабиянын кабарчысы бүгүн, жума күнү, Судан армиясы Хартумдагы армиянын башкы командачылыгына “Ыкчам колдоо күчтөрү” тарабынан киргизилген бир жарым жылдан берки курчоону сындырганын билдирди. Судандык жергиликтүү кабарлары да армия күчтөрү Хартум Бахринин борборундагы салгылашуулардан кийин, Сигнал күчтөрү корпусунун лагериндеги курчоону алып салганын билдирди. (Арабия, 24.01.2025).
  3. Армия жана союздаш күчтөр аталган эки штабдагы курчоону алгандан кийин, борбор шаар Хартумда эң чоң аскердик ийгиликке жетишти. Айрыкча Хартумдагы штаб жана Сигнал корпусунун штабы менен Омдурмандын түндүгүндөгү Вади Сайидна аба базасынын ортосундагы байланышты калыбына келтирди. Ошондой эле Желей мунайды кайра иштетүүчү заводду жана анын айланасындагы турак-жайларды жана аскерий аймактарды кайрадан көзөмөлгө алды. (Ал Ракоба Судан веб-сайты, 25.01.2025).
  4. “Al Arabiya Net” өзүнүн сайтында 2025-жылдын 4-февралында жарыялаган кабарда: “Акыркы сааттарда Армия жана аны колдоочу күчтөр Аль-Жазира штатынан Хартум штатынын түштүк-чыгыш бөлүктөрүнө чабуул жасады…”, деп жазды.
  5. “Youm7” веб-сайты 2025-жылдын 2-февралында төмөнкү кабарды жарыялады: “Cairo News Channel” кабарчысы Судан армиясы Хартум штатындагы Чыгыш Нил аймагындагы бир катар кыштактарды кайтарып алды”.

Үчүнчүсү: Судан армиясы Ыкчам колдоо күчтөрүн борбордогу негизги үч шаардан сүрүп чыгаруу жана бул шаарларды мамлекеттин символу болгон  армиянын көзөмөлүнө кайра алуу максатында операцияларды тездетти. Бурхан болсо козголоңчулар менен сүйлөшүүдөн баш тартты. Бул окуяларды карап чыгуу менен биз төмөнкүлөрдү көрө алабыз:

  1. Судан армиясы эки тараптын ортосундагы аскердик тең салмактуулукту өзгөртпөстөн “стратегиялык сабыр” жана “узак мөөнөттүү күтүү” саясатын жыйынтыктады. Башкача айтканда, армия 2023-жылдын апрель айында согуш башталгандан бери анын багытын белгилей турган кудуретте болгонун, бирок атайын мындай кадамга барбаганы айкын болду. Мунун албетте белгилүү себептери бар!
  2. Ыкчам колдоо күчтөрү Вад Мадани шаарын колдон чыгаргандан кийин борбордо да оор жоготууларга учурап жатат. Бирок ал аскерлерин согуштук фронттордон артка чыгарып, беш бордордук шаардын бири болгон Дарфурга багыттап жатат. Башкача айтканда, ал өзүнүн күчү топтолгон аймактардан (Дарфурдан) борборго колдоо алып келүүнүн ордуна, ошол аймактарга чегинүүдө. Чынында эле, Ыкчам колдоо күчтөрү үстөмдүк кылган Дарфурда салгылашуулар кайрадан башталды. Ал Дарфурда бийлигин бекемдөө үчүн өзүнүн көзөмөлүндөгү башка аймактарынан баш тартып жаткандай. Армия да аны багындыруунун ордуна, Дарфурга карай чегинүүсү үчүн коридорлорду ачып жатканы көрүнүп турат!
  3. Булардын бардыгына ишарат кылган нерсе, “Independent Арабия” сайты 2025-жылдын 20-январында чыгарган материал: “Ыкчам колдоо күчтөрү Жабал Авлияда өз көзөмөлүндөгү аймактарга чегинүү үчүн Нилдин чыгышындагы Маншия жана Соба көпүрөлөрүн колдонду. Бул Батыш Суданга жана Дарфурга бара турган жападан жалгыз жол болчу. Аскерлерин эле эмес, коопсуздук кызматкерлери, алардын үй-бүлөлөрү жана алар менен кызматташкандар да чегиништи. Судандын борборундагы Ыкчам колдоо күчтөрүнүн арты-артынан жоготуулары аркасынан армиянын баскычтуу пландары ишке салынды. Ага ылайык, ар күнү чоң топтор, ачык калтырылган белгилүү коридорлор аркылуу Дарфурга чегинүүсүн тездетти”. Макалада Ыкчам колдоо күчтөрү Дарфурда активдүү түрдө аскер топтоо иштери жүргүзүлүп жатканы да айтылды: “Ал жердеги уруу башчыларына кысым көрсөтүү менен өзүнө берилген араб урууларынан аскерлерди топтоону күчөттү… Ыкчам колдоо күчтөрү Telegram аркылуу Түштүк Дарфурдагы Касс жана Ад Фурсандагы бир нече уруулар толук берилгендигин жарыялап, анын катарына 50 000 согушкер кошулганын ачыктады”.

Төртүнчүдөн: Ошентип, Дарфур Ыкчам колдоо күчтөрү көзөмөлдөгөн дана калктын колдоосун аркасына алган кезектеги согуш майданы болууга даярданууда:

  1. Ыкчам колдоо күчтөрүнүн расмий өкүлүнүн билдирүүсүндө, кечээ, ишемби күнү алар Түндүк Дарфур штатындагы Аль-Халаф, Дришки жана Мао аймактарын толук көзөмөлгө алганын билдирди. (“Independent Арабия” 20.01.2025.).
  2. Түндүк Дарфурдун борбору Эль Фашерде Ыкчам колдоо күчтөрү менен армия, куралдуу каршылык көрсөтүү күчтөрү, полиция жана жергиликтүү коргонуу бөлүктөрүнөн турган Судан биргелешкен күчтөрүнүн ортосунда катуу кагылышуулар болду. (Франция 24, 25/01/2025).
  3. Батыш фронтто болсо, Ыкчам колдоо күчтөрү армия менен “бирдиктүү” күчтөргө Дарфур аймагынын борбору Эль-Фашер шаарынан чыгуу үчүн 48 сааттык мөөнөт берди. Анын артынан шаарга көп тараптуу чабуул жасады. Армия жана бирдиктүү күчтөр менен кагылышуу 24-январда алты сааттан ашык уланды. (Independent Арабия 25.01.2024).
  4. Булардын баары Суданда ылдамдап бараткан согуш окуяларынын бир багытка жылып жатканын, бул армиянын Судандын көпчүлүк аймактарын кайрадан көзөмөлгө алып жатканын жана батыш аймагынын, айрыкча, Дарфурду Ыкчам колдоо күчтөрү үчүн калтырылып жатканын көрсөтүүдө. Бул окуялардын аягы өлкөнү чыныгы бөлүнүүнүн босогосуна алып келет. Дарфурдагы Эль Фашерден башка чоң аймактарды көзөмөлдөгөн Ыкчам колдоо күчтөрү Аль-Жазира штатына жана борбордук аймактарга жардам күчтөрүн жөнөтүү кудуретинде болчу. Бирок алар бардык коркутуу билдирүүлөрүнө карабай ал аймактардан чыгып, Дарфурга чегиништи. Бул көрүнүш Судан майданындагы аракеттерди башкарган жана Суданды өз оюн талаасы катары көрүп, шахмат фигураларын каалгандай жылдырып жаткан эл аралык күчтүн парда аркасында турганын ачыктап турат!

Бешинчиден: Судан согуш талаасындагы бул ылдам өзгөрүүлөр  Вашингтон тарабынан берилген жаңы позиция жана билдирүүлөр менен дал келип жатканын да көздөн качырбоо керек:

  1. 7-январда бийликти жаңы администрацияга өткөрүүгө аз күн калганда, Байдендин кызматтан кеткен администрациясы Ыкчам колдоо күчтөрүн Судандын батышындагы Дарфур аймагында “геноцид” жасады деп айыптады. Бул айыптоонун артынан Ыкчам колдоо күчтөрүнүн жетекчилерине жана БАЭ тарабынан каржыланып жатканы айтылган жети компанияга каржылык санкциялар киргизилди. Бирок бир нече күн өүп, 16-январда Байден администрациясы Судан армиясынын башчысы жана өлкөнүн иш жүзүндөгү лидери генерал Абдель Фаттах аль-Бурханга каршы санкцияларды киргизди. Аны “Судандагы демократиялык процессти туруксуздаштыруу жана ага тоскоолдук кылууда” деп айыптады. Ушул шылтоо менен Бурхандын АКШдагы бардык активдерин тоңдурду. (BBC, 26. 01.2025).
  2. Ушунун негизинде, Судан сахнасындагы өзгөрүүлөр Америкадагы өзгөрүүлөрдүн чагылуусу экени толугу менен ачыкка чыгат. Америка Судан архивин ачып, эки тарапка каршы санкцияларды киргизгенден кийин, согушуп жаткан тараптар жаңы көзөмөл картасына ылайык позицияга өтүштү. Америка өзүнүн саясатын көздөн өткөрүп жатат. Байдендин администрациясы бийликти жаңы администрацияга өткөрүп бергендиктен, мындай аракеттин зарылдыгы дагы да артты. Американын жаңы президенти Трамп өзүнүн Американын кызыкчылыктарын кепилдеп, өзүнүн статусун көтөрө турган маселелерди чечүү үчүн жаңы багыт алып жаткандай. Ал жөөт вужуду менен мамилени нормалдаштыруу үчүн “Ибрахим келишимдери” сыяктуу колунда негизги козыр карталар бар деп ойлоп жатат. Бул келишимди кеңейтип, Суданды да ага кошууну каалайт. Инаугурациясына чейин ал Газа келишимине жетишүүгө чоң салым кошту. Учурда ал тынчтык орнотуучу катары күчтүү позицияда көрүнгүсү келет. Вашингтондогу бул жаңы көз караш Суданды жана андагы согушту да камтыйт. Президент Трамп Суданды жөөт түзүмү менен мамилелерди нормалдаштыруусу үчүн “Ибрахим келишимдерине” катышууга түрткүсү келет. АКШнын мурдагы дипломаты жана африка иштери боюнча адис Дэвид Шинн, президент Дональд Трамптын жаңы администрациясы, айрыкча, жаңы мамлекеттик катчы Марко Рубионун Судан боюнча иштери активдүү түс алышын белгиледи. Шинн, Трамптын биринчи мөөнөтүндө Суданга чоң маани бергенин жана ошол убактагы аракеттерден улам “Ибрахим келишими” алкагында Судан менен “Израил”дин ортосун нормалдаштыруу ийгиликтүү болгонун түшүндүрдү. (Альхурра, 25.1.2025).
  3. Судандын Тышкы иштер министри Али Юсуфтун билдирүүсү да муну тастыктаа турат: “Судандын Тышкы иштер министри Американын Судан саясатын кайрадан карап чыгуу боюнча көз карашы жана программасы бар экендигин ачыктады. Министр бул көз караш жаңы админстрация ишке киргенден кийин ишке аша баштай турганын айтып, “АКШнын жаңы администрациясы менен маселени жөнгө салуу боюнча байланышууга эрте”, – деп кошумчалады. (Аш-Шарк гезити, 23.01.2025). “Sudan News” гезити 25-январда: “АКШ мамлекеттик катчысы Марко Рубионун Египеттик кесиптеши Бадр Абделати менен эки өлкө ортосундагы стратегиялык мамилелерди чыңдоо алкагында жолугушканын жазды. Эки министр жолугушууда, Судандагы окуяларды талкуулап, согуштук аракеттерди токтотуу жана гуманитардык жардамды кеңейтүү үчүн тараптарга кысым көрсөтүү зарылдыгын баса белгилешти”.

Алтынчы: Демек, Судан майданындагы иштер Трамп тарабынан пландалып, башкарылат. Окуялардын ал тарабынан багытталышы төмөндөгү максатка кызмат кылышы ыктымал:

  1. Бул планга ылайык, Судандын борбордук жана чыгыш аймактарын Бурхан жетектеген армиянын көзөмөлүнө, Дарфурду болсо Ыкчам колдоо күчтөрү менен Хамидатинин башкаруусуна калтырууда. Муну менен өлкөнү Американын эки малайы ортосунда бөлүштүрүүгө шарт түзүлүп жатат. Натыйжада, Суданда эки башка башкаруу пайда болот. Бул абал Хамидатинин Дарфурга көзөмөл кылуусуна карай баратат. Биз бул планды 19.12.2023-жылы чыккан суроо-жоопто эле айтып, мындай дегенбиз: “Булардын баары Американын бөлүнүүгө абал даярдап жатканын көрсөтүүдө. Качан Американын кызыкчылыктары, Түштүк Судандан кийин дагы бир бөлүнүүнү талап кылса, бул бөлүнүүнү Дарфурда жасайт. Ыкчам колдоо күчтөрү болсо куралдуу күчү бар саясий оппозиция болушу керек… Көрүнүп тургандай, азырынча бул бөлүнүүнүн убагы келе элек. Балким, бөлүү үчүн ылайыктуу абал даярдалып жатат…”. Бул биз мурун айткан нерсе. Учурда Американын кызыкчылыгы Түштүк Судандагыдай Дарфурдун да бөлүнүшүн тездетүүгө жакындап калды окшойт… Эгер Трамп бул планды ийгиликтүү ишке ашыра алса, өтө кооптуу кесепеттерге алып келет. Ошондуктан, үммөт Түштүк Судан бөлүнүп кеткендегидей унчукпай калбастан, Трамптын планына каршы туруу керек!
  2. Судан Трамптын жөөт вужуду менен мамилени нормалдаштыруу поездине түшүрүүгө мажбурланып, даярдалып жатат. Биз буга чейин Судандын “Израил” менен алаканы нормалдаштырышы жөнүндө 2023-жылдын 19-мартында чыккан суроо-жоопто айтканбыз: “Израил” менен алаканы нормалдаштыруу арам. Анткени, бул мусулмандар үчүн эң ыйык болгон Палестинаны басып алган, анын элине күнү-түнү кол салып, үйлөрүн бузуп, балдарын өлтүрүп, мал-мүлкүн тартып алган вужудду тан алуу болуп саналат. Бирок, буга карабастан, Судандын Эгемендик Кеңешинин төрагасы Абдел Фаттах Аль-Бурхан Хартумда Коэн менен жолугуп, өзгөчө коопсуздук жана аскерий тармактарда кызматташтыкты кеңейтүүнү талкуулаганын жарыялады. Судандын Тышкы иштер министрлиги болсо, “тараптар мамилелерди нормалдаштыруу багытында алдыга жылууга макулдашканын…” билдирди. (Судан маалымат агенттиги 02.02.2023). Кыязы, Трамп нормалдашуу планын мурунку президент Байден сыяктуу баскычма-баскыч эмес, чечкиндүү түрдө жүзөгө чыгарууну көздөп жатат.

Жетинчиси: Булардын баары Судандагы окуялардын картинасын жана анын аркасында Вашингтон турганын айкыныраак көрсөтүп турат. Судан калкы жана жалпы мусулмандар бул согуштун он миңдеген адамдын курман болушуна, 12 миллиондон ашык судандык качкын болушуна себепкер экенин түшүнүүлөрү керек. Бир учурда “дүйнөнүн азык себети” аталган өлкөдө айыл чарба системасы кыйрады. Экономиканын маанилүү тармактары шал абалда. Мунун баары Америка малайлары ортосундагы маани-маңызы жок согуштун айынан болду. Бурхан, Хамидати жана алардын өнөктөштөрү Американын кызыкчылыктарына кызмат кылуу, анын Судандагы таасирин бекемдөө жана  европа таасириндеги күчтөрдү майдандан сүрүп чыгаруу үчүн согушуп жатышат. Мусулман канынын ыйыктыгына эки тарап тең маани берген жок. Алардын жолдоочулары мындай кылмыштуу жолду токтотушу керек эле. Бирок, ар бир тараптын бири-бирине каршы күч топтоосу жана зулумдуктар көздөрүн пардалады. Алар Исламда мусулмандын канын төгүү канчалык оор күнөө экенине маани беришпеди:

أخرجه البخاري.. عَنْ الْأَحْنَفِ بْنِ قَيْسٍ قَالَ: فَإِنِّي سَمِعْتُ رَسُولَ اللَّهِ ﷺ يَقُولُ: «ِإذَا الْتَقَى الْمُسْلِمَانِ بِسَيْفَيْهِمَا فَالْقَاتِلُ وَالْمَقْتُولُ فِي النَّارِ. قُلْتُ يَا رَسُولَ اللهِ هَذَا الْقَاتِلُ فَمَا بَالُ الْمَقْتُولِ؟ قَالَ: إِنَّهُ كَانَ حَرِيصاً عَلَى قَتْلِ صَاحِبِهِ

Имам Бухари риваят кылган асыл хадисте Ахнаф бин Кайс айтты: “Мен Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) мындай дегенин уктум: “Эгер эки мусулман кылычтары менен жолукса, өлтүргөн да, өлтүрүлгөн да тозокто болот”. Мен айттым: “Оо, Аллахтын Элчиси, өлтүргөндүн абалы белгилүү, бирок өлтүрүлгөн киши эмне үчүн тозокто?”.  Ал: “Анткени, ал да каршылашын өлтүргүсү келген”, – деди.

Ал эми, бул согуш Американын жана анын малайларынын кызыкчылыгы үчүн болсо акыбет кандай болот? Мунун акыбети өтө оор жана ачуу болот.

Акырында айтаарыбыз, эй Судан калкы! Калкка эч качан калп айтпаган Хизб-ут-Тахрир силерге кайрылат:

Силер хижрий 31-жылы рошид халифа Усмандын (Аллах андан ыраазы болсун) дааватына жооп берип, Исламды бийик кылган жана жүздөгөн жылдар бою анын туусу астында болгондордун мураскерсиңер. Силер ажыларга кызмат кылуу үчүн Микатта “Абяр Али” кудугун каздырган жана анын артынан каапырларга каршы согушуп, эки жакшылыктын бирине ээ болгон Али бин Динардын урпактарысыңар.

Силерди төмөндөгү кылмыштуу үч ишке каршы турууга чакырабыз. Алар: Түштүк Судандын бөлүнүшүнөн кийин Дарфурду бөлүү менен өлкөнүн майдаланышына каршы туруу…

Мубарек жерди басып алып, ал жерде бузукулукту жайылткан яхудий вужуду менен алакаларды нормалдаштырууга каршы…

Мусулмандардын ортосунда от жага турган жана күнөөнү арттыра турган бул согушка каршы туруу…

Бул кылмыштуу үч ишти токтоткула жана өлкөнүн куралдарын каапыр колонизаторлорго каршы карата турган бир бүтүн армияны даярдагыла. Ошол улуу жеңиш:

﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا اسْتَجِيبُوا لِلَّهِ وَلِلرَّسُولِ إِذَا دَعَاكُمْ لِمَا يُحْيِيكُمْ﴾

“Оо, ыйман келтиргендер, Аллах жана Пайгамбар силерди өмүр берүүчү нерсеге (исламга) чакырса, ага жооп бергиле”.

1446-х, 7-шаьбан.

2025-ж, 6-февраль.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here