Жапаровдун Сеулга расмий сапарынын максаты

22
0

Жапаровдун Сеулга расмий сапарынын максаты

Президент Садыр Жапаров Түштүк Кореяга расмий сапар менен барып, корей лидери Юн Сок Ёл менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди.

Маалыматка ылайык, өлкө башчылар Корея менен Кыргызстандын ортосунда Баарын камтыган өнөктөштүктү түзүү жөнүндө биргелешкен билдирүү кабыл алышты. Ошондой эле, экономика, инвестиция, энергетика, экология, салык, айыл-чарба жана билим берүү багытында 22 документке кол коюлду. Жолугушууда корей лидери Европа менен Азияны бириктирген көпүрө катары Борбор Азиянын стратегиялык маанисин белгилеп, июнь айында Корея – Борбор Азия кызматташтыгын сунуштаганын билдирди.

Ал эми, Жапаров Кыргызстан Түштүк Корея Азия-Тынч океан аймагындагы артыкчылыктуу өнөктөштөрдүн бири экенин, келерки жылы Борбор Азия – Корея мамлекет башчыларынын саммитин өткөрүү саясий жана экономикалык кызматташтыкты тереңдетүүгө маанилүү кадам экенин белгиледи.

Комментарий:

Белгилүү болгондой, стратегиялык жактан Түштүк Корея АШга көз каранды мамлекет. АКШ Түштүк Кореяга эң көп капитал жаткыруучу мамлекет болуп, бул өлкөдө ири компаниялары иш алып барат. Ошондуктан, Кореянын башка өлкөлөр менен жүргүзгөн саясаты АКШ кызыкчылыгы алкагында алып барылат. Ошондуктан, Корея, Япония жана Түркия сыяктуу өлкөлөр менен кызматташтык түпкүлүгүндө Американын аймактагы өлкөлөрдү Кытай менен Орусиядан обочолонтуу саясатына кызмат кылат. Айрыкча, Кытайдын аймактагы таасири артып, стратегиялык маанидеги тармактар кытай инвесторлорунун колуна өтүп жаткандыктан, АКШ үчүн аймакта альтернативдүү экономикалык таасирин арттыруу маанилүү. Кытайдын аймактагы өлкөлөр менен болгон соода алакасы Орусиядан да ашып турган чакта бул абдан маанилүү. Маселен, Борбор Азия менен Орусиянын соода алакасы 40 млрд $ды түзөт. Бул Орусияга санкция салган Батыштан Борбор Азия аркылуу товарларды сатуу 300%га чейин өскөндөн кийинки көлөм. Ал эми, Кытай менен аймактагы өлкөлөрдүн товар алмашуусу 60 млрд доллардан ашты.

         Мындан улам, АКШ дүйнөлүк майданда өзүнө атаандаш көргөн Кытайдын Борбор Азияны толук таасири астына алуусуна каршы аракеттерди көрүп жатат. Бул үчүн С5+1 форматындагы саммит Президенттик деңгээлге көтөрүлүп, Байден аймактагы өлкөлөрдүн лидерлерин АКШда кабы алды. А бирок, Американын аймактагы мүмкүнчүлүктөрү чектелүү болгондуктан, С5+1 форматында Индия жана Япония саммиттерин да уюштурууда. Эми болсо Корея менен Борбор Азия ортосунда С5+1 форматындагы саммит уюштурулуп жатат.

         Жыйынтыктап айтканда, бүгүнкү күндө капитализм өкүмдарлык кылган дүйнө империалисттери кайсыл аймакта боштук болсо, ошол жерге тамак издеген иттердей жетип келүүдө. Учурда мындай боштук Борбор Азияда күзөтүлүп жатышы жана бул аймактын стратегиялык маанилүүлүгү империалисттердин аймакта таасирин кеңейтүүсүнө түрткү берип жатат. Демек, Украина кризисинин артынан таасир талашуу аймагы Борбор Азияга көчүп жатканы жашыруун эмес. Буга жогорудагы окуялар жана Борбор Азия лидерлери менен ири мамлекеттердин ортосундагы алакалар да ишара кылууда. Андыктан, Жапаровдун Кореяга жасаган сапарында экономикалык кызыкчылыктарда эки өлкөнүн пайдасы болсо дагы, саясий жактан Кытайдын таасирине каршы багытталат.

Мына ушундай ачкөздүктөрдүн, таланып-тонолуунун каршысында биз мусулмандар, зулумдук үстүнө курулган капиталисттик системадан баш тартып, өз Исламыбызга жүздөнгөнгө аракет кылышыбыз шарт. Ага чейин колонизаторлордун биздин үстүбүздөгү өкүмзордугу улана бермекчи.

Нурдин Асаналиев

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here