Кыргызстанда турак-жайга салык көбөйтүлөт
Кыргызстанда жер үй, батир ээлерине салык салуу ыкмасы өзгөрөт. Чоң шаарларда жер үйү 120 чарчы метрден ашкандар мүлк салыгын төлөй баштайт. Ал эми батир үчүн 80 чарчы метрден өйдө төлөнөт. Буга чейинки салык эрежеси боюнча жер үйлөр 150 чарчы метрден, батирлер 80 чарчы метрден ашса салык төлөнөт. Эми батирлердин баары кайсы аймакта болушуна карабай салык төлөй баштайт. Муну менен катар калктын саны 100 миңден ашкан аймактардын баары бир категорияга киргизилмекчи. Мурда шаардагы калктын саны 500 миңден ашык болсо гана салык төлөнчү. Ал эми, калкы аз айылдарда үй 360 чарчы метрден ашканда салык төлөнсө, эми 170 чарчы метрден ашканынан салык алына баштайт. Муну менен өкмөт бюджетке кошумча 210 млн сом салык чогултууну көздөп жатат.
Үй менен катар короодогу жер салыгы да көбөйөт. Бишкек менен Ошто 1 чарчы метр жер үчүн 150 сомдун ордуна 200 сом төлөнө баштайт. Айыл жергесинде бул акы 10 сомдон 30 сомго өсөт. Жер салыгынын көбөйүшү бюджетке кошумча 250 млн сом алып келет.
Мындан тышкары, турак жайга 12 пайыздык Кошумча нарк салыгы да киргизилип жатат. Бул үйлөрдүн дагы кымбатташына алып келет. Тагыраагы, курулуш компаниялар аталган салыкты үй сатып алуучулардын эсебинен төлөйт.
Комментарий:
Кыргыз бийлиги бюджетти толтуруу убадасын бергенден кийин бир катар салык жана төлөмдөрдүн санын көбөйтүү менен калктын жонунан кайыш тилип келүүдө. Буга чейин жол эрежесин бузгандарга айып пулдар эселеп өсүп, жол салыгын киргизүү сунушталган. Буга кошумча, акыркы бир жыл ичинде эле светтин баасы 11 пайызга, жылуулук жана ысык суунун тарифи үч эсе кымбаттады. Соодагерлерге ККМ орнотуу менен бюджеттин дээрлик жарымын түзгөн НДС салыгын көтөрүү аракети жүрүп жатат. Бул салыктар айланып келип эле калк сатып алган негизги товарлардын баасы кымбатташына алып келет.
Ушундайча карапайым калктын жүгү барган сайын оорлоп жатса, бир ууч капиталисттердин байлыгы артып барууда. Маселен, өлкөдөгү сүткор банктардын 9 айдагы эле кирешеси 115 млрд сомго жеткен.
Мунун каршысында Ислам түзүмүндө, мамлекет өз иштерин жүргүзүү үчүн салык салууга муктаж болбойт. Анткени, өз иштерин жүргүзүү үчүн жер жана кыймылсыз мүлк сыяктуу мамлекеттик мүлктөрдөн пайдаланат. Ал эми, калктын жалпы кызыкчылыктарына тиешелүү муктаждыктарга адамдардын бардыгы шерик болгон умумий мүлктөрдөн сарптайт. Маселен, мектептер, университеттер, ооруканалар, жолдор, аэропорттордун курулушу жалпы адамдардын кызыкчылыгы болуп, ага умумий мүлктөн сарпталат. Мисалы, алтын, мунай, газ, темир, уран сыяктуу табигый байлыктарды иштеп чыгаруудан алынган пайдалар ушул тармактарга жумшалат.
Мындан тышкары, Ислам байлыктын бир ууч адамдардын колунда чогулуп калышына жол бербейт. Ошол эле учурда жакыр жана муктаж кишилерди салык төлөтүү менен айласын кетирбейт. Балким, кирешеси белгилүү өлчөмгө жеткен гана адамдардан зекет жыйып алат. Зекетти адамдар ибадат катары кубануу менен беришет.
Исламда мамлекет сейрек учурда, тагыраагы, Алла Таала мамлекетке жана Үммөткө парз кылган ишти аткаруу үчүн муктаж болгон учурда гана мусулмандар арасындагы бай адамдарга кайрылып, карыз алышы мүмкүн. Кээде мамлекет мусулмандардын байларынан кайсы бир муктаждыкты чечүү үчүн ушул керектүү каражаттын өлчөмүндө гана салык салышы мүмкүн. Мисалы, Расулуллах (с.а.в) Табук казатына керектүү каражат үчүн мусулмандарга кайрылган. Ошондо, Усман (р.а) бул катаал жылдагы кыйынчылыкты жоюу үчүн миң динар берген.
Демек, Исламдагы мындай салык учурдагы капиталисттик түзүмдөгү салык жана төлөмдөр сыяктуу туруктуу түрдө алынбайт. Туруктуу түрдө салык топтоо жайиз эмес. Ошондуктан, капиталисттик түзүмдөгү салыкка негизделген экономикалык түзүмдү Исламдагы экономикалык түзүмгө окшотуу чоң ката. Расмий бийлик ишке ашырып, чакырып жаткан салыктарга Исламда тыюу салынган!
Нурдин Асаналиев