Тоң моюн душман

54
0

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Асыл хадис менен

Тоң моюн душман

Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.

Ан-Навави Имам Муслимдин “Сахих” китебине шарх берип, “Тоң моюн душман” бөлүмүндө  айтат:

حدثنا أبو بكر بن أبي شيبة، حدثنا وكيع عن ابن جريج عن ابن أبي مليكة عن عائشة قالت: قال رسول الله صلى الله عليه وسلم:” إن أبغض الرجال إلى الله الألد الخصم

Бизге Абу Бакр бин Абу Шайба Айша (р.а)дан риваят кылат.  Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты: “Аллахтын алдында адамдардын эң жаманы – тоң моюн душман”.

“Тоң моюн душман” сөзү الألد “Ладиди аль-Вади” (өрөөндүн эки тарабы)  сөзүнөн алынган. Бул кежирлик менен душмандык кылуу маанисин билдирет.  Себеби, ага далил келтирген сайын өрөөндүн башка тарабына өткөн сыяктуу башка тарапка өтүп кете берет. Ал эми (الخصم) талаш-тартышта чебер болушат. Акыйкатты кабыл албоо же жалганды далилдөө үчүн жалганга негизделген талаш-тартышта чебер. Эң туурасын Аллах билүүчү.

Сүйүктүү бир туугандар!

Динибиз мээримдүүлүктүн дини. Ааламдардын Раббиси Өзүнүн Пайгамбары (саллаллаху алейхи уа саллам)га мындай деген:

وما أرسلناك إلا رحمة للعالمين

“Биз сени ааламга ырайым катары жибердик”. Андан соң ага:

ولو كنت فظا غليظ القلب لأنفضوا من حولك

“Эгер сен орой, таш жүрөк болсоң, айланаңдан таркап кетишмек”, – деди. Ошондуктан Алланын элчиси (с.а.в) балага да, карыга да, аялга да мээримдүү болгон. Ал тургай, жан-жаныбарларга да ырайым кылган. Бирок, бүгүнкү күнү үммөт бири-бирине душмандык менен карай турган болуп калды. Эмне үчүн? Анткени, алар бири туура көргөн нерсени экинчиси туура көрбөйт. Бул маселе албетте, кабыл алынгыс көрүнүш. Себеби, мусулман башка мусулманга мээримдүү болот. А түгүл, жан-жаныбарларга ырайымдуу болот.

عن ابن مسعود رضي الله عنه قال: كنا مع رسول الله صلى الله عليه وسلم في سفر، فانطلق لحاجته، فرأينا حمرة معها فرخان، فأخذنا فرخيها فجاءت الحمرة تعرش، فجاء النبي صلى الله عليه وسلم فقال: “من فجع هذه بولدها؟ ردوا ولدها اليها”. ورأى قرية نمل حرقناها فقال “من حرق هذه؟” قلنا: نحن، قال: “إنه لا ينبغي أن يعذب بالنار الا رب النار”. رواه أبو داوود باسناد صحيح.

Ибн Масуд (радыяллаху анху) айтты: Биз Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) менен бирге сапарда болчубуз. Ал муктаждыгын аткаруу үчүн ары басып кетти. Биз Хамраны (таранчыга окшош кичинекей чымчык) эки балапан менен көрдүк. Анын эки балапанын алып койдук. Ал чымчык коркконунан айланчыктап учуп калды. Ошондо Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) келип: “Ким бул чымчыкты баласынан ажыратып кыйнады? Анын балапанын кайтаргыла”, деди. Ал биз өрттөгөн кумурсканын уюгун көрүп: “Муну ким өрттөдү?”,- деди. Биз дедик. Ал айтты: “Оттун Эгесинен башка эч ким от менен азаптабасын”. Абу Дауд сахих деген.

Ооба, бул биздин динибиз айбанаттарга да ырайымдуу. Бул нерсе өз арабызда да мээримдүү болушубуз керектигин билдирбейби? Суроо туулат, мусулмандардын арасында мээримдүүлүк кантип жоголду? Ал кайда кетти? Ал кантип кайтат? Бул нерсе бүгүнкү күндө биз жашап жаткан материалисттик, капиталисттик система аркылуу динге жана үммөтүнө чыккынчылык кылган малай акимдерибиз себептүү болуп жатканында шек жок. Ошондой эле туура исламий пикирди четке кагуу жакшы кулк-мүнөздүн жоголушуна себеп болду. Бул бийик адеп-ахлакты жана башка жакшы кулк мүнөздөрдү калыбына келтирүү үчүн үммөт талыкпай эмгектениши керек. Бул малай акимдерди бийликтеринен четтетүү жана алардын ордуна халифаны дайындоо аркылуу ишке ашат. Ал бизди Аллахтын мыйзамына ылайык жана  калкты ырайымдуулук менен башкарат. Ошондо биз бул дүйнөдө жана акыретте бактылуу болобуз. Оо Аллахым ушул күндү тездет.

Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси  болсун.

1446-х, 19-жуммадул уула.

2024-ж, 21-ноябрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here