Зекетке муктаждардын түгөнүүсү жана фатхтар

44
0

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Асыл хадис менен

Зекетке муктаждардын түгөнүүсү жана фатхтар

Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.

عن أبي موسى الأشعري رضي الله عنه أن النبي صلى الله عليه وسلم قال‏:‏ ‏”‏ليأتين على الناس زمان يطوف الرجل فيه بالصدقة من الذهب، فلا يجد أحداً يأخذها منه، ويرى الرجل الواحد يتبعه أربعون امرأة يلذن به من قلة الرجال وكثرة النساء‏”‏ ‏‏رواه مسلم‏.‏‏

Абу Муса Аль-Ашари (Аллах андан ыраазы болсун) Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам)дын ушундай дегенин риваят кылат: “Адамдарга  бир заман келет, адам алтындан садака берип, бирок андан алганга эч кимди таппай калат. Эркектердин аздыгынан жана аялдардын көптүгүнөн бир эркектин артынан кырк аял ээрчип, алар ага баш калкалашканын көрөт”. Муслим риваяты.

Урматтуу бир туугандар!

Сөздөрдүн эң жакшысы – Аллах Тааланын сөзү, ал эми туура жолдун эң жакшысы – Анын Пайгамбары Мухаммад (с.а.в)дын жолу.

Бул асыл хадис али боло элек жана убагы келе элек нерселер жөнүндө кабар берүүдө. Бул замандын өзгөрүп, ар түрдүү болорун билдирет. Келечекте адамдар бай боло турган, кайрымдуулук көп боло турган жана зекетти ала турган жана ага ылайык болгон эч ким калбай турган заман келет. Бул хадис бизге каапырлар жана алардын малайлары уурдап кеткен үммөттүн мүлкү кайра үммөткө кайтып келээрине ишара кылат. Ислам жашоодо толук колдонулгандыктан, инсандар асыл жашоого жетип, бардар турмуштан улам эч ким эч нерсеге муктаж болбой калат. Ал тургай “зекет ала турган адам барбы” деп чакырылса, эч ким жооп бербей турган абалга чейин жетет.

Исламдын кайрадан бийликке келишин кабарлаган дагы бир нерсе – бул алтын жөнүндө сөз болуусу. Анткени, Исламдын чебер каржы түзүмү алтын жана күмүшкө негизделген. Исламий мамлекет алтын менен күмүштөн четтегенге чейин экономикасы бузулган эмес.

Бир кылымдан бери жихаддан куру калган мусулмандар үчүн Аллах жолунда согушуунун жана фатхтардын кайтып келишин кабарлаган дагы бир белги бар. Бул жерде эркектердин аздыгы аялдардын көп болгондугунан эмес, балким жихад жана согуштун күчөгөнүнө байланыштуу.

Азырынча бул нерселер боло элек, Иншаа Аллах жакынкы аралыкта болот. Биз бул учурга күбө болобуз деп үмүттөнөбүз. Исламдагы экономикалык түзүм кайра кайтып, жаштар Исламды жайылтуу үчүн жихадга шашыла турган мезгилдин жакындап калганын көрсөткөн көптөгөн далилдер бар.

Демек, күмөн санагандарга жана алсыздарга анык боло турган чындыктарды чеке кагууга орун жок. Анткени, Пайгамбардын (с.а.в) белгилүү бир нерсени сүрөттөшү анын анык ишке ашарын билдирет.

Ошондой эле, Аллах Таала Өзүнүн Элчисине жана үммөтүнө кандай даража, кадыр-барк жана бийиктик болорун айтып, сабырдуулукту талап кылчу. Мына ушул хадисте да Пайгамбар (с.а.в) бизге боло турган бийиктикти сүйүнчүлөп, сабырдуулукту талап кылууда. Биз болгону Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам)дын жолуна түшүү аркылуу коопсуздукка жана күнөөдөн кутулууга жетишүүбүз керек.

Үммөттө жакшылык өкүм сүрүүсү кайтып, иштер өз нугуна түшүп, бул жүрөк жылыткан учурга жетип барышыбызды  Аллахтан тилейбиз.

Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси болсун.

1446-х, 8-Робиус-саани.

2024-ж, 11-октябрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here