Бисмиллаахи рахмаанир рахиим
Жөөт вужудун жок кылуу үчүн дуба кылуу тууралуу
Ассаламу алейкум уа рахматуллохи уа баракатуху. Аллах сизди кайсы жерде болсо да Өз коргоосунда сактасын. Мен сизден ушул аят жөнүндө сурайын дегем. Аллах Субханаху ва Таала айтат:
وَاِذَا سَاَلَكَ عِبَادِيْ عَنِّيْ فَاِنِّيْ قَرِيْبٌ ۗ اُجِيْبُ دَعْوَةَ الدَّاعِ اِذَا دَعَانِ فَلْيَسْتَجِيبُوا لِيْ وَلْيُؤْمِنُوْا بِيْ لَعَلَّهُمْ يَرْشُدُوْنَ
“Эгер пенделерим сенден Мен тууралуу сурашса, “Мен жакынмын. Качан Мага дуба кылса, дубасын кабыл кылам. Мага да жооп кылышсын! Мага ыйман келтиришсин! Мүмкүн алар туура жолду табышаар», – дегин).
(Бакара: 186).
Суроо: Аллах адамдын бардык дубаларына жооп берет деген чынбы? Аллах жооп бербеген дуба барбы? Кээ бирөөлөр сурашат, биз “израил”ди Аллахтан жок кылсын деп дуба кылдык, бирок эмне үчүн алар дагы эле күчтүү жана Газага чабуулун улантууда? Жообуңуз үчүн рахмат, Аллах сизди эң жакшы жооп бергениңизге улуу сыйлыктарды берсин. Вассаламу алейкум уа рахматуллохи уа баракатуху.
Уа алайкум ассалам уа рахматуллоохи уа баркаатуху.
Жооп: Дуба жөнүндө билишиңиз керек болгон төмөнкү нерселер бар:
- Аллах Тааланын Китеби жана Расулунун сүннөтүндө айтылгандай: Момун адам тууганчылык байланышын үзбөй Аллахка чын жүрөктөн дуба кылса, Аллах Таала ага үч нерсенин бири менен жооп берет.
Аллах Таала дуба кылуучу дуба кылганда дубасына жооп берип, муктаждыгын чечет.
﴿وَقَالَ رَبُّكُمُ ادْعُونِي أَسْتَجِبْ لَكُمْ﴾ [غافر: 60]
“Жана Раббиң айтты: “Мага дуба кылгыла, мен силерге жооп беремин” (Гафир: 60).
وَاِذَا سَاَلَكَ عِبَادِيْ عَنِّيْ فَاِنِّيْ قَرِيْبٌ ۗ اُجِيْبُ دَعْوَةَ الدَّاعِ اِذَا دَعَانِ فَلْيَسْتَجِيبُوا لِيْ وَلْيُؤْمِنُوْا بِيْ لَعَلَّهُمْ يَرْشُدُوْنَ
“Эгер пенделерим сенден Мен тууралуу сурашса, “Мен жакынмын. Качан Мага дуба кылса, дубасын кабыл кылам. Мага да жооп кылышсын! Мага ыйман келтиришсин! Мүмкүн алар туура жолду табышаар», – дегин).
(Бакара: 186).
﴿أَمَّنْ يُجِيبُ الْمُضْطَرَّ إِذَا دَعَاهُ وَيَكْشِفُ السُّوءَ﴾ [النمل: 62]
“Ага кайрылганда запкы чеккенге жооп берген, жамандыкты кетирген” (Намл: 62).
Бирок дубага жооп кайтарылуусунда Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) баяндаган чындык бар:
«مَا مِنْ مُسْلِمٍ يَدْعُو اللهَ عَزَّ وَجَلَّ بِدَعْوَةٍ لَيْسَ فِيهَا إِثْمٌ وَلَا قَطِيعَةُ رَحِمٍ، إِلَّا أَعْطَاهُ اللَّهُ بِهَا إِحْدَى ثَلَاثِ خِصَالٍ: إِمَّا أَنْ يُعَجِّلَ لَهُ دَعْوَتَهُ، وَإِمَّا أَنْ يَدَّخِرَهَا لَهُ فِي الْآخِرَةِ، وَإِمَّا أَنْ يَصْرِفَ عَنْهُ مِنَ السُّوءِ مِثْلَهَا. قَالُوا: إِذًا نُكْثِرُ. قَالَ: اللهُ أَكْثَرُ». أخرجه أحمد 3/18،
“Мусулман адам Аллах Таалага күнөөдөн башкага жана тууганчылык мамилесин үзбөгөн абалда дуба кылса, Аллах ага үч нерсенин бири менен жооп берет: “Же анын дубасына жоопту тездетет, же аны акыретке камдап коёт, же дубасынын көлөмүндө андан бир жамандыкты кайтарат. Алар (сахаабалар): биз аны көбөйтөбүз дешти. Пайгамбар (с.а.в) “Аллах көбөйтүүчүрөөк”,- деди. (Ахмад риваяты 3/18).
لَا يَزَالُ يُسْتَجَابُ لِلْعَبْدِ مَا لَمْ يَدْعُ بِإِثْمٍ أَوْ قَطِيعَةِ رَحِمٍ مَا لَمْ يَسْتَعْجِلْ. قِيلَ: يَا رَسُولَ اللهِ، مَا الِاسْتِعْجَالُ؟ قَالَ: يَقُولُ قَدْ دَعَوْتُ وَقَدْ دَعَوْتُ فَلَمْ أَرَ يَسْتَجِيبُ لِي فَيَسْتَحْسِرُ عِنْدَ ذَلِكَ وَيَدَعُ الدُّعَاءَ» أخرجه مسلم 4918.
“Пенде күнөө үчүн дуба кылбаса (арам нерсеге дуба кылбаса) тууганчылык байланышын үзбөсө, шашпаса дубасы кабыл болот. Айтылды: “Оо, Аллахтын Элчиси шашпаса деген эмне?”. Ал айтты: “Дуба кылдым, дуба кылдым, бирок Анын мага жооп бергенин көргөн жокмун”, – дейт да, кийин кайгырып дуба кылууну таштайт”. (Муслим 4918).
Биз Аллах Таалага дуба кылууда, эгер чынчыл, ыкластуу жана моюн сунуучу абалда болсок, анда Алланын Элчиси (саллаллаху алейхи васаллам) түшүндүргөн мааниде Аллах жооп берерине ишенебиз.
- Дуба бардык учурда максатка жетүү үчүн шаръий жол эмес. Дуба кылуу мандуб амал, кылса сооп алат. Бирок, бул согуштарда жеңишке жетүүнүн же мамлекет куруунун жолу эмес…
Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) Бадрда аскерлерди даярдап, аларды өз ордуларына жайгаштырып, аларды согушка өтө жакшы даярдады. Андан соң чатырына кирип Аллахтан жеңиш тилеп, көп дуба кыла баштады. Ал тургай, Абу Бакр (радыяллаху анху) ага: “Ушунун кээ бирлери сага жетиштүү эй Аллахтын Элчиси”, – деп айтканга чейин дуба кылды. (Ибн Хишам 626/2).
Дуба себептерди кылууну жокко чыгаруу дегенди билдирбейт. Тескерисинче, аны менен бирге жүрүүгө мүнөздүү амал. Башкача айтканда себептерди кылуу менен бирге дуба кылуу зарыл. Ошондой эле, ким Халифалыктын кайра тикеленүүсүн кааласа, ага жетүү үчүн Раббисине дуба кылуу менен чектелбей, тескерисинче, аны тикелөө үчүн аракет кылгандар менен бирге амал кылып, Аллахтан ага жардам сурап, анын ишке ашуусун тездетүү үчүн дуба кылуусу зарыл. Аллахка чын ыкластан дуба кылууда өжөрлүк кылат жана себептерин кошо аткарат. Ошондуктан, адам бардык иштерин Аллахка арнайт жана Аллахтын Элчисине (саллаллаху алейхи уа саллам) чынчыл болот. О.э дуба кылууда өжөрлүк кылат. Аллах – Угуучу жана Кабыл кылуучу.
- Биз мурда мындай суроого хижрий 1432-жылы, Зул-каада айынын төртүндө, миладий 2011-жылдын 10-январында жооп бергенбиз. Анда мындай деп айтылган:
“… Себептерди кылуу менен катар дуба кылууга келсек, бул натыйжаларга жетүүгө таасирин тийгизет. Бул жол Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) жана анын сахабалары (Аллах алардан ыраазы болсун) карманган жол. Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) кошуунду даярдап, анан чатырына кирип дуба кылды…
“Аль-Кодисия” согушунда мусулмандар дарыядан өтүүгө даярданышты, анан Сааьд (Аллах андан ыраазы болсун) Аллахка жүздөнүп дуба кылды… Ошондуктан, чыныгы момундар кошуун даярдыгын даярдоо менен бирге дуба кылышкан. Ырыскы издеген адам талыкпай эмгектенүү менен бирге дуба кылат. Студент окуп, талыкпай эмгектенүү менен бирге Аллахтан ийгилик тилеп дуба кылат. Дуба кылууда ушундай жол тутулса анын натыйжасы болот ин шаа Аллах. Башкача айтканда, себептерди кылуу менен бирге дуба кылуу шарт.
“Хизб ут Тахрир Түшүнүктөрү” китебинин 39-бетинде мындай деп келген: Бирок, маалым болушу зарыл болгон нерсе, тарыйкатка далалат кылган иш сезиле турган натыйжага ээ болгон материалдык иш болсо да, бул иш Алланын буйрук-кайтарууларынын негизинде жүргүзүлүшү жана аны Алланын буйрук-кайтарууларынын негизинде жүргүзүүдөн Аланын ыраазылыгы көздөлүшү керек. О.э. мусулмандын зээнинде Алла Таалага байланыштуулукту билүү үстөм болушу зарыл. Ал ушуну менен Аллага Куран окуу, намазды аткаруу, дуба кылуу жана ушул сыяктуу иштер менен жакын болсун. Мусулман жеңиш Алла Таала тарабынан келет деп этикад кылышы лаазым. Ошондуктан, дилдерде Алланын өкүмдөрүн ишке ашыруу үчүн бекем орношкон такыбаалык болушу зарыл. Ушуну менен бирге, дуба кылуу, Алланы эстөө зарыл жана бардык иштерди аткаруу учурунда Алла менен үзгүлтүксүз түрдө байлануу зарыл.
Бул пикирлер тарыйкат жөнүндө, ал сөзсүз баш ийишибиз жана каршы чыкпашыбыз керек болгон Шаръий Өкүмдөр экендиги жөнүндө. О.э. бул пикирлер иштер жөнүндө жана алар сезиле турган натыйжаларды жүзөгө чыгара турган иштер экендиги жөнүндө”.
Себепти кылуу менен бирге дуба кылуу, жогоруда айткандай, Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) жана анын сахабалары, Аллах алардан ыраазы болсун жана момундар туткан жол. Бул эки иш бирге кылынса натыйжага жетүүгө таасири болот ин шаа Аллах.
Экөөнү бирге кылуу ислам тарыйкатына каршы келбейт. Тескерисинче, исламий фикратты ишке ашыруу үчүн нусустарда көрсөткөн тарыйкатсыз жалаң гана дуба кылууга чектелүү жолу ислам тарыйкатына каршы келет…”
Сиздин сурооңузда яхудий вужудун жок кылуу үчүн дуба кылуу тууралуу айтылган… Бул учурда жалаң гана дуба кылууга чектелүү жетишсиз, тескерисинче, Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) жана анын сахабалары туткан жол сыяктуу, жөөттөр менен согушуп жаткан мамлекеттин кошууну, дуба менен бирге болушу керек. Аллах жардам берүүчү.
Боордошуңар Ато бин Халил Абу Ар-Рашта.
1446-х, 4 робиус-саани.
2024-ж, 7-октябрь.