Азан чакырганда дуба кылуу

178
0

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Асыл хадис менен

Азан чакырганда дуба кылуу

Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.

Бул тууралуу Сахих Муслимде, Имам ан-Нававинин шархындагы “Азан чакыргандагы дуба” бөлүмүндө айтылган.

حدثنا علي بن عياش قال: حدثنا شعيب بن أبي حمزة عن محمد بن المنكدر عن جابر بن عبد الله أن رسول الله صلى الله عليه وسلم قال: “من قال حين يسمع النداء اللهم رب هذه الدعوة التامة والصلاة القائمة، آت محمدا الوسيلة والفضيلة وابعثه مقاما محمودا الذي وعدته حلت له شفاعتي يوم القيامة”

Бизге Али бин Айяаш Жабир бин Абдуллахтан риваят кылган хадисте, Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты: “Ким азанды угуп бүткөндөн кийин “Оо кемчиликсиз, толук азандын жана дайым окулуучу намаздын Роббиси, Мухаммадга (с.а.в) васила (бейиште бир гана адамга бериле турган жай) жана пазилет бер. Аны Өзүң убада кылган мактоого татыктуу даражага көтөр” десе, анда менин шапаатым ага Кыямат күнү берилет”.

Сүйүктүү бир туугандар!

Бизге ибадат жолун көрсөтүп, сооп алуу жолдорун түшүндүргөн Ислам нематын берген Аллахка чексиз мактоолор болсун. Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам)ды зикир кылуу жана ага дуба кылганыбыз үчүн эч бир дин жана шарияттарда  жок  чоң соопту убада кылган, Исламдын улуу нематы үчүн Аллахка мактоолор болсун. Исламдын нематын берген Аллахка чексиз мактоолор болсун. Бул биз үчүн жетиштүү жакшылык.

Эй мусулмандар!

Мусулмандын бүткүл өмүрү Аллахты зикир кылуу менен болот. Анын жашоосу таң атканда “Аллахтын өкүмү менен таң атырдык, силерге Алланын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси болсун” деген дуба менен башталат. Дааратканага киргенде да жамандыктан жана ыпластыктан Аллахтан паана тилейт. Дааратканадан чыкканда Аллахтан кечирим сурайт. Кийим кийсе дуба кылып, Аллахты эстейт. Үйүнөн чыкканда Аллахты эскерет, машинага түшкөндө жол дубасын айтат. Базарга киргенде базарга кирүү дубасын айтат. Кеч киргенде Аллахтын өкүмү менен күн өткөргөнүнө дуба кылат. Мусулман адам күнүн кантип өткөрүшү тууралуу көптөгөн хадистер бар. Ал Аллах менен болгон байланышты бекемдеген абалында жашайт. Бул анын жан дүйнөсү тынч жана кадыржам жашашы үчүн жетиштүү кепилдик.

Бирок мусулмандардын жашоосунда исламий шарият жок болгондон бери анын ордун болор-болбос дүнүйө корлук, жийиркеничтүү пайдапарастык жана материализм түшүнүктөрү ээледи. Кыйынчылык, бактысыздык жашоосунда сезиле баштады. Аллах Тааланын:

“واذكر ربك ذكرا كثيرا”

“Роббиңерди көп зикир кылгыла” деген сөзү, Аллах Тааланын:

“فاذكروني أذكركم”

“Мени эстегиле, Мен да силерди эстейм” деген сөзү үммөт арасында жаңырбастан, тескерисинче, үммөттүн абалы:

“ومن أعرض عن ذكري فإن له معيشة ضنكا”

“Ким Менин зикиримден (Курандан, шарияттан) жүз бурса, анын жашоосу тарыйт” деген сөзүнө дал келип жатат. Эгер үммөт бүгүн Ислам өкүмдөрүн толук ишке ашыра турган Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалыкты тикелөө үчүн аракет кылып, Исламий жашоону кайра баштоо үчүн аракет кылбаса, Үммөт үчүн Аллах каалаган чыныгы бакубат жашоо үммөткө кайтып келбейт.

Оо Аллахым, бизге мусулмандарды бириктирип алардын башындагы балээлерден арылта турган Пайгамбарлык минхажы негизиндеги туура жолдогу халифалыкты тездет.

Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси болсун.

1446-х, 4-Робиус Саани

2024-ж, 8-октябрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here