Ислам карып болуп башталган

30
0

Бисмиллаахи рахмаанир  рахиим

Асыл хадис менен

Ислам карып болуп башталган

Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.

Ааламдардын Раббиси болгон Аллахка чексиз мактоолор, пайгамбарлардын жол башчысы, бардык адамзатка ырайымдын элчиси болгон Пайгамбарга Аллахтын салам-салаваттары болсун!

Бүгүн биз анын жыпар жыттуу сүннөтүнөн тандалып алынган хадистер сериясынын жаңыланган бөлүгүндө турабыз. Андагы сабактарды жана адеп-ахлакты үйрөнүп жана үйрөтүүгө аракет кылабыз.

عن أبي هريرة رضي الله عنه، عن النبي صلى الله عليه وسلم أنه قال: ((بدأ الإسلام غريباً، وسيعود غريباً كما بدأ، فطوبى للغرباء))

Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты: “Ислам карып (чоочун, жат) болуп башталган жана ал кандай башталса, ошондой болуп (кайрадан)  кайтат, карыптарга тууба бейиши  болсун”.

Карыптар  дегендин мааниси  – ак ниет, калыс, динди бекем кармаган адамдар. Алар коомдо жат көрүнүшөт.

Бейиш жана бактылуулук карыптар үчүн. Анткени алар адамдар бузулганда аларды оңдоочулар. Шарттар өзгөрүп, иштер башаламан болуп, жакшы адамдар азайганда, алар акыйкатта бекем болуп, Аллахтын динин бекем карманышат. Алар Аллахтын жалгыздыгына ишенип, ибадаттарын Ага арнап, намазда, зекетте, орозодо, ажылыкта жана башка бардык диний иштерде бекем болушат. Ушулар карыптар. Алар жана аларга окшогондор тууралуу Аллах айткан:

إِنَّ الَّذِينَ قَالُوا رَبُّنَا اللَّهُ ثُمَّ اسْتَقَامُوا تَتَنَزَّلُ عَلَيْهِمُ الْمَلَائِكَةُ أَلَّا تَخَافُوا وَلَا تَحْزَنُوا وَأَبْشِرُوا بِالْجَنَّةِ الَّتِي كُنتُمْ تُوعَدُونَ

نَحْنُ أَوْلِيَاؤُكُمْ فِي الْحَيَاةِ الدُّنْيَا وَفِي الْآخِرَةِ وَلَكُمْ فِيهَا مَا تَشْتَهِي أَنفُسُكُمْ وَلَكُمْ فِيهَا مَا تَدَّعُونَ * نُزُلًا مِّنْ غَفُورٍ رَّحِيمٍ

“Чындыгында, “Раббибиз – Аллах” деп, анан туура жолдо бекем болгондорго периштелер түшүп: Коркпогула жана кайгырбагыла, силерге убада кылынган бейиш менен сүйүнгүлө! – деп айтышат. Биз бул дүйнө жашоосунда да, акыретте да силердин досторуңарбыз жана анда силер үчүн эмнени кааласаңар (бардыгы бар), анда силер (силер талап кылган) үчүн Кечиримдүү, Мээримдүү Аллахтан (даядарлган) бир жай бар”.

Ислам Меккеде карып болуп башталган жана ага саналуу гана адамдар ишенишкен. Адамдардын көбү ага душмандык кылып, Пайгамбарга (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) каршы чыгып, ага жана анын Исламды кабыл алган сахабаларына зыян келтиришти. Андан соң Мадинага көчтү  жана аны менен бирге бир топ сахаабалары да көчүп кетишкен. Ал Мадинада жана башка өлкөлөрдө  исламды жолдоочулар көбөйгөнгө чейин чоочун, жат болду. Андан кийин Алла Таала Меккени Өзүнүн Пайгамбарына (саллаллаху алейхи васаллам) ачкандан кийин, адамдар топ-топ болуп Аллахтын динине киришти.  Исламдын башталышы адамдар арасында чоочун  болуп башталган. Анкени көбү Аллахка ишенбей, Аллахка шерик кошуп, буттарга, пайгамбарларга, салих адамдарга, дарактарга, таштарга жана ушул сыяктууларга сыйынышкан. Андан кийин Аллах Өзүнүн элчиси Мухаммаддын (ага Аллахтын салам-салаваты болсун) жана анын сахабаларынын колу аркылуу адамдарды туура жолго салды. Ошентип алар Аллахтын динине кирип, Аллахка ибадат кылып, буттарга, айкелдерге, пайгамбарларга жана салих адамдарга сыйынууну таштап, Аллахка ибадат кылышты. Ошентип, алар жалгыз Аллахтан башка эч кимге сыйынышпай, Андан башка эч кимден жардам сурашпай, Андан башка эч кимге сажда кылышпай, Андан башка эч кимге шыпаа сурап кайрылышпай  турган болду. Буттар, таштар, бактар жана периште жиндерден жардам сурабай бир гана Аллахка таяна турган болушту. Ошондуктан  алар коомго келгиндер сыяктуу чоочун, жат адамдар болуп калышты. Демек, акыр заманда да адамдар Аллахтын дининен артта калып, каапыр болгондо, күнөөлөрү жана жамандыктары көбөйгөндө, бул карыптар Аллахка жана Анын динине баш ийишет. Аларга бейиш, бакыт болот. Бул дүйнөдө жана акыретте жакшы натыйжа, ийгиликтер коштойт.

Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси болсун.

1446-х, 29-шаьбан.

2025-ж, 28-февраль.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here