Бийликти сындагандарга айып пул салынат
Министрлер кабинети интернет жана жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жалаа жабуу жана мазактоого айып пул салган мыйзам долбоорун сунуштады. Документ Жогорку Кеңештин сайтында 25-июлда коомдук талкууга коюлду.
Ага ылайык, аталган эрежени бузган жеке адамдарга 100 миң сом, ишканаларга 200 миң сом айып пул салынмакчы. Буга окшогон чектөөлөр мурдатан бери эле уланып келген. Маселен, 2020-жылдын ноябрынан бери социалдык тармактарда пикир билдирип, комментарий жазып же бөлүшкөнү үчүн ондогон жарандар укук коргоо органдарына суракка чакырылып, иш козголгон же жазага тартылган. Сунушталып жаткан мыйзам бийликти сындагандарды жазалоого дагы да кеңири жол ачып бермекчи. Муну менен катар, бийликти жамандыктан кайтарып, жакшылыкка чакырган мусулмандарды куугунтуктоого мүмкүнчүлүк түзүлөт. Учурдагы бийлик кызматка киришкенден бери жүздөгөн мусулмандар социалдык тармактагы пикири же диний маалыматты бөлүшкөндүгү үчүн соттолушкан. Учурда да ондогон мусулмандар экстремизм шылтоосу менен камактарда кармалып турушат. Аларга карата, айрыкча, кармоо учурунда адаттан тыш кыйноолор, уруп-сабоо, токко отургузуу, жабык режимде сактоо сыяктуу ырайымсыз зулумдуктар колдонулуп келет.
Белгилүү болгондой, учурдагы бийлик диктаторлук режимди орнотуу жолунда бара жатат. Алгач Садыр Жапаров “Анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндөгү” мыйзам долбооруна кол койгон. Мыйзам күчүнө киргенден кийин, Жапаров жана анын бийлигин сындаган бир нече жаран кармалып, суракка алынды. Мындан кийин блогер жана активисттер менен жолугушуу өткөрүп, маалыматтык монополия орнотууга аракет кылды. Булардын баары бийликтин Кытай менен болгон тыгыз алакасына, коррупциялык аракеттерине эч ким каршы чыга албай турган абалды түзүү үчүн жасалды. Ошондуктан, бийлик эң алгач батышчыл саясатчы жана активисттерге сокку урууну баштады. Себеби, Батыш Кыргызстан-Кытай мамилелерине сокку урууда ушул кадрларга таянып келген. О.э. Орусия айрым колонизаторлук көрүнүштөрдө Кытайга чегинип жатса да, Кытайдын толук түрдө бийликти тартып алышын каалабайт. Ошондуктан, ички оппозицияны көтөрүү сыяктуу рычагдары менен бийликке басым жасап турат. Ушундан улам, бийлик россиячыл саясатчы жана кадрларды экинчи бута кылып алды. Акыркы мезгилде мамлекеттик төңкөрүш шылтоосу менен кармалгандар ушул алкактан. Учурда болсо социалдык тармакта өз колдоочуларын таап, коомдук пикирди пайда кылууга жетишкен, бийликтин коррупциялык аракеттерин ачып жаткан блогерлерди кысымга алуу менен диктаторлук режимге кадам жасап жатканын ачык көрсөтүүдө.
Муну менен катар диктатура өзгөртүп болбой турган нерсе эмес. Тескерисинче, болбогон саясаттын натыйжасындагы бийликтин калкты коркутуусу гана. Анткени, калк чоң күч, ал бир калыс жетекчи негизинде бириксе, эч ким аны жеңе албайт. Муну тарыхтан билсек болот. Азыр да ага күбө болуп жатабыз. Афган калкы Талибан жамаатынын жетекчилиги астында биригип, бүткүл куфр күчүнө каршы тура алды.
Демек, мындай кырдаалдан чыгуу үчүн калктын күчүнө, аң-сезимдүү адамдарга таянуу керек. Бул үчүн пикирий талкууну жолго коюу, калктын аң-сезимин өстүрүү керек. Бул нерсе Үммөттүн, келечек муундун жетик инсандар болушуна алып барат. Тарыхта көптөгөн, дүйнө элдери тан алган аалымдар, жетекчилер ушундай пикирий талкуулардын майданында өсүп чыгышкан.
Муну менен катар Исламда акимдерди мухасаба кылуу мусулмандардын милдети. Расулуллах (с.а.в):
“مَنْ رَأَى مِنْكُمْ مُنْكَرًا فَلْيُغَيِّرْهُ بِيَدِهِ، فَإِنْ لَمْ يَسْتَطِعْ فَبِلِسَانِهِ، فَإِنْ لَمْ يَسْتَطِعْ فَبِقَلْبِهِ، وَذَلِكَ أَضْعَفُ الْإِيمَانِ”
“Кайсы бириңер бирер жаман ишти көрсө, аны колу менен өзгөртсүн. Буга күчү жетпесе, тили менен өзгөртсүн. Эгер буга да кудуреттүү болбосо, дили менен өзгөртсүн. Мунусу болсо ыймандын өтө алсыздыгы”, – деген. (Муслим риваяты). Хадис умумий болуп акимдерди мухасаба кылууну да өз ичине алат.
Жыйынтыктап айтканда, кыргыз коому бийликтин диктатураны орнотуу аракеттерине каршы туруп, элибиздин зулумдукка каршы баатырлык мүнөзүн күчөтүп баруубуз зарыл. Муну менен катар Батыштын кыйтыр, эки жүздүү саясатына алданып калбастан, ага каршы Ислам сакофатын тунук үйрөнүп, аны бийик көтөрүп чыгууга болгон мүмкүнчүлүгүбүздү сарпташыбыз шарт!
Мумтаз Маверанахрий