Олимпиада оюндары – мусулмандарды чалгытуу
Олимпиада оюндары – ири эл аралык спорттук мелдеш болуп, төрт жылда бир жолу өткөрүлүп турат. Анын пайда болуу тарыхы Байыркы Грецияга барып такалат. Байыркы Грецияда Олимпиада оюндары диний жөрөлгө катары гректер ыйык санаган Олимпия жеринде өткөрүлүп келген. Бүгүнкү күндө Олимпиада оюндарын Эл аралык олимпиада комитети (ЭОК) жетектейт жана Олимпиада оюндары ушул комитет тандаган өлкөдө өткөрүлөт. Комитеттин киреше булагы – спонсорлор, Олимпиада оюндарын телетрансляция кылуу жана оюндарга билеттерди сатуу экени көрсөтүлгөн.
Кезектеги Олимпиада оюндары Францияга берилип, учурда аталган өлкөдө өтүп жатат. Өтмүштө байыркы гректердин дүйнө карашынан келип чыккан Олимпиада оюндары учурда демократиялык дүйнө карашты жаюунун куралына айланып калды. Муну Олимпиада оюндарынын ачылыш аземинде ЛГБТга, бузукулукка үгүттөгөн ыплас көрүнүштөр тастыктап турат. Ал тургай Батыштагы адамдар да мындай көрүнүшкө каршы чыгышты.
Ал эми мусулмандар Олимпиада оюндарынын ачылыш аземин айыптап, четке кагышса да, мусулмандардын Олимпиада оюндарына катышууну, андагы бир катар шарий өкүмдөргө тескери амалдарды макулдап жаткандарын көрүүгө болот. Ал тургай айрымдары бата кылып, “жеңиш” менен кайтуусун тилеп жатышат.
Негизи мусулмандар Батыштан же кайсы бир коомдон бир нерсени алаарда абдан кылдат болуубуз шарт. Биздин өлчөө – бул шарият. Себеби шариятты кармануу менен гана мусулмандар эки дүйнө бакытына жетет. Мындан улам, спорттун өзү – денени чың алып жүрүү, машыгуу – макталган амал. А бирок, бокс жана башка ушул сыяктуу мушташ спорттун түрлөрү, адамдар алдында ауратты ачып жүрүү шариятыбызга тескери келген көрүнүштөрдөн. Андан тышкары, Исламда аялзаты – бул корголушу важиб болгон намыс эсептелет. Ал эми карындаштырыбыз аураттарын көрсөтүп, эл алдына чыгып мелдештерге катышып жатканын “намысыбызды коргоо” катары кабыл алуу бери жагы түркөйлүк.
Ал эми, Батыштын дүйнө карашында аял заты киреше табуунун булагы катары эсептелгендиктен, спорт оюндарында аялдарды жарым жылаңач кылып жарнамалашууда. Муну менен катар, Батыш спорт оюндарын, өзгөчө Олимпиада оюндарын өзүнүн дүйнө карашын жаюу куралы катары колдонот. Мунун жаркын далилин кечеги ачылыш аземдеги бузуку көрүнүштөр ырастап турат. Бул ыплас көрүнүш дүйнө жүзүнө таратылып, ага үгүттөлдү. О.э Олимпиада мелдештеринде ауратты ачуу, аял менен эркектердин аралашып жүрүүсү шарт кылынат. Бул да Батыш дүйнө таанымын жаюунун жолу.
Андан тышкары акыркы кездерде өзгөчө АКШда өзүн аял санаган эркектердин спорттук мелдештерде аялдардын тайпасында катышууга уруксат берилип жатат. Бул көрүнүш Олимпиада оюндарында да уланып, өзүн аял сезген эркектер аялдар менен мелдешке катышууда. Бул болсо аялдардын укугун коргоо эмес, кордоо болуп саналат. Ошентип Олимпиада оюндары, деги эле спорт оюндары бузукулукту, мусулмандарга жат түшүнүктөрдү киргизүүнүн куралы болууда.
Ушул максатта мелдештерде жеңүүчүлөр, спортчулар жылдыз катары көрсөтүлүп жатат. Бул көрүнүш жаштарга жетишкендик, ийгилик деп таңууланууда. Натыйжада канчалаган жаштар шарият өлчөөлөрүн четке сүрүп коюп, спорт жылдызы болуу менен алек. Мына ушинтип спорттук иш-чара деген жүйө негизинде аялбы-эркекпи ауратты ачуусу, аял-эркектин аралашып жүрүүсү кадыресе көрүнүшкө айланып бара жатат. Айрыкча илманийликке (светтикке) ыктаган араб өлкөлөрү спорт тармагына миллиарддаган доллар каражаттарды сарптап жатышат. Себеби, элди илманийлештирүүнүн жана Исламга жат көрүнүштөрдү кабыл алдыруунун эң жакшы куралы спорттук мелдештер болуп калууда. Мындай абал мусулман өлкөлөрүндөгү режимдерге пайдалуу болуп, ал эми мусулмандарга терс таасирин тийгизери ачык-айкын. Себеби адамдар, айрыкча өзгөрүүнүн кыймылдаткычы болгон жаштар спорт жылдызы болуу менен гана алек болуп, айланасындагы болуп жаткан окуяларга, динине, Үммөттүн бүгүнкү оор абалына кайдыгер карап калат. Себеби алардын биринчи максаты, арзуусу – шариятка туура келбесе да – мелдеште жеңүү, спорт жылдызы болуу. Муну менен жаштар Исламды, Үммөттү азиз кылуудан четтейт, саясатка аралашпоосу камсыздалат. Бул нерсе мусулман башчыларына абдан керек, ошондуктан алар бүгүнкү күндөгү спортко болушунча каражат бөлүп, болушунча үгүттөп жатышат. Башкача айтканда, жаштарды динди, Үммөттү бийик кыла турган иштерден, саясаттан четтетип жатышат.
Ал эми айрым адамдардын “мусулмандардын мелдеште жеңиши Исламды бийик кылат” деген сөздөрү аңкоолук же баёолуктан башка нерсе эмес. Андай сөздүн жашоодо эч бир орду жок. Себеби, арам нерседе жеңишке жетүү – бул ыймандын жеңилүүсү. Мусулман адам качан жеңишке жетет, качан дини, Үммөтү азиз болгондо! Жогоруда айтылгандай жаштар өзгөрүүнүн кыймылдаткычы. Пайгамбарыбыз (с.а.в)дын учурунда канчалаган жаштар дин үчүн үлкөн жеңиштерди алып келди, алардын ысымдары Ислам тарыхынын алтын барактарында жазылып калды. Демек, мусулман адам өз амалын белгилөөдө алгач шариятка карап түздөнүүсү кажет. Максаттарын эки дүйнө бакытына алып бара турган Исламды азиз кылуу менен Алланын ыраазылыгы катары белгилөөсү кажет.
Харун Абдулхак