Астана өтүп жаткан саммиттер Америка кызыкчылыгына кызмат кылат
8-10-август күндөрү Казакстанда Борбор Азия мамлекет башчыларынын алтынчы Кеңешме жолугушуусу жана Борбор Азия+Жапония саммити өтүп жатат. Президенттин маалымат кызматы таркаткан маалыматка ылайык, Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын саммитинде аймактагы актуалдуу маселелер, кызматташтык пландары талкууланат. О.э президент Садыр Жапаров Жапониянын премьер-министри Фумио Кисида менен жолугуп, өз ара кызматташтыкты талкуулайт.
Белгилүү болгондой, Борбор Азия өлкөлөрүнүн АКШ, Евро Биримдик, Кытай, Орусия, Индия жана Булуң өлкөлөрү менен С5+1 форматында саммиттер уюштурулган. Буларды улай Япония менен да аталган форматтагы жолугушуу түзүлүп жатат. Мындан тышкары, Борбор Азия өлкөлөрүнүн өз алдынча да консультативдик жолугушуусу бар. Бул саммиттер аркылуу негизги төрт оюнчу таасир талашат, тагыраагы, Америка, Евро Биримдик, Кытай жана Орусия бул саммиттерди өз таасирин жаюу үчүн колдонот. Алардын алгачкысы Америка болуп, аталган форматтагы жолугушуу да биринчи жолу АКШ демилгеси менен түзүлүп, 2015-жылдан бери уланууда. Америка С5+1 саммиттери аркылуу терроризмге каршы күрөшүү, ишкерликтеги атаандаштык, транспорт коридорун түзүү, энергетика жана аймактык кызматташтык долбоорлорун талкуулап келет. Бул долбоорлор аркылуу Америка аймакты Орусия таасиринен узакташтырып, Кытайга каршы турууга аракет кылат. А бирок, Американын аймактагы мүмкүнчүлүктөрү чектелүү болгондуктан, С5+1 форматында Индия жана Япония саммиттери да уюштурулган. Белгилүү болгондой, АКШ Япония менен Индияны Кытайдын таасирине каршы майнаптуу колдонуп келет. Башкача айтканда, Япония менен Индиянын С5+1 саммиттери алардын экономикалык кызыкчылыктарына кызмат кылса да, жалпысынан Американын аймактагы Кытайга каршы саясатына шайкеш алып барылат. Ошондой эле, Булуңдагы бай мамлекеттерди ишке салуу менен Борбор Азиянын экономикалык муктаждыгынан пайдаланып, өз таасирин кеңейтүүгө аракет кылат.
Евро Биримдик менен С5+1 саммити 2022-жылы түзүлгөн. Европа биримдиги Борбор Азия боюнча жаңы стратегиясын 2019-жылы кабыл алган. Анын стратегиясында аймакка инвестиция аркылуу экономикалык таасирин күчөтүүдөн баштап студенттерди окутуу, тажрыйба алмашуу шылтоолору менен өз кадрларын даярдоого чейин каралган. Азырынча Борбор Азия өлкөлөрүндө Евро Биримдиктин саясий таасири алсыз болгону менен, инвестиция жана соода байланыштар аркылуу экономикалык таасирин кеңейтүүдө. Ошондой эле региондогу мамлекеттердин билим берүү тармагына жардам берүү аркылуу өзүнүн сакафий таасирин жайып келет.
Борбор Азия лидерлери 2022-жылы 19-майда Кытайдын Сиань шаарында “Борбор Азия – Кытай” саммитинин алгачкы жолугушуусуна барган. Бул саммитте Кытайдын Борбор Азияны таасири астына алуучу бир катар келишимдерге кол коюлган. 2013-жылы Кытай “Бир куур – бир жол” долбоорун жарыялоо менен Борбор Азияда жаңы долбоорлорду ишке ашыра баштаган. 2022-жылдын аягында Кытайдын аймакка салган инвестициясынын жалпы көлөмү 70,2 миллиард долларга жеткен. Ал эми, 2023-жылы аймактын Кытай менен соода алмашуусу 22% өскөн. Үстүбүздөгү жылдын октябрь айында болсо “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолун куруу долбоору башталганы турат. Бул долбоор ишке кирсе Кытайдын аймактагы таасири дагы да артмакчы.
Аталган окуялардын артынан Орусия аймактагы таасирин бекем кармап калуу үчүн С5+Орусия саммитин уюштурган. Бул платформа аркылуу Орусия негизинен Батыштын аймактагы таасири артышына каршы турууга аракет кылмакчы. Украиндагы согуш жана экономикасынын алсырашы Орусияны Борбор Азия өлкөлөрүнө карата салыштырмалуу жумшагыраак саясат жүргүзүүгө мажбур кылууда. Ал эми, Кытайдын аймактагы таасири артышына каршы күрөшүүгө кубаты калбагандыктан, аны менен соодалашууга мажбур абалда.
Демек, Астанада өтүп жаткан Борбор Азия мамлекеттеринин консультативдик саммити жана Япония менен аймактагы лидерлердин жолугушуусу түпкүлүгүндө Америка кызыкчылыгына туура келет. Анткени, Американын аймактагы негизги максаты, Борбор Азия лидерлерин алгач Орусиядан алыстатуу болуп эсептелет. Бул үчүн аймактагы мамлекеттердин интеграциясы күчөтүлүшү керек. Буга байланыштуу АКШнын ошол кездеги Өзбекстандагы элчиси Дэниел Розенблюм мындай деген: “С5+1” жакшы, бирок, С5 эч кандай кошумчасыз андан да жакшыраак”. Себеби, Борбор Азия мамлекеттеринин интеграциясы Орусиянын аймакта ыктымал туруксуздук чыгаруусуна каршы иштетилет жана ага болгон муктаждыкты азайтат.
Жыйынтыктап айтканда, бүгүнкү күндө капитализм өкүмдарлык кылган дүйнө империалисттери кайсыл аймакта боштук болсо, ошол жерге тамак издеген иттердей жетип келүүдө. Учурда мындай боштук Борбор Азияда күзөтүлүп жатышы жана бул аймактын стратегиялык маанилүүлүгү империалисттердин аймакта таасирин кеңейтүүсүнө түрткү берип жатат. Анткени, капитализм дүйнө карашы «чексиз каалоо – чектүү ресурс» теориясына негизделген. Мындан улам, империалисттер дүйнөнүн төрт бурчундагы кен байлыктарды, энергия ресурстарын ташып кетүүгө кызыктар!
Демек, регионду бириктирүү жана эл аралык куфр түзүмүнө каршы туруу үчүн алгач идеологияга ээ болушубуз керек. Мындай кубатка ээ идеология Исламда гана бар. Андыктан, мусулмандар Ислам көлөкөсүндө биригүүдөн башка ураандардын бардыгы куфр кызыкчылыгына кызмат кыларын түшүнүп жетишибиз зарыл!
Мумтаз Маверанахрий