Идарий башкармалык — үммөттүн кызыкчылыгы

2959
0

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Асыл хадис менен

Идарий башкармалык — үммөттүн кызыкчылыгы

Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.

روى مسلم في صحيحه قال حَدَّثَنَا يَحْيَى بْنُ يَحْيَى وَأَبُو بَكْرِ بْنُ أَبِي شَيْبَةَ وَأَبُو كُرَيْبٍ قَالَ يَحْيَى وَاللَّفْظُ لَهُ أَخْبَرَنَا وقَالَ الْآخَرَانِ حَدَّثَنَا أَبُو مُعَاوِيَةَ عَنْ الْأَعْمَشِ عَنْ أَبِي سُفْيَانَ عَنْ جَابِرٍ قَالَ بَعَثَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ إِلَى أُبَيِّ بْنِ كَعْبٍ طَبِيبًا فَقَطَعَ مِنْهُ عِرْقًا ثُمَّ كَوَاهُ عَلَيْهِ:

Муслим өзүнүн “Сахих”инде мындай деген: Яхья бин Яхья Жабирден риваят кылып айтты: Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) Убай ибн Каабга бир табип жиберди. Ал дарыгер анын тамырын кесип, андан соң анын жараатынын үстүн күйгүзүп дарылады”.

Аллахтын элчиси мамлекет башчысы катары үммөттүн кызыкчылыгын башкарган. Алардын иштерине кам көргөн, көйгөйлөрүн чечкен, мамилелерин жөнгө салган, муктаждыктарын камсыздаган жана бул иштерди өзү аткарган. Же бул иштерди башкаруу үчүн катчы да дайындаган. Бул иштер адамдардын жашоосун жеңилдетип, кыйынчылылыксыз өткөргөндүктөн идарий иштердин катарына кирет.

Жогорудагы асыл хадисте адамдардын маанилүү бир муктаждыгын камсыз кылуу милдети аткарылгандыгы айтылды. Бул дарыланууга болгон муктаждык. Анткени, медицина адамдардын зарыл муктаждыктарынын бири. Ошондуктан, Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) оорулууларды дарылап, аларды айыктырууга жана ден соолукту калыбына келтирүүгө керектүү дарыларды берүү үчүн табиптт дайындаган. Дарылоо – халифа аларга кам көрүүгө тийиш болгон жарандардын маанилүү кызыкчылыктарынын бири болуп саналат. Мамлекет адамдардын ден соолугуна жана сакайып кетишине эмне керек болсо – дарыгерлерди, ооруканаларды, дары-дармектерди, медициналык аппараттарды, лабораторияларды жана ар кандай медициналык адистиктер боюнча дарылоо үчүн зарыл болгон бардык материалдар, шаймандар жана адистер менен камсыз кылышы керек.

Адамдардын кызыкчылыктары көп жана ар түрдүү, алар медициналык муктаждыктар менен гана чектелбейт. Билим берүү, жол куруу, транспорт каражаттары менен камсыз кылуу, суу, жайыт, электр энергиясы жана жылуулук менен камсыз кылуу зарылчылыгы, комбайндарды, кырмандарды, үрөндөрдү, көчөттөрдү жана пестициддерди камтыган айыл чарба машиналарын жана шаймандарын берүү, продукцияларды жана дыйкандарга керек болгон нерселердин базарда камсыз кылуу да үммөт кызыкчылыгынан. Соодагерлер, өнөр жайчылар жана башка усталар жана бизнес ээлерине шарт түзүү да ушул түркүмдөн. Үммөттүн кызыкчылыктары, мен айтып өткөндөй, көп жана ар түрдүү. Ал чектелбейт жана санап бүтүү мүмкүн эмес. Бирок биз баса белгилей турган нерсе, бул кызыкчылыктарга кам көрүү Аллахтын элчисинин иш-аракеттерине негизделген мамлекеттин милдеттеринин бири болуп саналат. Ага Аллахтын (салам-салаваттары болсун) ага дарыгер  белекке берилгенде, ал аны мусулмандар үчүн дайындады, ал аны өзүнө жеке энчилеп алган эмес. Бул – дарылоо да үммөттүн кызыкчылыктарынын бири экенин көрсөтүп турат.

Таалим тарбия маселесинде:

روى الحاكم في المستدرك على الصحيحين عن ابن عباس رضي الله عنهما، قال: كان ناس من الأسارى  يوم بدر ليس لهم فداء، «فجعل رسول الله صلى الله عليه وسلم فداءهم، أن يعلموا أولاد الأنصار الكتابة» «هذا حديث صحيح الإسناد ولم يخرجاه»

Хаким “Мустадрак” китебинде Ибн Аббастан (Аллах алардан ыраазы болсун) риваят кылат. Ал айтты: “Бадр күнү бир нече туткундар бар эле, алардын (кун төлөй турган) фидясы жок болчу. Ошондуктан Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) ансарлардын балдарына жазууну үйрөтүүнү алар үчүн фидя кылды”. Бул хадис иснады боюнча сахих, бирок эки шейх (Бухари, Муслим) аны риваят кылышкан эмес.

Фидя үммөткө таандык олжолордун бири болгондуктан, Пайгамбар (с.а.в.)дын амалынан билим берүү мусулмандардын кызыкчылыгы экенин түшүнөбүз.

Ал эми ишкерлик кылуу тармагына келсек:

روى أبو داوود في سننه عَنْ أَنَسِ بْنِ مَالِكٍ: “أَنَّ رَجُلًا مِنْ الْأَنْصَارِ أَتَى النَّبِيَّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ يَسْأَلُهُ فَقَالَ: أَمَا فِي بَيْتِكَ شَيْءٌ؟ قَالَ: بَلَى حِلْسٌ نَلْبَسُ بَعْضَهُ وَنَبْسُطُ بَعْضَهُ وَقَعْبٌ نَشْرَبُ فِيهِ مِنْ الْمَاءِ، قَالَ: ائْتِنِي بِهِمَا، قَالَ: فَأَتَاهُ بِهِمَا فَأَخَذَهُمَا رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ بِيَدِهِ وَقَالَ: مَنْ يَشْتَرِي هَذَيْنِ؟ قَالَ رَجُلٌ: أَنَا آخُذُهُمَا بِدِرْهَمٍ، قَالَ: مَنْ يَزِيدُ عَلَى دِرْهَمٍ مَرَّتَيْنِ أَوْ ثَلَاثًا؟ قَالَ رَجُلٌ: أَنَا آخُذُهُمَا بِدِرْهَمَيْنِ، فَأَعْطَاهُمَا إِيَّاهُ وَأَخَذَ الدِّرْهَمَيْنِ وَأَعْطَاهُمَا الْأَنْصَارِيَّ وَقَالَ: اشْتَرِ بِأَحَدِهِمَا طَعَامًا فَانْبِذْهُ إِلَى أَهْلِكَ وَاشْتَرِ بِالْآخَرِ قَدُومًا فَأْتِنِي بِهِ، فَأَتَاهُ بِهِ فَشَدَّ فِيهِ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ عُودًا بِيَدِهِ ثُمَّ قَالَ لَهُ: اذْهَبْ فَاحْتَطِبْ وَبِعْ وَلَا أَرَيَنَّكَ خَمْسَةَ عَشَرَ يَوْمًا، فَذَهَبَ الرَّجُلُ يَحْتَطِبُ وَيَبِيعُ فَجَاءَ وَقَدْ أَصَابَ عَشْرَةَ دَرَاهِمَ فَاشْتَرَى بِبَعْضِهَا ثَوْبًا وَبِبَعْضِهَا طَعَامًا، فَقَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: هَذَا خَيْرٌ لَكَ مِنْ أَنْ تَجِيءَ الْمَسْأَلَةُ نُكْتَةً فِي وَجْهِكَ يَوْمَ الْقِيَامَةِ، إِنَّ الْمَسْأَلَةَ لَا تَصْلُحُ إِلَّا لِثَلَاثَةٍ لِذِي فَقْرٍ مُدْقِعٍ أَوْ لِذِي غُرْمٍ مُفْظِعٍ أَوْ لِذِي دَمٍ مُوجِعٍ“.

Абу Дауд “Сунан”да Анас бин Маликтен риваят кылат: “Ансарлардан бир киши Пайгамбарга (саллаллаху алейхи уа саллам) келип суранды. Пайгамбар (с.а.в) үйүңдө бир нерсе барбы? деп сурады. Ал айтты: Ооба, кээ бирлерин кийген, бир бөлүгүн жайып отура турган кийим жана суу иче турган чөйчөк бар. Ал айтты: Аларды мага алып кел. Аларды ага алып келди. Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) аларды колуна алып бул экөөнү ким сатып алат? деди. Бир киши: Мен буларды бир дирхамга алам, – деди. Пайгамбар (с.а.в): Ким бир дирхамга эки же үч кошо алат? деди. Бир киши: “Аларды эки дирхамга сатып алам”, – деди. Экөөнү ага берип, эки дирхамды алып, ансарийге берди жана айтты: “Алардын бирине тамак сатып алып, үй-бүлөңө бер, экинчисине бир балта сатып алып, мага алып кел”. Ал аны алып келди, Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) колундагы таякчаны ага байлап, анан ага айтты: Бар, отун терип сат, мен сени бул жерден он беш күн көрбөйүн. Ошентип, ал киши отун чогултуп сатууга кетти, ал  он дирхам таап келди, анын бир бөлүгүнө кийим-кече, бир бөлүгүнө тамак-аш сатып алды. Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты: сурануу  Кыямат күнү бетиңе чиркөө болуп көрүнгөндөн көрө, сен үчүн бул жакшыраак. Акыйкатта,  сурануу үч адамга гана жарактуу: өтө кедей же көп карызы бар, же кун төлөй албай жаткан адамга”.

Жол маселесинде:

Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) өз доорунда талаш-тартыш болгон учурда жолдун энин жети чыканак кылып белгилеген.

فقد روى البخاري عَنْ عِكْرِمَةَ: سَمِعْتُ أَبَا هُرَيْرَةَ رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُ قَال

قَضَى النَّبِيُّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ إِذَا تَشَاجَرُوا فِي الطَّرِيقِ بِسَبْعَةِ أَذْرُعٍ

Аль-Бухари Икримадан риваят кылат: Мен Абу Хурайранын (Аллах андан ыраазы болсун) мындай деп айтканын уктум: “Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) эгер жол тууралуу талашсаңар, жолду жети чыканак кылып белгилегиле деп өкүм кылды”.

Ага Аллахтын салам-салаваты болсун, жолго кирип кетүүгө тыюу салган:

أخرج الطبراني في الصغير عن الحكم بن الحارث السلمي: سمعت رسول الله صلى الله عليه وآله وسلم يقول: «من أخذ من طريق المسلمين شبرا طوقه الله يوم القيامة من سبع أرضين»

Ат-Табарони “Ас-Сагир” китебинде Хакам бин Аль-Харис Ас-Суламиден риваят кылат. Мен Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам)дын мындай деп айтканын уктум: “Кимде-ким мусулмандардын жолунан бир карыш жерди алса, Аллах аны Кыямат күнү жети кабат жер менен курчап алат”.

Ал эми дыйканчылыкка келсек:

روى مسلم في صحيحه عَنْ عُرْوَةَ بْنِ الزُّبَيْرِ أَنَّ عَبْدَ اللَّهِ بْنَ الزُّبَيْرِ حَدَّثَه أَنَّ رَجُلًا مِنْ الْأَنْصَارِ خَاصَمَ الزُّبَيْرَ عِنْدَ رَسُولِ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ فِي شِرَاجِ الْحَرَّةِ الَّتِي يَسْقُونَ بِهَا النَّخْلَ، فَقَالَ الْأَنْصَارِيُّ سَرِّحْ الْمَاءَ يَمُرّ،ُ فَأَبَى عَلَيْهِمْ فَاخْتَصَمُوا عِنْدَ رَسُولِ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ، فَقَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ لِلزُّبَيْرِ: اسْقِ يَا زُبَيْرُ ثُمَّ أَرْسِلْ الْمَاءَ إِلَى جَارِكَ ُ

Муслим өзүнүн “Сахих”инде Урва ибн Зубайрдан риваят кылган хадисте, Абдулла ибн Зубайр ага мындай деп айткан: “Ансарлардан бир киши Аз-Зубайр менен Алланын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам)дын алдында  курма дарагын сугарууга суу өтө туган арык Зубайрдын чегинен өткөндүгү үчүн талашып тартышып кетти. Ал-Ансари: Суу өтсүн, – деди. Зубайр андан баш тартты. Анан алар талашып-тартыша кетишти. Кийин алар Пайгамбар (с.а.в.)дын алдына барышты. Ошондо Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) Зубайрга: “Эй Зубайр сугар, андан кийин сууну кошунаңа жөнөт”, – деди.

Мына ушундайча, Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) мусулмандардын кызыкчылыгын башкарып, алардын административдик маселелерин жеңил жана оңой чечип, бул иште кээ бир сахабалардан жардам сурачу. Демек, үммөттүн кызыкчылыктарын башкара турган мекеме болот жана аны Халифа жетектейт же ал үчүн компетенттүү бир башкаруучуну дайындайт. Халифанын жүгүн жеңилдетүү үчүн, өзгөчө кызыкчылыктардын түрү көбөйүшүнө байланыштуу “Хизб-ут-Тахрир” үммөттүн кызыкчылыгы үчүн компетенттүү мүдүр башкарган, анын ишин жеңилдетүүчү ыкмалар жана каражаттары бар, турмуш-тиричилигин камсыз кылуу жана аларга зарыл кызматтарды кыйынчылыксыз ишке ашыруу үчүн бир башкаруу аппараттын болушун кабыл алды.

Бул идара башкармалыктардан, бөлүмдөрдөн  турат. Жарандык байланыш, Акча чыгаруу, Билим берүү, Саламаттыкты сактоо, Айыл чарба, Жумуш менен камсыздоо, Жол салуу ж.б

Идарий башкармалык башкармалыктын өзүн жана ага караштуу бөлүмдөрдү башкаруу үчүн жоопкерчилик тартат. Бөлүм бөлүмдүн өзүнө жана ага караштуу бөлүмдөрдүн иштери үчүн жооп берет. Бул бөлүмдөр, башкармалыктар мамлекеттин иштерин алдыга жылдыруу, үммөттүн кызыкчылыгын канааттандыруу максатында  түзүлөт.

Бул бөлүмдөр жана башкармалыктардын иштешин камсыз кылуу үчүн аларга кызмат адамдары дайындалышы керек. Ар бир бөлүмгө башкы директор дайындалат, ал бөлүмдүн иштерин түздөн-түз башкарат жана ага караштуу бардык бөлүмдөргө жетекчилик кылат. Ар бир бөлүмгө жана башкармалыкка ага түздөн-түз жооптуу болгон директор дайындалат жана өзүнө караштуу бөлүмдөргө да жооп берет. Белгилей кетчү нерсе, жарандыгы бар жана компетенттүү ар бир адам, эркек болобу, аялбы, мусулманбы же кайрымусулманбы, айырмасы жок кызыкчылыктарды  башкаруу бөлүмдөрүнө директор  жана анда кызматкер боло алат. Бул ижарага алуу өкүмдөрүнөн алынган. Мамлекетте жетекчилер жана кызматкерлер ижарага алуу шарттарына ылайык кызматкерлер болгондуктан, кызматкерди жалдоого мутлак уруксат берилет. Мусулманбы же мусулман эмеспи айырмасы жок жалдап иштетиле берет. Бул ижарага алуу (жалдоо) далилинин жалпылыгы  менен шартталган. Аллах Таала айтат:

فَإِنْ أَرْضَعْنَ لَكُمْ فَآَتُوهُنَّ أُجُورَهُنَّ.

“Эгер алар силер үчүн эмчек эмизсе, аларга акысын бергиле”. Бул мусулманга мүнөздүү (мукайад эмес) болбогон мутлак-жалпы эреже.

وروى البخاري عَنْ أَبِي هُرَيْرَةَ رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُ عَنْ النَّبِيِّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ: “قَالَ اللَّهُ: ثَلَاثَةٌ أَنَا خَصْمُهُمْ يَوْمَ الْقِيَامَةِ، رَجُلٌ أَعْطَى بِي ثُمَّ غَدَرَ، وَرَجُلٌ بَاعَ حُرًّا فَأَكَلَ ثَمَنَهُ، وَرَجُلٌ اسْتَأْجَرَ أَجِيرًا فَاسْتَوْفَى مِنْهُ وَلَمْ يُعْطِ أَجْرَهُ

Аль-Бухари Абу Хурайрадан (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылат. Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты: “Аллах айтты: Кыяматта үч адамдын каршысында болом. Мага убада берип, анан чыккынчылык кылган адамга; эркин кишини сатып, анын баасын алган адамга; жумушчуну жалдап, иштеткенден кийин акысын бербеген адамга”.

Бул хадисте эмгек акынын берилбеши жөнүндө айтылып жатканда  мутлак түрдө айтылган. Мусулманга же эркекке эле тиешелүү мукайад кылып айтылган эмес. Жалпы түрдө айтылган.

Бул халифалык мамлекетиндеги идарий башкармалык үммөттүн кызыкчылыгын жеңил аткара турган аппарат экендигине ишара кылат. Ошондуктан, мамлекет ал үчүн жеңил мыйзамдарды кабыл алып, ага компетенттүү жетекчилерди жана мүдүрлөрдү тандап алат. Татаалдаштырылган  паракорчулук жана тууганчылык себептүү адамдардын жашоосун  азапка айланткан азыркы системанын татаалдыгына эч качан кайтпайбыз ИншаАлла.

Оо, Аллахым, Халифалык мамлекетин бизге тездет жана анын камкордугунан бизге береке бер…

Аллах буйруса, кийинки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин Аллахтын камкордугунда, коргоосунда жана коопсуздугунда болуңуздар. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси  болсун!

1445-х 27-Зулхижжа.

2024-ж 3-июль.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here