Байден согушту токтотуу планын жарыялап, планды Газа наристелеринин каны менен жазууда

1885
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Байден согушту токтотуу планын жарыялап, планды Газа наристелеринин каны менен жазууда

Мухандис Бахир Салих

Хизб-ут-Тахрирддин мубарек Фалестин

жериндеги маалымат бөлүмүнүн мүчөсү

АКШ президенти Жо Байден 2024-жылы 31-майда сегиз айдан бери уланып жаткан жаңжалды чечүү жөнүндөгү Ак үйдөгү кайрылуусунда Газа секторунда күтүлүп жаткан келишим боюнча яхудий вужудунун жаңы сунушун жарыялады. Ал мындай деди: «Бул сунуш ушуларды өз ичине алат: ок атууну толук токтотуу, (израиль) күчтөрүн Газадагы бардык турак-жай пункттарынан чыгаруу, аялдар, карылар, жарадарлардан турган туткундарды азат кылуу, аны менен бирге жүздөгөн фалестиндик туткундарды бошотуу». Ошол күндөн тартып бул алмашуу келишимин жүзөгө чыгаруу аракеттери тездеп, өзгөрүүлөр болду.

Этибарлуусу, бул сунушту АКШ президенти Байден жарыялап, ал (израилдин) сунушу деди. Акыйкатта болсо, эгер Байдендин сөзү чын болгондо, бул сунуш яхудий вужудунун премьер-министри тарабынан чыгышы керек эле. Байдендин бул аракетинен улам яхудийлер бул сунушту күмөн жана четке кагуу ыктымалы менен кабыл алышкан деп айтууга болот.

Бул жарыядан мурун, ошол убакта жана андан кийин ушундай бир окуялар жана иш-аракеттер болду, аларды үйрөнүү аркылуу эмне болуп жатканын түшүнүү мүмкүн.

Бул жарыядан мурун яхудий вужудунун согуш кеңеши министри Бени Ганц эгер Нетаняху согуштан кийинки планды кабыл албаса, сегизинчи июнга чейин убактылуу өкмөттүн курамынан чыгуу менен коркутту. Негизи, АКШ администрациясы менен Бинямин Нетаняхунун ортосундагы эң чоң келишпестик да мына ушул. Бул – Газага жана анын калкына каршы сегиз айдан бери жасалып жаткан массалык кыргын, кылмыш жана согуштан кийин Америка жыйнап алмакчы болуп жаткан “түшүм”. Американын согуштарды токтотуу адаты мына ушундай. Мисалы, ал жыйырма жыл Ирак жана Афганистанда кыргын кылуу, өрттөө жана ойрондуга айлантуу менен алектенди. Аягында Америка бул өлкөлөрүбүздү анын колониясына жана долбоорлоруна туткун кылган келишимдер менен чыгып кетти. Эми ал Газа секторундагы жырткыч согушта мына ушундай кылмакчы болуп жатат. Согуштун башында эле яхудий вужудун кургактыктан чабуул кылууга үндөгөн да, Газа жана анын мужахиддерин жок кылышы жана Хамас башкаруусуна чекит коюусу үчүн бардык зарыл курал-жарак, коргоо, мыйзам жана союздар менен камсыздаган да мына ушул Америка болот. Бүгүнкү күндө “түшүмдү” жыйнап алуунун убагы келгенде же жакындашканда Америка иш-аракеттерди иреттеп, тараптар согуштан кийинки ал каалаган нерсеге үндөөнү баштады. Анын түшүнүгү боюнча, яхудийлер Газаны басып алууну, калкын көчүрүүнү же чегараларын өзгөртүүнү улантпашы керек, бир канча убактан кийин болсо да “эки мамлекет” чечимине ылайык келе турган тартип орнотулушу керек. Ошондуктан, Нетаняху согуштан кийинки Американын көз караштарын четке каккан позициясында туруп алса, аны региондогу Американын көз карашына мажбурлоо үчүн Американын колунда Нетаняхуга жана анын өкмөтүнө басым өткөрүү, аны Газадагы калган айймактарда чарчатуу үчүн жетиштүү убакыт болушу үчүн же Нетаняху азыртан баштап Американын ушул көз караштарына ыраазы болушу, мунун акысына Америка анын кыйынчылыктарын жеңилдетиши о.э. согушту америкача көз караш боюнча токтотуудан турган экинчи вариантты тандашы үчүн Американын адамы болгон Бени Ганц Нетаняхуну соңуна жетип калган согуштан кийинки нерсени жарыялоого үндөдү.

Биздин ой-пикирибизде ушул максатты ишке ашыруу үчүн Америка Нетаняхуга карата таяк жана шириндик саясатын алып барууда. Мисалы, Нусайрат лагериндеги кыргында Америка яхудийлерге жардам берип, маалыматтар менен камсыздап, реалдуу кызматташты. Бул кыргында төрт туткунду азат кылуу үчүн мусулмандардын 300гө жакыны шахид кылынып, 700 адамга жараат жеткирилди. Бул – АКШ администрациясы менен кызматташуу өтө маанилүү экенин Нетаняхуга баса белгилөө үчүн Америка тарабынан алып барылган шириндик саясаты. Нетаняхуну туткундарга жетүү мүмкүчүлүгүн берген разведка маалыматтары менен камсыздаган жана ушул операцияны жеңилдетип берген Америка болот. Ал тургай, туткундар кармалып турган жерге баруу үчүн пайдаланылган жарандык жүк машинасы порттон келгени жөнүндө кабарлар тарады.

О.э. Нетаняху ушул жылдын 24-июлунда АКШ конгрессинин эки палатасы алдында сөз сүйлөө үчүн чакырылган. Бул жөнүндө бейшемби күнү өкүлдөр палатасы жана сенаттагы республикачылар партиясынын жетекчилери кабарлашты. Өкүлдөр палатасынын спикери Майк Жонсон жана сенаттагы республикачы азчылыктын жетекчиси Митч Макконнеллдин билдирүүсүндө айтылгандай, Нетаняхунун сапары «АКШ менен (израилдин) бекем мамилелеринин белгиси болуп, бул нерсе Нетаняхуга (израиль) өкмөтүнүн демократияны коргоо, терроризмге каршы күрөшүү, региондо адилеттүү жана бекем тынчтык орнотуу  жөнүндөгү көз караштарын билдирүү мүмкүнчүлүгүн берет».

Шириндик саясатты менен кошо таяк саясаты да алып барылууда. Ганцтын өкмөт курамынан чыгышын жарыялашы, оппозиция өкмөттү таратып, альтернатива өкмөт түзүү менен коркутушу, Нетаняхунун саясатына каршы билдирүү жана демонстрациялардын күчөшү о.э. келишим түзүү туурасындагы талаптар Нетаняхуга ички басым өткөрүү үчүн Америка тарабынан күчөтүлгөн аракеттер болуп эсептелет.

О.э. бул аракеттерге Иран Хизби түндүктө согушту күчөтүп, бул Нетаняхуну жана анын өкмөтүн шерменде кыла турган жана түндүктө согушта алсыздыгын ачып таштай турган даражада күчөтүлүшү кошумча болот. Туурасы, Ирандан, ал Ирак, Сирия жана Ямандагы согушкерлер аркылуу аралашуусунан кооптонуп, Хусийлердин операцияларынан, айрым операцияларга катышуу үчүн Ирактагы исламий каршылык кыймылынын кайтышынан чоочулап Америка Нетаняхуну Иран Хизби менен согушту кеңейтүүдөн эскертти. Бул нерселер Нетаняхуга жана келишимди четке кагып жаткан анын союздаштарына аскерий жана чет элдик басып болуп эсептелет. Америка түндүктөгү фронтту басаңдатуунун жолу Газадагы согушту токтотуу аркылуу ишке ашышын баса белгиледи жана мындай билдирүүлөрдү Иран Хизби да берди.

АКШ администрациясы уруксат берген же эл аралык, гуманитардык жана адам укуктары уюмдары аркылуу ишке ашырып жаткан башка басымдардын чындыгы да мына ушундай. Мисалы, БУУ чыр-чатактарда балдардын укугун бузуу жөнүндөгү «шеменделик тизмесине» яхудий вужудунун армиясын да кошорун билдирди. Кудум ушундай эле АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлү Линда Томас-Гринфилд «Коопсуздук Кеңешине Газа секторундагы согушка ок атууну токтотуу жана уурдалгандарды бошотуу жолу менен чекит коюу сунушун колдогон жаңы резолюция долбоору сунушталганын» баса белгиледи. Ал Кошмо Штаттар «БУУ Коопсуздук Кеңеши Газа секторунда (израиль) менен Хамас ортосундагы согушту токтотуу боюнча АКШ президенти Жо Байден сунуштаган резолюция долбоорун кабыл алышын каалайт» деп кошумчалады.

Ушул таризде Америка Нетаняхуга таяк жана шириндик саясатып колдонуп, аны сунушталган келишимди макулдоого үндөп жатат. Айрыкча, Байден администрациясы шайлоо жакындашып калганын, шайлоочулардун добушуна муктаж экенин о.э. шайлоо жараяны үчүн убакыт зарыл экенин эсепке алып, созулган согуштун дагы да созулушун каалабай жатат. Бирок, бул АКШ администрациясы үчүн тагдырий маселе болуп эсептелбейт. Анткени, Америка катаал эмес, белгилүү бир даражада эле басым кылууга аракет кылууда. Себеби, Америкадагы чаташ яхудий сахна, сионисттик лобби о.э. анын америкалык шайлоочуларга таасир өткөрүшүн этибарга алганда катуу басымдын Байден жана анын шайлоо кампаниясы үчүн коркунучтары жана терс акыбеттери бар. Айрыкча, алардын бардыгын т.а. АКШ администрациясын, сионисттик лоббини жана Бинямин Нетаняхуну бириктирип турган нерсе – Америка яхудий вужудуна жана аны ар кандай шартта сактап калууга кам көрүшү. Ушул нерсе Нетаняхуну келишимден жүз үйрүүгө жана макул болбоого үндөп жатат. Себеби, ал Америка баскынчы вужуддун камкор атасы жана мээримдүү энеси экенин, Нетаняху же башкалардын кежирдиги себептүү бул вужудду курман кылбашын билет.

Башка тараптан, Америка Хамас кыймылын – ал тургай, анын жок болушун түшүндүрсө да – келишимди кабыл алууга мажбурлоо үчүн катуу басым өткөрүүдө. Америка Хамас кыймылына Катар, Мисир жана Түркия аркылуу басым өткөрүп жатат. Бул басымдар ал тургай кыймылдын жетекчилери келишимге макул болушпаса, аларды кууп чыгаруу жана камакка алуу менен коркутууга чейин жетти. Ушундай таризде Америка Нусайрат кыргынына катышуу менен Хамаска жана мужахиддерге ишарат кылды. Т.а. Америка эгер Хамас жана мужахиддер кежирлик кылышса, алардын колундагы туткундарды келишимсиз эле бошотуу мүмкүн экендигин жеткирмекчи болду.

О.э. келишим жана согуштун бүтүшү жөнүндө кеп-сөздөр болуп жатканда Америка яхудийлерге Рафахта согуш жана кыргындарды улантууга, Филадельфия коридорн ээлеп алууга, Рафахты бууп салууга уруксат берип жатат. Америка бул нерселерди Хамас жетекчилери жана топтор катуу басым жана аёосуз согуш астында жооп бериши (макул болушу) үчүн кылып жатат.

Ошентип, кыргын, жырткычтык, тил бириктирүү жана келишимдерден көрүнүп тургандай, кресттүү Батыш жана яхудий вужуду Газадагы элибизди азапка салууда. Алар бул кылмыштарды жасоодо бүткүл дүйнөнүн унчукпоосунан, кылмышкер мусулман өкүмдарларынын тил бириктирүүсүнөн, кошуундар жана күч-кубат ээлери өздөрүнүн мазлум боордошторун жардамсыз таштап, бул мубарек жерди жана анын каарман калкын жырткычтардын чеңгелине таштап коюшканынан пайдаланышууда. Демек, эй, Ислам Умматы, Газадагы кыргынды жана төгүлүп жаткан канды токтотуу үчүн качан аракетке келесиңер?!

Дайра болуп төгүлүп жаткан канды, мусулмандардын дене мүчөлөрү чар тарапка чачылышын токтотуунун жалгыз жолу – Газага нусрат берүү, Фалестин жана Акса мечитин азат кылуу о.э. ыйык жердин жана анын элинин азап-кыйынчылыктарына чекит коюу үчүн Уммат кошуундарын аракетке келтирүү. Кафир колонизатор тарабынан болгон демилгелер жана келишимдер Газага жана анын калкына адилеттик алып келбейт, тескерисинче, бул мубарек жерде колонизаторлордун кадамдарын бекемдейт.

 Роя гезити, №499, 2024-жыл, 13-июнь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here