ШКУ саммити эл аралык саясат чыңалган учурда өттү

3203
0

ШКУ саммити эл аралык саясат чыңалган учурда өттү

4-июлда Казакстандын борбору Астанада Шанхай Кызматташтык Уюмунун кезектеги саммити болуп өттү. Ага үч миллиарддан ашык калкы бар 10 өлкөнүн жетекчилери катышты. Саммиттин алдында Беларусия уюмга расмий түрдө 10-мүчө болуп кошулду. Мындан тышкары, саммитке уюмга байкоочу жана өнөктөш өлкөлөрдүн лидерлери, бир катар эл аралык уюмдардын жетекчилери да барды. Саммиттин жыйынтыгында Астана декларациясы кабыл алынып, 20дан ашык документке кол коюлду.

2001-жылы Санкт-Петербургда Орусия, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Кытайдын лидерлери ШКУну түзүү тууралуу документтерге кол коюшкан. 2017-жылы уюмга Индия менен Пакистан мүчө болду. 2023-жылы Иран уюмга толук кандуу мүчө болгон. ШКУга кирген мамлекеттердин ички дүң өндүрүмү 20 триллиондон ашат. Уюмдун борбордук бөлүгүн Борбор Азиядагы мусулман өлкөлөр түзүп, андагы таасир талашуу да негизинен ушул аймак үстүндө жүрүп келген.

Белгилүү болгондой, ШКУнун башкы милдеттери катары терроризм, экстремизм жана сепаратизмге каршы күрөш белгиленген. Уюм “Терроризм жана экстремизмге” каршы күрөш чүмбөтүнүн артында Исламга, анын алкагында, исламий жамаааттарга жана мусулмандарга каршы күрөшөт. Муну менен үммөт талпынып жаткан халифалык мамлекетинин тикеленишине тосук коюуга аракет кылат. Муну Астанадагы саммит учурунда 2025-27-жылдар аралыгында аймактагы терроризм, сепаратизм, экстремизмге каршы күрөшүү боюнча түзүлгөн келишим да тастыктап турат. Терроризм жана экстремизм эле эмес, ал тургай, “Сепаратизмге каршы күрөшүү”нүн запкысын да мусулмандар тартып келишет. Мисалы, Орусияда кавказ мусулмандары, ал эми Кытайда уйгур мусулмандары “сепаратизм” курмандыктары болушууда.

Учурдагы эл аралык саясаттагы чыңалган абал ШКУ мамлекеттеринин, айрыкча ага лидерлик кылган Кытай менен Орусиянын алкасын дагы да жакындатып жатканы талашсыз. Муну саммит алдында эки өлкө лидеринин жолугушуусунда айткан сөздөрү тастыктап турат. Кытай жетекчиси бул жолугушууда Орусия менен Кытай стратегиялык кызматташтыкты күчөтүп, тышкы кийлигишүүгө каршы туруу керектигин билдирди. Ал эми, Путин өз кезегинде Орусия Кытайды өз кызыкчылыктарын коргоосунда толук түрдө колдой турганын белгиледи.

Ошентсе да, ШКУ түзүлгөн учурга салыштырганда Орусиянын уюм ичиндеги таасири кыйла азайганын байкоого болот. Орусия башында Кытайдын экономикалык таасири Борбор Азия аймагында күчөп кетпеши үчүн уюмда экономикалык кызматташтыкты күчөтүүгө кыйыр түрдө каршы туруп келген. Бирок, Украина согушу Орусияны бул багытынан баш тартууга мажбур кылды. Башкача айтканда, Орусиянын өзү ШКУ өлкөлөрү менен соода алаканы күчөтүүгө мажбур абалда. Муну акыркы жылдары саммит учурунда көтөрүлүп жаткан экономикалык демилгелерден байкоого болот. Путиндин айтымында, өткөн жылы ШКУга мүчө өлкөлөр менен болгон соода алака 25%га өскөн. Буга кошумча, Кытайдын “Бир алкак – бир жол” долбоорунун алкагында транспорттук байланыштарды бекемдөө үчүн жаңы эффективдүү коридорлор ачылууда. Кытай үчүн ШКУ “Бир алкак – бир жол” долбоорун ишке ашырууга жана Борбор Азияга карай таасирин жылдырууга мүмкүнчүлүк берет. Мына ушул максатта, Кытай уюмдун саясий жана коопсуздук багытын экономикалык нукка буруп жатат. Жогорудагылардан маалым болгондой, ШКУ уюмунда Кытай “агалык” ролду Россиядан тартып ала баштады. Ал Борбор Азия өлкөлөрүн экономикалык жактан барымтага алуу менен, жетекчилерин өз саясатын колдой турган жүгүртөктөргө айлантып койду.

ШКУнун түзүлүүдөгү дагы бир максаты – мүчө мамлекеттер ичине АКШнын таасири кирип келишинин алдын алуу эле. Анткени, 1996-жылдары АКШ Афганистанда талибандын бийликке келишине жолдорду ачып, аны геосаясий оюндарына колдонуучу пландарын ишке ашырып баштаган. АКШнын мындай саясаты андан ары Орто Азия жана Чыгыш Түркистан мусулмандарына жайылышы мүмкүн болчу. Ошондуктан, ага каршы Россия менен Кытай “Шанхай бештигин” түзүшкөн. А бирок, акыркы учурларда Америка кызыкчылыгы жолунда иш алып барган Индия, Пакистан сыяктуу өлкөлөрдүн уюмга мүчө болушу уюмдун мындай максатын суроо астына калтырат. Маселен, Индиянын Кытай менен мамилеси анча эмес. Тагыраагы, эки өлкөнүн ортосунда атаандаштык бар жана Индия Батышка сүйөнгөн саясат алып барат.

ШКУ уюму анын кожоюндарынын колонизаторлук кызыкчылыктарына гана кызмат кылат, ал эми, кожоюндарды болсо, уюмдагы “жетимчелердин” кызыкчылыктары таптакыр кызыктырбайт. Мисалы, 2022-жылы күзүндө, Самаркандда дал ушул ШКУ саммити өтүп жаткан маалда – Россия өзүнүн колонизаторлук кызыкчылыктары жолунда – парда артынан туруп, кыргыз-тажик чек арасында кандуу кагылышуу уюштурган. Уюм болсо муну токтотууга таптакыр аралашкан эмес.

Демек, ШКУ жана бул сыяктуу уюмдар – мусулмандар үчүн коюлган колонизаторлук тузактан башка нерсе эмес. Мусулмандар империалисттердин мындай чеңгелинен өз Исламына кайтуу менен гана кутула алышат. Муну кафир колонизаторлор менен алардын малайлары болгон биздин акимдер жакшы билишет. Ошондуктан, алар “терроризм жана экстремизмге каршы күрөшүү” шылтоолору менен Исламга жана мусулмандарга каршы күрөшүшөт.

Эй Кыргызстан мусулмандары, мурунку президенттер да, учурдагысы да силерди колонизаторлорго тапшыруу жолунда кызмат кылып келишет. Ошондуктан, бул маселеде жетекчилериңерди ээрчибегиле. Силер мусулмансыңар! Андыктан, колонизаторлуктан кутулуу жолун Исламдан издегиле! Эй акимдер, силер да мусулман калктын презенттерисиңер! Диниңерге кайтып, колонизаторлордун эмес, умматтын кызыкчылыгын тандагыла! Малайлыкты эмес, азиздикти тандагыла! Аллах Таала айтат:

وَإِنْ تَتَوَلَّوْا يَسْتَبْدِلْ قَوْمًا غَيْرَكُمْ ثُمَّ لَا يَكُونُوا أَمْثَالَكُمْ

“Эгер силер (Аллахка итаат кылуудан) жүз үйрүп кетсеңер, Ал Зат (ордуңарга) силерден башка бир коомду алмаштырып коёт” [47:38].

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here