БУУ – колонизаторлордун куралы!

2489
9

БУУ – колонизаторлордун куралы!

2-июлда Чолпон-Атада мамлекеттик резиденцияда Садыр Жапаров менен Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Антониу Гуттериш жолугушуу өткөрүштү. Эки тараптуу өткөн сүйлөшүүдө Садыр Жапаров Кыргызстан – өлкөнүн мамлекеттик саясатынын негизине айланган жана узак мөөнөттүү өнүгүүнүн улуттук стратегиясына камтылган – БУУнун туруктуу өнүгүүнүн максаттарын активдүү жүзөгө чыгарып жатканын белгиледи. БУУнун башкы катчысы Антониу Гуттериш Кыргызстан эч бир тоскоолдуктарга карабастан туура прогрессивдүү жолго түшкөнүн айтты. Ошону менен бирге ал бардык милдеттенмелерди аткарып жатканы үчүн Кыргызстанга ыраазылык билдирди.

Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин ири державалар дүйнөнү өз ара бөлүп алышкан. Алар өзүлөрүнүн ээликтерин жана кожоюндук макамдарын сактап калуу, ошондой эле алар менен атаандаша турган башка ири державалар пайда болбостугу үчүн Бириккен Улуттар Уюмун түзүштү. Бул эл аралык уюм өзүнүн резолюциялары жана эрежелери менен дүйнөнү чеңгелинде кармап турат. Ким анын эрежесинен чыкса катаал жаза белгилеп, аны ишке ашырат. Ал вазыйпаны Коопсуздук Кеңеши аткарат. АКШ, Британия, Россия, Франция, Кытай БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөлөрү болуп эсептелет. Бул туруктуу мүчөлөр Коопсуздук Кеңешинде вето колдонуу укугуна ээ. Башкача айтканда бул туруктуу мүчөлөр кылмыш кылышса да эч кандай жаза тартпаганга мүмкүнчүлүгү бар. Маселен, алар ар кандай резолюцияга вето коюп, резолюциянын кабыл алдырбай коё алышат. Демек алар өздөрүнө жана саясатына каршы ар кандай резолюциянын ишке ашуусуна бөгөт коё алышат. Арийне ушул туруктуу мүчөлөр вето укугун туруктуу пайдаланып келе жатышат. Ошондой эле алар өз союздаштарын жана малайларын да вето аркылуу коргошот.

Ошон үчүн Кытай режими уйгур мусулмандарын куугунтуктап, камакка алып жатса да, АКШ Иракка бастырып кирип бир миллиондон ашуун адамдын өмүрүн кыйса да, Россия Кавказда мусулмандарды кыргын кылса да, Британия менен Франция өзүнүн мурунку колонияларында миллиондогон адамдарды өлтүрүшкөн болсо да эч бир жазага тартылышпады. Себеби, жогоруда айтылгандай алар «вето» аркылуу корголушкан.

Ошондуктан БУУ адамдардын өмүрүн жана укугун коргойт дегени өтө чоң жаңылыштык. Кала берсе мындай пикирлер катардагы баёо адамдарды алдаш үчүн колдонулган «жалындуу» ураандардан башка нерсе эмес. Мунун дагы да ачык-айкын мисалын бүгүнкү күндө Газада болуп жаткан окуялардан көрүүгө болот. «Израиль» Американын «эрке» союздашы болгондуктан эч бир резолюциядан кооптонбостон мусулмандарды геноцид кылып жатат. А түгүл яхудийлер Газадагы БУУнун кызматкерлерин да өлтүрүштү, бирок иш жүзүндө эч бир жооп болгон жок. Ал эми БУУ чуу салгандан башка нерсеге жарабады. Себеби ал колонизаторлордун өз кызыкчылыгы жолунда колдоно турган куралы!

Андан тышкары БУУ көптөгөн программаларды жана долбоолорду ишке ашырып келет. Алардын арасында ЛГБТ, феминизм сыяктуу бузуку идеяларды таңуулагандары бар. БУУ мүчө өлкөлөрдү бул бузуку идеяларды таанууга, алар жөнүндөгү резолюция жана конвенцияларды кабыл алууга милдеттендирип келет.

Белгилүү болгондой, бүгүнкү капиталисттик дүйнөнүн структурасы колония жана колонизаторлордон түзүлгөн. Үчүнчү дүйнө мамлекеттери жалаң гана сырьё өндүрөт, ал эми ири мамлекеттер өнөр жайын өнүктүрөт. Тагырак айтканда өнөр жайлашкан ири мамлекеттер сырьёну абдан арзан баада сатып алып иштетип, продукция чыгарат жана ошол продукциясын өтө кымбатка сатышат. Мындай учурда үчүнчү дүйнө өлкөлөрү ири мамлекеттерди арзан сырьё менен камсыздап, ошол эле учурда алардын кымбат продукциясын керектеген базарга айланат. Бул абалда үчүнчү дүйнө өлкөлөрүндө өнүгүү болушу мүмкүн эмес жана мындан ири мамлекеттер гана үлкөн пайда көрүшү шексиз. Ошондуктан колонизаторлор бул абалды сактап калуу үчүн БУУну ишке салышат. БУУ мүчө мамлекеттер менен кызматташып, аларга жалаң гана сырьёго же айыл чарбага негизделген «өнүгүү» долбоорлорун сунуштап ишке ашырат. Мындай колониялык саясат «өнүгүү стратегиясы», «реформа», «кызматташуу» деген аталыштарда жүзөгө чыгарылат. Башкача айтканда БУУ аларды «туура жолго» салып коёт. Акыбетте өлкөлөр жана адамдар колонизатордун чеңгелинде калышат. Ошон үчүн ушундай ач көз капиталисттик системанын кесепетинен улам бүгүнкү күндө согуштар токтобой келет, дүйнөнүн чоң бөлүгү жакырчылыкта жашап жатат, а түгүл адамдар ачкачылыктан көз жумууда.

Андыктан колонизаторлордун куралы болгон БУУну, анын ар кандай токтомдорун, долбоорлорун, кызматташуусун четке кагуубуз зарыл. Аны менен кызматташуунун акыбети кен байлыгыбыз талап-тонолуп, бузуку пикирлердин кирип келишин гана камсыздайт. Бул зулум-зомбулук, адилетсиздиктин тушунда мусулман катары биздин жоопкерчилигибиз чоң. Себеби биздин колубузда элди эзген бул капиталисттик системага альтернатива идеологиябыз бар. Ал – Ислам. Ислам бул зулумдарга чекит коёт жана адамдарга адилеттик берип, бакубат жашоону камсыздайт.

Харун Абдулхак

9 COMMENTS

  1. Өтө таамай жазылыптыр, баардык мусулмандарга пайдалуу болот деп ойлом!

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here