Аллахка каршы чыгуу – эки дүйнө кордугу

3328
0

بسم الله الرحمن الرحيم

Аллахка каршы чыгуу – эки дүйнө кордугу

 Ыйман менен куфр, акыйкат менен батыл ортосундагы күрөш Адам а.с. жаралгандан тээ Кыяматка чейин уланат. Учурда куфр калкы менен малайларынын динге каршы күрөшүүсү жаңылык эмес, кафирлер ар дайым Аллахка жана анын аяттарына каршы күрөшүп келишкен. Пайгамбарларды жалганчыга чыгарышкан, ал тургай, өлтүрүшкөн. Акыбетте, кафирлер бул дүйнөдө кор болушту, Акыретте аларга жан чыдагыс азап болорун Аллах Таала кабарлап жатат:

إِنَّ ٱلَّذِینَ یَكۡفُرُونَ بِـَٔایَـٰتِ ٱللَّهِ وَیَقۡتُلُونَ ٱلنَّبِیِّـۧنَ بِغَیۡرِ حَقࣲّ وَیَقۡتُلُونَ ٱلَّذِینَ یَأۡمُرُونَ بِٱلۡقِسۡطِ مِنَ ٱلنَّاسِ فَبَشِّرۡهُم بِعَذَابٍ أَلِیمٍ

Аллахтын аяттарын тана турган, пайгамбарларын жазыксыз өлтүрө турган жана адамдар арасынан адилеттикке чакыруучу кишилерди өлтүрө турган кимселерге албетте жан чыдагыс азап бардыгы жөнүндө «куш кабарды» жеткиргин! (03:21)

Мээримдүү, Ырайымдуу Зат адамзатка бул дүйнөдө кандай жашоону о.э. бактылуу, бакубат  жашоо таризин көрсөтүп бериши үчүн Өз элчилерин жиберген. Бирок, пенде мындай неъматка нанкөрдүк кылган, качан бир пайгамбар келсе коому аны жалганчыга чыгарган, аны өздөрүнө жолбашчы кылып алуунун ордуна, ага душмандык кылышкан. Бул нерсе жаңылык эмес:

كَذَّبَتۡ قَوۡمُ نُوحٍ ٱلۡمُرۡسَلِینَ

Нух коому Пайгамбарларды жалганчыга чыгарды. (26:105)

كَذَّبَتۡ عَادٌ ٱلۡمُرۡسَلِینَ

Ад коому Пайгамбарларды жалганчы деди. (26:123)

كَذَّبَتۡ ثَمُودُ ٱلۡمُرۡسَلِینَ

Самуд коому Пайгамбарларды жалганчы атады. (26:141)

كَذَّبَتۡ قَوۡمُ لُوطٍ ٱلۡمُرۡسَلِینَ

Лут коому Пайгамбарларды жалганчы атады. (26:160)

كَذَّبَ أَصۡحَـٰبُ لۡـَٔیۡكَةِ ٱلۡمُرۡسَلِینَ

Даракзар ээлери Пайгамбарларды жалганчы дешти. (Бул аятта айтылып жаткан «даракзар» Мадян өлкөсү. Аллах Таала ал жерге Шуайб а.с.ды Пайгамбар кылып жиберген). (26:176).

Алар пайгамбарларды четке кагууда, башында пикирий талкууга аракет кылып көрүшкөн. Акыйкат алдында батылы ашкере болгон соң, маддий күч менен акыйкатка каршы турушту. Ал тургай өздөрүн кудай сезишип, адамдар кандай жашашы керектигин белгилеп, ошондон чыкпоого мажбурлашты. Ал эми акыйкат ээси Аллах Таала – алар каалашпаса да – акыйкатты үстөм кылат:

أَلَمۡ تَرَ إِلَى ٱلَّذِی حَاۤجَّ إِبۡرَ ٰ⁠هِـۧمَ فِی رَبِّهِۦۤ أَنۡ ءَاتَىٰهُ ٱللَّهُ ٱلۡمُلۡكَ إِذۡ قَالَ إِبۡرَ ٰ⁠هِـۧمُ رَبِّیَ ٱلَّذِی یُحۡیِۦ وَیُمِیتُ قَالَ أَنَا۠ أُحۡیِۦ وَأُمِیتُۖ قَالَ إِبۡرَ ٰ⁠هِـۧمُ فَإِنَّ ٱللَّهَ یَأۡتِی بِٱلشَّمۡسِ مِنَ ٱلۡمَشۡرِقِ فَأۡتِ بِهَا مِنَ ٱلۡمَغۡرِبِ فَبُهِتَ ٱلَّذِی كَفَرَۗ وَٱللَّهُ لَا یَهۡدِی ٱلۡقَوۡمَ ٱلظَّـٰلِمِینَ

Аллах падышалык бергенинен (манчыркап) Ибрахим менен анын Эгеси жөнүндө талашып-тартышкан кимсенин (Намруддун) акыбалын көрбөдүң беле? Ошондо Ибрахим: «Эгем өлтүрөт жана тирилте турган Зат», – дегенде, Ал: «Мен да тирилтемин жана өлтүрөмүн», -деди. Анда Ибрахим айтты: “Албетте, Аллах күндү Чыгыштан чыгарат, сен аны батыштан чыгарчы?”. Ошондо кафир (Намруд)абдарып калды. Аллах залим адамдарды Туура Жолго баштабайт-хидаят кылбайт. (02:258)

هُوَ ٱلَّذِیۤ أَرۡسَلَ رَسُولَهُۥ بِٱلۡهُدَىٰ وَدِینِ ٱلۡحَقِّ لِیُظۡهِرَهُۥ عَلَى ٱلدِّینِ كُلِّهِۦ وَلَوۡ كَرِهَ ٱلۡمُشۡرِكُونَ

Ал (Аллах) Өз пайгамбарын Туура Жол жана чыныгы дин менен – мушриктер каалашпаса да – бардык диндерден үстөм кылуу үчүн жиберген Зат. (61:9)

Бул аяттарды келтирүүдөн максат, ар кандай элге акыйкатты жеткирүүчүлөр, туура жолду көрсөтүүчүлөр келгенде аларды четке кагып, аларга каршы күрөшүү бул адамзат тарыхындагы жаңы иш эместигин эскертүү. Негизгиси ушул, даъватчылар маъсум (күнөөдөн таза, катадан сакталган) адамдар эмес, бирок пайгамбарлар маъсум адамдар. Алар акыйкатты гана сүйлөшкөн, акыйкатка, туура жолго гана жетектешкен. Бирок, аларды да өз коомдору четке кагышып, каршы күрөшүшкөн. Бирок, каршы чыккандардын акыбети бул дүйнөдө кордук, шерменделик болгон. Ал эми, Акыреттеги абалы аябай оор. Мисалы: Фиръавн өз калкына өтө катуу зулум кылган. Ал залим, уул балдарды, бөбөктөрдү бир четинен кырып салууга буйрук берген. Бирок, Аллах бул залимди жок кыла турган пайгамбары Муса а.с.ды Фиръавн сарайында чоңойтууну кадар кылган, Муса а.с. залимдин көз алдында жетилип,  аны акыйкатка чакырган. Бирок, Фиръавн аны менен талкуулашууга алы жетпешин билгенден кийин аны жок кылууга киришкен. А бирок, акыры өзү дарыяга чөгүп өлдү, бирок ааламга мисал болушу үчүн анын денесин Аллах Таала сактап койгондугу баарыбызга белгилүү:

فَٱلۡیَوۡمَ نُنَجِّیكَ بِبَدَنِكَ لِتَكُونَ لِمَنۡ خَلۡفَكَ ءَایَةࣰۚ وَإِنَّ كَثِیرࣰا مِّنَ ٱلنَّاسِ عَنۡ ءَایَـٰتِنَا لَغَـٰفِلُونَ

Мына бүгүн өзүңдөн кийинки адамдарга аят-үлгү болушуң үчүн сенин денеңди куткарабыз. Чындыгында, көп кимселер Биздин аяттарыбыздан бейкапар (тактап айтканда, алардан үлгү алышпайт). (Соо-саламаттык, куч-кубат, мал-дүйнө, бийлик, мансап жана башка мүмкүнчүлүктөр барында каалаганын кылып жүргөн ар кандай адам өлөрүнө көзү жетип калганда Аллахты эстейт. Бирок, мунун пайдасы жок. Бул акыйкат ошол тайпадагы кишилерге алардын эң көрүнүктүү өкүлү Фиръавн мисалында түшүндүрүлүп жатат: Жаныңды алабыз. Башкалар сыяктуу эле өлөсүн. Себеби сен да кадимки эле алсыз пендесин. А бирок, денеңди куткарабыз. Балыктар да жебейт. Сууга агып да жоголбойт. Башка себеп менен да жок болуп кетпейт. «Анткени ушул аркылуу өзүңдөн кийинкилерге үлгү болосун». Ушунчалык мулккө ээ болсоң да, канчалык кыйынсынган болсоң да, аскерлериң ушунча көп болсо да, баары бир Аллахтын азабынан кутула албаганыңды көрүп үлгү алышсын. «Албетте, көп адамдар Биздин аяттарыбыздан бейкапар»)

(10:92).

Эй мамлекет башчы, өкмөт башчы жана орган кызматкерлери!

Акыйкатка каршы күрөшүүнү токтоткула, акыйкатка каршы чыгуу менен эки дүйнө кордугу – мурункулардын башына келгендей эле – силерге да келет, Аллахтан корккула!

Аллах берген неъматтарга нанкөрдүк кылбагыла, акыйкатка каршы чыгуу менен акыбетиңер жаман болот, андан көрө акылыңарды иштеткиле, акыйкатка жардам берип, өзүңөрдү эки дүйнө кордугунан сактап калгыла!

Эгер денеңердеги мээ, жүрөк, боор, бөйрөк сыяктуу бирер мүчө иштен чыкса, “кресло”, мансап, мал-дүйнө, байлык , ал тургай силер ишенип жаткан Россия, АКШ же Кытай сыяктуу кожоюнуңар да жардам бере албайт.

Баарыбыз жакшы билгендей, эртеби-кечпи бир күнү өлөбүз. Акыреттеги абал оорураак, ал жактагы азап катуураак!

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here