Амалдардын жакшысы

2390
0

Бисмиллаахи рохмаанир рохиим

Асыл хадис менен

Амалдардын жакшысы

Хафиз Абу Наим “Хилятул-авлия”да Ибрахим бин Башардан риваят кылат: “Мен бардык пенделердин, аалымдардын, салихтердин жана зохиддердин арасынан Ибрахим ибн Адхамдай  дүйнөнү карабаган жана  жек көргөн адамды көргөн жокмун. Биз кээде дубалды, үйдү, дүкөндү бузуп салгандардын жанынан өтүп баратканыбызда, ал жүзүн буруп, көз толтуруп карачу эмес. Ошондо мен аны бул үчүн жемеледим. Ал айтты: “Эй Башардын уулу, Алла Тааланын айтканын оку:

(لِيَبْلُوَكُمْ أَيّكُمْ أَحْسَنُ عَمَلاً)

“Ал силердин кимиңердин жакшы амалдарды кылаарыңарды сыноо үчүн өлүм менен өмүрдү жараткан” (Мүлк: 2). Силердин кимиңер дүйнөнү эң жакшы куруучу, аны баарынан сүйүүчү, жыйноочу жана эң көп чогултуучу деп айткан жок”, – деп.

Ал дагы Аллах Тааланын акыйкат сөзүн эскертип:

(وَمَا خَلَقْتُ الْجِنّ وَالإِنسَ إِلاّ لِيَعْبُدُونِ)

“Мен жиндерди жана инсандарды Өзүмө ибадат кылуулары үчүн гана жараттым” (Зарият: 56). “Мен жиндерди жана инсандарды дүйнөнү куруу, акча чогултуу, үй куруу, сарайларды куруу, жыргап, ырахат алуу үчүн гана жараттым” деп айткан эмес деди. Ал ушуну менен күнүн ошол нерсени кайталоо менен өткөрдү.

Дагы айтты:

(فَبِهُدَاهُمُ اقْتَدِهْ)

“Алардын туура жолуна ээрчи!” (Анъам: 90).

قال تعالى: (وَمَآ أُمِرُوَاْ إِلاّ لِيَعْبُدُواْ اللّهَ مُخْلِصِينَ لَهُ الدّينَ حُنَفَآءَ وَيُقِيمُواْ الصّلاَةَ وَيُؤْتُواْ الزّكَاةَ وَذَلِكَ دِينُ القَيّمَةِ)

“Алар динде Аллахка  чын ыкластан, такыба болуу менен гана ибадат кылууга, намазды толук аткарууга жана зекет берүүгө буюрулду. Мына ошол туура дин” (Баййина: 5).

Зоохиддик, жумшактык жана адеп бөлүмү 1-бөлүк.

Пайгамбар (с.а.в)га анын үй бүлөсүнө жана сахабаларына салам салаваттар болсун. Ассаламу алайкум уа рахматуллоохи уа баракаатуху.

1445-х 4-Зул Хижжа

2024-ж 10-июнь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here