Июнь окуясы жана андан алынуучу сабактар

2238
0

Июнь окуясы жана андан алынуучу сабактар

Президент Садыр Жапаров 2010-жылдагы Июнь окуясын эскерүү күнүнө карата кайрылуу жасап, Кыргызстанда этностор аралык ынтымакты бекемдөө үчүн “Кыргыз жараны” концепциясы ишке ашырылганын билдирди.

Эске салсак, 2010-жылы июнь айында Ош жана Жалал-Абад облустарында улут аралык жаңжал чыккан. Июнь окуясы деген ат менен калган бул коогалаңда расмий эсеп боюнча 446 адам курман болуп,  2 миңге чукул киши ар кандай жаракат алган. 57 адам дайынсыз жоголуп, алардын 19у табыла элек.

2020-жылы Октябрдагы төңкөрүш аркылуу келген бийлик Июнь окуясына байланыштуу Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө козголгон кылмыш ишин кайра тергеп баштаган. Мындан тышкары, апрель жана май айларында кандуу окуяларга катыштыгы бар бир нече адам кармалган.

Комиссиялар жана алардын максаттары

Коогалаң учурунда Женевада БУУнун кезектеги Кеңеши болуп, анда резолюция кабыл алынган. Ушунун алкагында Кыргызстанда окуяны иликтөө боюнча бир нече комиссиялар иш алып барган.

1-Улуттук комиссия. Ошондо президент Р. Отунбаева Улуттук комиссиянын иштеши тууралуу жарлык чыгарган. Абдыганы Эркебаев башчылык кылган Улуттук комиссия “куралдуу кан төгүүгө Кадыржан Батыров башында турган сепаратисттик күчтөр, качкын президент Курманбек Бакиевдин жактоочулары жана кырдаалды туруксуздаштырууга кызыктар сырткы күчтөр себепкер болду” деген корутунду чыгарган. Комиссиянын чыныгы максаты, окуяны Россия уюштурганын жаап-жашыруу, элди окуя “улуттар аралык чыр-чатак” экенине ишендирүү болгон.

2-Эл аралык комиссия. Эл аралык комиссиянын иши, негизинен, окуяны Россия уюштурганын ачуу менен, Россия колонизаторлугуна сокку уруу болгон. Мындан Кыргызстандагы жаңы бийлик батышчыл болушуна көмөк көрсөтүү көздөлгөн. Ошондуктан, анын иши АКШ, БУУ, ЕБ жана башка Батыш уюмдары тарабынан колдоого алынган.

3-Парламенттик комиссия. Окуяны Россия уюштурганын жаап-жашыруу о.э. Батыштын кийлигишүүсүн сүрүп чыгаруу үчүн уюшулган Ошондуктан, бул комиссия эл аралык комиссиянын жетекчисин “персона нон-грата”га айландырган. Мындан сырткары, ички саясатта жаңы оппозиция катары жаңы бийликти алсыратуу да көздөлгөн. Анткени, ошол кездеги парламенттеги көпчүлүк депутаттар жаңы бийликти тааныгысы келген эмес.

Кандуу калабаны кимдер уюштурган?

Адамдар арасына от жагууну россиялык офицерлер жана жалданма башкесерлер ишке ашырганы тууралуу маалыматтар арбын. Окуя учурунда россиялык офицер жана жалданма снайперлер айрым жарандар тарабынан колго алынып, бийлик өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилген. Бирок, кийин алар ың-жыңсыз жоголуп, алар тууралуу эч кандай укуктук иш-чаралар көрүлгөн эмес. Ал тургай, алар жөнүндө маалыматтар да адамдардын эсинен атайлап өчүрүп жиберилген. Бул тууралуу ошондогу Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Азимбек Бекназаровдун айтканы бар. Кандуу кагылышты Россия генералдары уюштургандыгы тууралуу мурунку президент А. Атамбаевдин айтканы да бар.

Мындан белгилүү болгондой, “Ош окуясынын” башкы оюнчусу Россия болгон. Максаты Өзбекстанды ЖККУ тузагына илинтүү эле. Окуяны Кыргызстандын ошондогу жаңы бийлиги б.а. Убактылуу өкмөт ишке ашырып берген. Анткени, Россиянын бул бийликти таанышы жана колдоп-кубатташы ушуга байланыштуу эле.

Ошентип, 2010-жылы июнь айында дини, базары жана мазары бир болгон эки элдин ортосунда кайгылуу окуя жүз берген. А бирок, бул окуя табигый келип чыккан эмес. Ошол кездеги Убактылуу өкмөт бийлигин сактап калуу о.э. мамлекет түндүк-түштүккө бөлүнүп кетишин алдын алуу үчүн ушул окуяларды жасалма түрдө пайда кылган. Бул кандуу окуяларды негизинен кыргыз өкмөтү о.э. күч түзүмдөрүндө таасирге ээ болгон орус атайын кызматтары уюштурган. Ошол кезде да кандуу окуялардан кийинки тергөө иштери адилетсиз жүргүзүлүп, Убактылуу өкмөт мындан өз бийлигин бекемдеп алууда пайдаланган.

Кийинчерээк, Атамбаев доорунда июнь окуяларын кайрадан тергөө маселеси козголуп, Атамбаев да 2016-жылы Башкы прокуратурага Кадыржан Батыровдун өлкөдөн чыгып кетишин иликтөөнү тапшырган. Буга Атамбаевдин конституцияга өзгөртүүлөр киргизүү сунушуна Убактылуу өкмөт мүчөлөрү каршы чыккандыгы себеп болгон. Ошол кезде убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Атамбаевге ачык эле каршы чыгышып, конституциянын кол тийбестигин 2020-жылга чейин коргоого жана өлкөдө авторитардык режим орнотууну токтотууга чакырышкан. Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча 2016-жылдын 11-декабрында өткөн референдумдан кийин июнь окуясын иликтөө кайрадан унутулуп “жабылуу аяк жабылуу бойдон калды”.

Октябрь айындагы төңкөрүштөн кийин бийликке келген Садыр Жапаров Россияны ыраазы кылуу ниетинде конституцияга дагы бир жолу өзгөртүү киргизип, башкаруу системасын парламенттик башкаруудан президенттик башкарууга өткөрүү аракетин баштады. Себеби, Россия кол алдындагы мамлекетте президенттик башкаруу болушуна кызыктар. Ошондуктан да Жапаров Россиянын колдоосуна таянып, өлкөдөгү батышчыл күчтөрдүн, Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн олуттуу каршылыгына карабастан конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдумду өткөрдү. Жапаров да референдумдун алдында, башкача айтканда 5-апрель күнү УКМКга июнь окуяларын кайрадан тергөө тапшырмасын берип, бул аркылуу Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө басым өткөрдү. Референдумдун жыйынтыгы расмий жарыялангандан кийин 2016-жылдагы сыяктуу эле бул окуя унутулду. Себеби, эгер иш калыстык менен текшериле турган болсо, бул иште “Россиянын изи” чыгып калат. Буга бийлик да кызыктар эмес. Биздин малай акимдер элге ушунча зыян жана кырсыктар жетип турган кезде, орустун ыпластыгын айта алышкан жок. Мындан ары да айта алышпайт. Проблеманын негизи мына ушунда. Тагыраагы, биз бийликти ишенип тапшырган жетекчи саясатчыларыбыз ачкөз жана саясий популист экендигинде. Бул бактысыз жасалма саясатчылар тактысын ушунчалык жакшы көрүшкөндүктөн, кафир кожоюндарын ыраазы кылуу үчүн гана аракет кылышат. Ошондо да, колонизатор кафир жетекчилери аларга ар дайым эле ыраазы боло беришпейт. Кожоюндары кырдаалга карай аларды алмаштырып турушат.

Жыйынтыктап айтканда, буга окшогон кандуу окуяларды Орусия өлкөдөгү колонизаторлугун сактап калуу үчүн уюштурат. Ал эми, Батыш өз таасирин кеңейтүү жолунда пайдаланат. Ал эми үммөт үчүн эч кандай натыйжа болбойт. Үммөт үчүн пайдалуусу кыргызстандык этносторду эле эмес, бүткүл дүйнө мусулмандарын бириктирген Исламга жүздөнүүсүндө. Ислам гана улутчулдук сыяктуу ыплас пикирлерди коомдон сүрүп чыгарып, коомдо бир туугандык пикирди бекемдейт. Ошондуктан, колонизаторлор мындай ыплас иштерди жасоодон мурун мусулмандарды өз Исламдарынан ажыратууга болгон аракетин жумшашууда. А түгүл, улутчулдук туйгуларды көтөрүү үчүн Исламын бекем кармагандарга провакациялык иштерди жасап, куугунтуктап, абактарды даъватчылар менен толтурушууда. Андыктан, мусулмандар Аллахтын динин аалий кылуу үчүн бардык тосуктарды алып салуу максатында күрөш алып бара турган мамлекетти алып келүүгө, тагыраагы, үммөттү чыныгы ойгонууга алып чыга турган мамлекетти тикелөөгө аракет кылышыбыз шарт!

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here