Cоодагерлер жаңы салык эрежесине каршы акцияга чыгышты

2343
0

Cоодагерлер жаңы салык эрежесине каршы акцияга чыгышты

10-июнда “Дордой Моторс” базарынын соодагерлери электрондук коштомо кагазды (ЭТТК) жана электрондук эсеп-фактураны (ЭЭФ) колдонууга каршы нааразылык акцияга чыгышты.

Алар көзөмөл-кассалык машиналарды (ККМ) колдонууга каршы эмес экенин, бирок ЭТТК менен ЭЭФти ишке киргизүү үчүн бухгалтер алып, ага айлык төлөп берүүгө мажбур болгондуктан, мындай системага каршылыктарын билдиришти. Ал эми, 11-июнда ушундай эле акцияны “Ош” базарынын соодагерлери улантып, убактылуу иш таштаганын билдиришти.

Расмий бийлик жаңы салыктык реформалардын алкагында 2024-жылдын 1-январынан тарта патенттик системаны жоюп, анын ордуна ККМ, ЭТТК жана ЭЭФ системасына өтүүнү талап кылып келет. А бирок, соодагерлердин нааразылыгынан улам базарларда жаңы салык системасын киргизүү ушул жылдын 1-июлуна чейин жылган.

Соодагерлердин айтымында, жаңы салык эрежесинде кагазга байланган түйшүктөр көп. Мисалы, “Мадина” базарынан алган 10 рулон кездемеден кийим тигип, анын ар бирин базага киргизип, сатыкка чыгарганда ар бири үчүн эсеп-фактура жазуу талабы коюлууда. О.э алган товарга дароо салык төлөнөт. А бирок, дүң соодада товардын баары сатылбайт. Арасында “жараксыз” деп кайтарылгандар да болот.

Ал эми, жылдык кирешеси 8 млн сомдон ашкан кичи ишкерлер да салыгын төлөшү шарт болот. Эгерде 30 млн сомго чейин болсо – 0,5%, 50 млн сомго чейин – 1% төлөйт. А бирок, бул эреже мыйзам катары күчүнө киргенден кийин өкмөттүн салыкты көтөрүп барышы табигый экени талашсыз. Мындан тышкары, соодагерлер ККМди колдонушу, камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөгө жана дагы бир катар милдеттерди аткарууга тийиш. Эгерде 1-июлга чейин соодагерлер өздөрү кайрылып салык төлөбөсө, 75 миң сомдон айыппул салынат. Башкача айтканда, Кытайдан товар алып келип жаткан соодагер бажы алымдарына кошумча дүң соодагер катары 12% салык төлөмөкчү. Бул болсо товардын баасы кымбатташына алып келет. Натыйжада, калктын сатып алуу мүмкүнчүлүгү оорлошот.

Өкмөттүн бул иш чараларынын баары бюджеттин дээрлик 50 пайызын түзгөн Кошумча нарк салыгынын (КНС) көлөмүн көбөйтүү үчүн жасалууда. КНС бул өлкө аймагына ташылып келинген жана региондорго жеткирилген товарларга салынат. Салык Кодексинде көрсөтүлгөндөй, анын өлчөмү ар бир товардын наркынын 12 пайызын түзөт. Маселен, сиз бир дүкөн ачып, үй буюмдарын сата баштасаңыз. Бир жылдык товар айлантууңуз 8 млн сомдон ашканда мыйзамга ылайык, КНС салыгын төлөөгө милдеттендирилесиз. Натыйжада салык кызматында КНС салыгын төлөөчү болуп катталасыз жана ар бир айдын 15-күнү отчёт берүүгө милдеттендирилесиз. Эгер отчёт берилбесе кийинки айда айып пул төлөйсүз. Эгер бир жылдын ичинде төлөбөсөңүз кылмыш жоопкерчилигине тартылуу коркунучу бар. Мындан да кызыгы, ишкер бардык товардын турган баасы үчүн 12% салык төлөйт. Товардын сатып түгөтүлгөнү же сатылбаганы мааниге ээ эмес. Мамлекет бул салыкты сиздин товарыңызды элдин алуусуна шарт түзүп бергени үчүн гана алат. Натыйжада, сиз товардын өздүк баасына 12% салыгыңызды кошуп сатасыз. Ошентип, 1000 сомдук буюмду 1120 сомго коюп сата баштайсыз. Демек, бул товардын салыгын төлөөчү түпкүлүгүндө эл болуп калат. Сиз бир айда орточо 20 миң сомдук соода кылуу менен мамлекетке 2400 сом КНС салыгын төгөсүз. Мына ушул жагдайдан улам сатуучулар баанын кымбатташынан чоочулап нааразылык акцияларына чыгышууда.

Кыргызстанда КНС салыгынан башка салыктын дагы алты түрү бар. Алар: киреше салыгы, пайда салыгы, акциз салыгы, жер казынасын пайдалануу салыгы, сатуу салыгы. Ал эми жер салыгы мүлк салыгы менен бириктирилген.

Мындан белгилүү болгондой, Жапаров баштаган өкмөт өлкөнү салыккор мамлекетке айлантуу аракетин күчөтүп барууда. Тагыраагы, Батыштын катуу кол салык системасын өрнөк кылып алышууда. Аталган капиталисттик мамлекеттерде бюджет негизинен салыктардын эсебинен толтурулат. Маселен, АКШда салыктар бюджеттин 90%дан ашыгын түзсө, Европанын көпчүлүк өлкөлөрүндө 100%га чейин жетет. Ал эми Кыргызстанда салыктар бюджеттин 75%ын түзөт. Өкмөт салык системасын өзгөртүү менен мына ушул бюджеттин салыктан түшкөн бөлүгүн көбөйтүүнү көздөп жатат. Башкача айтканда, көмүскө экономиканы ачыкка чыгармакчы. Анткени, Кыргызстанда көмүскө экономиканын деңгээли 130 млрд. сомго жетет. Бул жалпы салыктардын дээрлик 90 пайызын түзөт. Расмий эмес сандар мындан да жогору экени талашсыз. Эл аралык эсептерге караганда бизде бизнестин 40%ы көмүскөдө, ал эми расмий эмес маалыматтар боюнча 60-70% компаниялар ачык-айкын иштешпейт. Түпкүлүгүндө, мындай ишкерлер өз максатын ишке ашырууда бийлик өкүлдөрү менен чөнтөктөш болушат. Ал эми, капиталисттик мамлекеттерде көмүскө экономиканын ордун монополисттер ээлешет. Алар ири салык төлөөчү катары бийлик менен келишкен абалда майда компанияларды банкротко учуратышат же майда ишканалар банкрот болууга мажбур болот. Монополисттер болсо, бийлик адамдарынын шайлоо чыгымдарын, эс алууларын камсыздап турушат. Мамлекетке болсо кол астындагы кызматкелердин эсебинен салык төгүп турат. Учурдагы бийлик мына ушул жолго карай багыт алууда. Алардын назарында Кыргызстанда ар бир кыбыр эткен иш салыксыз калбашы керек жана аз салык төлөп калбашы керек. Блогерлерге, интернет дүкөндөрүнө, таксисттерге киргизилип жаткан салыктар ушуга мисал болот. Булардын баарын ишке ашыруу үчүн салык кызматына укук коргоо органдарынын мүмкүнчүлүгү берилүүдө. О.э. жаңы мыйзамдар боюнча салык кызматкери чогултулган салыктын 3%ын маяна катары алат. Бул салыкчылардын айлыгынын көбөйүшү анын чогулткан салыгына байланыштуу болот дегени. Муну менен салыкчылар каяктан болбосун көп салык чогултууга аракет кылышат.

Мамлекеттин мындай салыккор саясаты эл аралык каржы уюмдарынын көз жаздымында калган жок. Маселен, Дүйнөлүк банк Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга 500 миллион доллар кредит бөлүү чечимин кабыл алды. Мындай чечимдин бирден-бир себеби электр энергиясынын кымбатташы жана жыл сайын инфляцияга карап көбөйтүү токтому болуп эсептелет. Расмий бийлик Дүйнөлүк банктын талабын орундатуу үчүн шашылыш түрдө 1-майдан тарта электр энергиясынын баасын 10,8 тыйынга кымбаттатты. Ал эми, 1-июндан тартып жалпы аянты 80 чарчы метрден ашкан үйлөргө жылуулукка жана ысык сууга тарифти үч эсе кымбаттатуу чечимин кабыл алды. Демек, өлкөдөгү калктын жонунан кайыш тилген салык системасындагы саясат үстүбүздөгү капитализмдин жана анын колу-бутуна айланган каржы уюмдардын мөмөсү болуп саналат.

        Мунун каршысында Ислам түзүмүндө, мамлекет өз иштерин жүргүзүү үчүн салык салууга муктаж болбойт. Анткени, өз иштерин жүргүзүү үчүн жер жана кыймылсыз мүлк сыяктуу мамлекеттик мүлктөрдөн пайдаланат. Ал эми, калктын жалпы кызыкчылыктарына тиешелүү муктаждыктарга адамдардын бардыгы шерик болгон умумий мүлктөрдөн сарптайт. Маселен, мектептер, университеттер, ооруканалар, жолдор, аэропорттордун курулушу жалпы адамдардын кызыкчылыгы болуп, ага умумий мүлктөн сарпталат. Мисалы, алтын, мунай, газ, темир, уран сыяктуу табигый байлыктарды иштеп чыгаруудан алынган пайдалар ушул тармактарга жумшалат.

Мындан тышкары, Ислам байлыктын бир ууч адамдардын колунда чогулуп калышына жол бербейт. Ошол эле учурда жакыр жана муктаж кишилерди салык төлөтүү менен айласын кетирбейт. Балким, кирешеси белгилүү өлчөмгө жеткен гана адамдардан зекет жыйып алат. Зекетти адамдар ибадат катары кубануу менен беришет. Ал эми, зекеттен жыйналган мүлктөр бюджеттеги башка мүлктөргө кошулбастан өзүнчө топтолуп, Алла Таала “Тообо” сүрөсүндө белгилеген сегиз түрдүү адамдарга бөлүп берет. Алла Таала айтат:

“Албетте, садагалар (зекеттер) жалаң мискиндерге, факырларга, садага жыйуучуларга, көңүлдөрү (Исламга) дос кылынуучу кишилерге, моюндарды (кулдарды) азат кылууга, карыздар кишилерге жана Алла жолундагыларга, мусаафырларга берилет” (Тообо: 60).

         Исламда мамлекет сейрек учурда, тагыраагы, Алла Таала мамлекетке жана Үммөткө парз кылган ишти аткаруу үчүн муктаж болгон учурда гана мусулмандар арасындагы бай адамдарга кайрылып, карыз алышы мүмкүн. Кээде мамлекет мусулмандардын байларынан кайсы бир муктаждыкты чечүү үчүн ушул керектүү каражаттын өлчөмүндө гана салык салышы мүмкүн. Мисалы, Расулуллах (с.а.в) Табук казатына керектүү каражат үчүн мусулмандарга кайрылган. Ошондо, Усман (р.а) бул катаал жылдагы кыйынчылыкты жоюу үчүн миң динар берген. Бирок, салык салуу жайиз болушу үчүн, албетте төмөндөгү шарттар табылышы керек:

-Ушундай абалга сарптоо үчүн жетиштүү каражат Байтулмалда жок болушу керек;

-Мына ушундай абалга сарптоо Байтулмалга жана мусулмандарга важиб экендигине бирер шаръий нусус келиши керек;

-Салынган салык ушул абалга жетчүдөй өлчөмдөн ашпастыгы керек;

-Бул салык өздөрүнүн негизги жана камалий муктаждыктарынан ашыкча мүлкү бар болгон жалаң бай кишилерге салынышы керек.

         Демек, Исламдагы мындай салык кошумча нарк салыгы, киреше салыгы, пайда салыгы, акциз салыгы, жер казынасын пайдалануу салыгы, сатуу салыгы сыяктуу туруктуу алынбайт. Туруктуу түрдө салык топтоо жайиз эмес. Ошондуктан, капиталисттик түзүмдөгү салыкка негизделген экономикалык түзүмдү Исламдагы экономикалык түзүмгө окшотуу чоң ката. Президент, өкмөт башчы жана муфтийибиз баш болуп чакырып жаткан салыктарга Исламда тыюу салынган! Андыктан, мусулмандар мындай салыккорлордун зулумунан кутулуу үчүн бул дүйнө жана акырет ийгилигине жеткире турган Алланын өкүмдөрү менен жашоого шашылуу керек!

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here