Беш сөз… аларга амал кылуу үчүн!

4210
0

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Асыл хадис  менен

Беш сөз… аларга амал кылуу үчүн!

Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.

رَوَى الطَّبرَانِيُّ فِي الأَوسَطِ عَنْ أَبِي هُرَيْرَةَ رَضِيَ اللهُ عَنهُ قَالَ: قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «مَنْ يَأْخُذُ عَنِّي هَؤُلَاءِ الْكَلِمَاتِ، فَيَعْمَلُ بِهِنَّ، أَوْ يُعَلِّمُهُنَّ مَنْ يَعْمَلُ بِهِنَّ؟» قَالَ أَبُو هُرَيْرَةَ: قُلْتُ: أَنَا يَا رَسُولَ اللَّهِ، فَأَخَذَ النَّبِيُّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ بِيَدِي، فَعَقَدَ فِيهِمَا خَمْسًا، وَقَالَ: «اتَّقِ الْمَحَارِمَ تَكُنْ أَعْبَدَ النَّاسِ، وَارْضَ بِمَا قَسَمَ اللَّهُ لَكَ تَكُنْ أَغْنَى النَّاسِ، وَأَحْسِنْ إِلَى جَارِكَ تَكُنْ مُؤْمِنًا، وَأَحِبَّ لِلنَّاسِ مَا تُحِبُّ لِنَفْسِكَ تَكُنْ مُسْلِمًا، وَلَا تُكْثِرِ الضَّحِكَ، فَإِنَّ كَثْرَةَ الضَّحِكِ تُمِيتُ الْقَلْبَ»

Ат-Табарони “Аль-Авсатта” Абу Хурайрадан (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисинде Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты: “Ким бул сөздөрдү менден алып, аларга амал кылат, же аларга амал кыла турган бирөөгө үйрөтөт? Абу Хурайра айтат:  Оо, Аллахтын Элчиси мен дедим, ошондо Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) менин колумдан кармап,  беш жолу бириктирди. Ал айтты: “Арамдан сактан, ошондо сен адамдардын эң такыбалуусу болосуң. Аллах сага берген нерсеге ыраазы бол, адамдардын эң байы болосуң. Кошунаңа жакшылык кыл, момун болосуң, өзүң үчүн жакшы көргөн нерсеңди адамдарга да жакшы көр, мусулман болосуң жана көп күлбө, анткени көп күлүү жүрөктү өлтүрөт”.

Сүйүктүү Заттын бул сөздөрү түшүнүктүү жана майда-чүйдөсүнө чейин жетиштүү айтылган. Аны түшүнүү оңой жана таасирдүү! Ислам дини биз бара турган туура жолду көрсөтпөстөн, ага багыттоосуз эч бир жакшы нерсеге буюрбаган! Эч бир жамандыкты бизге эскертпестен, андан кайтарып, андан сактанууну буйрубай калтырган эмес! Арабыздан кимибиз адамдардын эң такыбалуу болуусун каалабайт? Арабызда кимибиз адамдардын эң байы  болуусун жактырбайт? Арабызда кимибиз ыймандуу болууну каалабайт? Арабызда кимибиз мусулман болууну жактырбайт? Арабызда кимибиз жандуу жүрөккө ээ болууну каалабайт? Бул беш сөздү ар бирибиз жакшы көрөрүбүздө шек жок:

Алардын биринчиси: “Арамдан сактан, ошондо адамдардын эң такыбаа ибадатчысы болосуң”.

رَوَى البَيهَقِيُّ فِي الآدَابِ عَنِ النُّعْمَانِ بْنِ بَشِيرٍ قَالَ: سَمِعْتُ رَسُولَ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ يَقُولُ: «إِنَّ الْحَلَالَ بَيِّنٌ وَالْحَرَامَ بَيِّنٌ وَبَيْنَهُمَا مُشْتَبِهَاتٌ لَا يَعْلَمُهُنَّ كَثِيرٌ مِنَ النَّاسِ، فَمَنِ اتَّقَى الشُّبُهَاتِ فَقَدِ اسْتَبْرَأَ لِدِينِهِ وَعِرْضِهِ، وَمَنْ وَقَعَ فِي الشُّبُهَاتِ وَقَعَ فِي الْحَرَامِ، كَالرَّاعِي يَرْعَى حَوْلَ الْحِمَى يُوشِكُ أَنْ يَقَعَ فِيهِ، أَلَا وَإِنَّ لِكُلِّ مَلَكٍ حِمًى، أَلَا وَإِنَّ حِمَى اللَّهِ مَحَارِمُهُ، أَلَا وَإِنَّ فِي الْجَسَدِ مُضْغَةً إِذَا صَلَحَتْ صَلَحَ الْجَسَدُ كُلُّهُ وَإِذَا فَسَدَتْ فَسَدَ الْجَسَدُ كُلُّهُ أَلَا وَهِيَ الْقَلْبُ».

Аль-Байхаки “Аль-Адабда” Нуман бин Баширден риваят кылып айтты: “Мен Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам)дын мындай дегенин уктум: Адал да ачык, арам да ачык жана алардын ортосунда көп адамдар билбеген күмөндүү нерселер бар. Ким шек-күмөндөн сактанса, дини менен намысын таза сактаган болот. Ал эми ким күмөндүү жерге түшсө, койу тез арада түшүп кете турган короонун чекесинде кой кайтарып жүргөн койчуманга окшош. Чындыгында  ар бир падышанын чек арасы бар. Аллахтын  чек арасы анын арам кылган нерселери. Ырасында денеде ал жакшы болсо бүт дене жакшы боло турган жаман болсо бүт дене жаман боло турган бир муштум эт бар, ал жүрөк”.

Экинчиси: “Аллах сага  берген нерсеге ыраазы бол, ошондо адамдардын эң байы болосуң”. Канааттануу, шүгүр кылуу түбөлүктүү байлык! Канаатануу – аз болсо да Аллах берген нерсеге ыраазы болуу жана башкалардын колундагыга көз артпоо. Ыймандын ыкласынын белгиси. Анын даражаларына келсек, үчөө: жогорку, орто жана төмөнкү. Ал эми эң жогорку даражага келсек, адам бул дүйнөнүн эң жогорку маанисине канаатанып, башка нерселердин таасиринен сактанат. Ал эми ортосуна келсек, каниет кылуу ток пейилдүүлүккө алып  барат, кызыкчылыкты жана ашыкчалыкка умтулууну калтырат. Ал эми төмөнкүсүнө келсек, ал колунан келгенине ыраазы болуп, Алланын бергенин көп болсо да аз болсо да жаман көрбөй, колунан келбеген нерсени аз болсо да издеп убара болбойт.

Канаттануунун таасирлери көп, анын ичинде: Жүрөк Алла Таалага болгон тобокелге, тагдырына жазылган ырыскысына ыраазы болуу менен толот. Ошондуктан, адам Аллахтын нээматтарына шүгүр кылып жакшы жашоодо жашайт. Көрө албастык, гыйбат, жалган жалаа, жалган айтуу сыяктуу жүрөктү бузуп, жакшылыктарды кетирүүчү күнөөлөрдөн жана жаман иштерден өзүн коргоп, ийгиликке жетет. Каниеттүү адам Аллахтын алдындагыны каалап, дүйнөнүн урандысынын астында калуудан өзүн сактайт. Каниет кылганды Аллах дагы адамдар дагы сүйөт. Каниет кылуу коом арасында жагымдуулукту бакыбаттуулукту жайылтат. Байлык –  бул жан дүйнөнүн байлыгы.  Даңк –  бул баш ийүү жана каниет кылуу. Ал эми кордук – баш ийбестик жана ач көздүк экендиги талашсыз чындык.

Каниет кылууга алып бара турган себептер: Аллахтан жардам суроо, Ага тобокел кылуу, Анын каалоосуна жана тагдырына моюн сунуу. Бул дүйнөнү өз баалуулугуна жараша баалап, ага тиешелүү даражасына жараша өз ордуна коюу жана акыреттин камын ойлоп акырет үчүн гана жарышуу. Салихтердин абалына, берилгендиктерине, ток пейилдүүлүктөрүнө, бул дүйнөдөн жана анын ырахатынан жүз бургандыктарына кароо. Бизден ылдыйдагылардын абалына карап, каниет кылуу, ток пейил болууга аракет кылуу. Ал эми каниет кылуу кадыржамдыкты, көкүрөктүн коопсуздугун жана жүрөктүн тынчтыгын камтыганы үчүн – биз ага жүрөктү көнүктүрөбүз. Ырыскынын адам баласы энесинин курсагында турган кезинде эле белгиленгендигине толук ишеним болушу үчүн  Ыйык Курандын аяттары, өзгөчө ырыскы жана киреше тууралуу айтылган аяттарга ой жүгүртүшүбүз керек. Ырыскы акылдын күчтүүлүгү, кыймылдын көптүгү, билимдин кеңдиги сыяктуу адамдык ченемдерге баш ийбей турганын билишибиз керек. Ал эми байлык эгер шарият жолу менен келбесе  анын акыбети ээсине жамандык жана балээ экенин билишибиз керек.

Үчүнчүсү: “Кошунаңа жакшылык кыл, момун болосуң”.

رَوَى البَيهَقِيُّ فِي شُعَبِ الإيمَانِ عَنْ أَبِي شُرَيْحٍ الْكَعْبِيِّ، عَنِ النَّبِيِّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ، قَالَ: «وَاللهِ لَا يُؤْمِنُ، وَاللهِ لَا يُؤْمِنُ، وَاللهِ لَا يُؤْمِنُ ثَلَاثًا» قَالُوا: وَمَنَ ذَاكَ يَا رَسُولَ اللهِ، قَالَ: «الْجَارُ لَا يَأْمَنُ جَارُهُ بَوَائِقَهُ». قَالُوا: وَمَا بَوَائِقُهُ؟ قَالَ: «شَرُّهِ».

Байхаки “Шуьаб аль-Иманда” Абу Шурайх Аль-Каьбийдин риваятында, Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты: “Аллахтка ант болсун Аллахка ишенбейт, Аллахка  ишенбейт, Аллахка ишенбейт деп үч жолу айтты. Оо, Аллахтын Элчиси бул ким? – деп сурашты. Ал айтты: “Кошунасы анын зыянынан аман эмес (адам). Алар: Анын зыяны кандай? дешти  Ал айтты: “Анын жамандыгы”.

وَرَوَى الإِمَامُ أحمَدُ فِي مُسنَدِهِ عَنْ عَائِشَةَ، عَنِ النَّبِيِّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ: «مَا زَالَ جِبْرِيلُ عَلَيْهِ السَّلَامُ يُوصِينِي بِالْجَارِ، حَتَّى ظَنَنْتُ أَنَّهُ سَيُوَرِّثُهُ»

Имам Ахмад өзүнүн “Муснадында” Айша энебиз Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам)дан риваят кылган хадисте: “Жабраил (алейхис ​​салам) мени кошунама жакшылык кылууну насаат кыла бергендиктен, аны мураскор кылып коёт деп ойлогом”, – дегенин келтирген.

Төртүнчүсү: “Өзүң үчүн жакшы көргөндү башкалар үчүн да ыраа көр, мусулман болосуң”.

رَوَى ابنُ حِبَّانَ فِي صَحِيحِهِ عَنْ أَنَسِ بْنِ مَالِكٍ عَنِ النَّبِيِّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ: «لَا يُؤْمِنُ أَحَدُكُمْ بِاللَّهِ حَتَّى يُحِبَّ لِأَخِيهِ مَا يُحِبُّ لِنَفْسِهِ».

Ибн Хиббан өзүнүн “Сахихинде” Анас ибн Маликтен риваят кылган хадисте Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты; “Силердин эч кимиңер өзү үчүн каалаганын бир тууганына да кааламайынча Аллахка ыйман келтире албайт”.

Бешинчиси: “Көп күлбө, анткени көп күлүү жүрөктү өлтүрөт”.

رَوَى ابنُ حِبَّانَ فِي صَحِيحِهِ عَنْ أبي هريرة قَالَ: مَرَّ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ عَلَى رَهْطٍ مِنْ أَصْحَابِهِ وَهُمْ يَضْحَكُونَ فَقَالَ: «لَوْ تَعْلَمُونَ مَا أَعْلَمُ لَضَحِكْتُمْ قَلِيلًا وَلَبَكَيْتُمْ كَثِيرًا». فَأَتَاهُ جِبْرِيلُ فَقَالَ: إِنَّ اللَّهَ يَقُولُ لَكَ لِمَ تُقَنِّطُ عِبَادِي؟ قَالَ: فَرَجَعَ إِلَيْهِمْ فَقَالَ: «سَدِّدُوا وَقَارِبُوا وأبشروا».

Ибн Хиббан өзүнүн “Сахихинде” Абу Хурайрадан риваят кылган хадисте, мындай деген. Алланын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) бир топ сахабалары күлүп жатышканда алардын жанынан өтүп баратып айтты: “Мен билгенди билгениңерде, аз күлүп, көп ыйламаксыңар”. Ошондо Жабраил ага келип: “Аллах сага: “Эмне үчүн пенделеримдин үмүтүн үзөсүң”? – деп айтып жатат”, – деди. Анан Пайгамбар (с.а.в) аларга кайтып келип: “Туура жүргүлө, жакындагыла жана сүйүнгүлө”, – деди.

Абу Хатим (радыяллаху анху) айтты: “Туура жүргүлө” дегени – бул Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам)дын жолунда жана анын сүннөтүнө амал кылууда жоопкерчиликтүү болуу зарылчылыгын билдирет. Анын: “Жакындагыла” дегени, өзүңөр көтөрө алабай турган кыйынчылыкка өзүңөрдү салбагыла дегенди билдирет. Жана анын “Сүйүнгүлө” дегени, туура  жүрүүдө менин сүннөтүмдү карманып амал менен жакындасаңар бейиш силердики болот деген маани.

Аллах буйруса, келерки жоолугушууга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Силерге  Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси  болсун.

1445-х 23-Зул Каада.

2024-ж 30-Май.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here