Демократия үчүн добуш берүү арам

4118
0

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Суроо жооп

Демократия үчүн добуш берүү арам

Суроо: Ассаламу алайкум уа рахматуллоохи уа баракаатуху. Демократия үчүн добуш берүү арам экенидиги белгилүү, бирок эл арасында төмөнкү далилдерден улам добуш берүүгө болот деп ойлогондор бар:

1-Эки жамандыктын кичинеси.

2-Бизден мурункулардын шарияты.

3-Зарылчылык тыюу салынган нерсени мубах кылат.

4-Шарият мыйзамдарынын максаттары мусулмандардын динин, жанын жана мал-мүлкүн коргоо.

Бул айтылган  эрежелер – үммөттүн кызыкчылыгы үчүн добуш берүү уруксат же милдеттүү экенине шарьий  өкүм катары далилге жарактуубу?

Аллах ыраазы болсун.

Жооп: Уа алайкум ассалам уа рахматуллоохи уа баракатуху. Урматтуу бир тууганым, биз бул суроолорго мурда жооп бергенбиз, мен сизге мурунку жооптордон төмөндөгүлөрдү келтирем:

Биринчи: 2010-жылдын 29-августунда эки жамандыктын кичинеси менен эки зыяндын жеңили өкүмү жөнүндөгү суроого жоопто мындай айтылган: “Эки жамандыктын кичинеси же эки зыяндын кичинеси”.

Муну бир катар факихтер шаръий өкүмгө далил кылышат. Аны кабыл алган аалымдардын пикири боюнча бул бир мааниге ээ болуп, эки арам амалдын бирин жасоого уруксат берет. Мукаллаф (шарьий милдет жүктөлгөн жооптуу) адам эки арамдын бирин кылуудан башка эч нерсе кыла албаса жана экөөнү тең кылбай коюу мүмкүн эмес болуп, баардык тараптан бул эки арамды кылбай коюуга кудурети жетпей турган учурда бул экөөнүн арамдыгы азыраагын кылса уруксат. Аллах Таала айтты:

﴿لَا يُكَلِّفُ اللهُ نَفْساً إِلَّا وُسْعَهَا﴾

“Аллах бир жанга анын күчү жетпеген жүк жүктөбөйт”.

﴿فَاتَّقُوا اللهَ مَا اسْتَطَعْتُمْ

“Аллахтан колуңардан келишинче корккула”

Тактап айтканда, бул өкүмдү айткандардын айтымында, эки арам нерседен тыйылуу мүмкүн болбосо, бул өкүм колдонулат. Эки арамдын экөөнү тең кылууну токтотуу мүмкүн эмес, ошондуктан чоңураак арамды ишке ашырбай, эки жамандыктын кичинеси алынат. Ошондой эле, бул аалымдар эки жамандыктын кичирегин напсилерге карап эмес, шариат өкүмүнө карап коюшат…

Бул эрежени колдонууда, бул аалымдар тарабынан айтылган мисалдар төмөнкүлөрдү камтыйт:

Эгер эненин төрөтү кыйындап, энени да, түйүлдүктү да сактап калууга мүмкүн болбой калып, тез арада чечим кабыл алуу зарыл болсо. Же түйүлдүктүн өлүмүн талап кылган  нерсе энени куткарууга жол берсе, же эненин өлүмүн талап кылган нерсе түйүлдүктү сактап калууга мүмкүндүк берсе. Экинчисин сактап калуу биринчисинин өлүмүнө алып келсе, же экинчисинин өлүмү менен биринчисинин өмүрүн сактап калуу аракети көрүлбөсө, экөөнүн тең өлүмүнө алып келиши мүмкүн. Ушундай жагдайга туш болгондо эки жамандыктын кичинеси же эки зыяндын жеңилин ишке ашыруу тууралуу айтылат. Бул куткарылып жаткан адамды, башкача айтканда энени сактап кала турган ишти жасоо, ошол эле аракет башканы өлтүрүп жатса да… ж.б.у.с.

Ал эми, бир адам эки арам ишке туш болуп экөөнөн тең карманууга кудурети жетип туруп анан эки жаман иштин кичинесин ишке ашыруу эрежесин колдонушу мүмкүн эмес. Мисалы, шайлоо учурунда светтик же каапыр же фасык болсо да баланчага добуш бер же, тигини колдо, муну колдобо, тиги бизге жардам берет бул жардам бербейт, ошондуктан тигини колдо деген сыяктуу нерсеге амал кылуу бул киданы ишке ашырууга кирбейт. Анткени, бул жерде айтылып жаткан нерсеге амал кылууга мажбур абалда эмеспиз жана биздин алдыбызга коюлган эки нерсе арам. Секуляристти шайлоо жайиз эмес. Анын бир мусулмандын өкүлү же орун басары болуп дайындалышы да жайиз эмес. Себеби ал Исламды карманбайт. Ал арам иштерди жасагандыктан, мусулмандардын атынан өкүл болуп, арам долбоорлорду иштеп чыгаруу, мыйзам чыгаруу, бекитүү сыяктуу иштерди кылуусу  жайиз эмес.  Ал секулярист арам иштерди талап кылуу, же  кабыл алуу, ээрчүү сыяктуу иштерди кылат. Жалпысынан айтканда ал жакшылыктан тыйып, жамандыкка буйруйт. Ошондуктан, илманий көз караштагылардын кайсы бири болбосун аны шайлоо арам. Ал эми шайлоо же шайлабай коюу мүмкүнчүлүк алкагындагы иш. Ошондуктан жогорудагы айтылган эки арамдын кичинесин кылуу эрежеси алкагына кирбейт. Аягы.

Толук жооп алам десеңиз жогорудагы айтылган суроо-жоопко кайрылсаңыз болот.

Экинчи: “Бизден мурункулардын шарияты бизге шарият эместигине келсек ал  2014-жылы 5-марттагы суроого жоопто мындай деп түшүндүрүлгөн:

Жооп: Ооба, кээ бир сарай шейхтери бул сөздөрдү айтышкан жана алардын эч кандай далили жок. Анткени, Аллах түшүргөн өкүм менен  өкүм жүргүзүүнүн далили ачык, субуту жана далалаты да катьий. Далили так, мааниси да так жана бул нерсе тууралуу аалымдар арасында пикир келишпестик жок.

Аллах түшүргөн нерсе менен өкүм кылуу  фарз. Аллах Таала айтат:

﴿فَاحْكُمْ بَيْنَهُمْ بِمَا أَنزَلَ اللهُ وَلَا تَتَّبِعْ أَهْوَاءَهُمْ عَمَّا جَاءَكَ مِنْ الْحَقِّ

“Алардын ортосунда Аллах түшүргөн нерсе менен өкүм кыл жана сага келген чындыктан башка алардын каалоолоруна ээрчибе”.

Аллах Таала айтат:

“Алардын ортосунда Аллах түшүргөн нерсе менен өкүм кыл жана алардын каалоолоруна ээрчибе.  Аллах сага түшүргөн нерсенин кээ бир бөлүгү менен  сени (фитнага салууларынан) азгырууларынан сак бол”.

Бул мааниде көптөгөн аяттар бар. Ал эми Аллах түшүргөн нерсе менен өкүм кылбоо жана адам чыгарган мыйзамдар менен өкүм жүргүзүү, эгер аким ага ишенип этикад кылып адам чыгарган мыйзамдар менен өкүм жүргүзсө куфр болот. Эгер аким ага ишенбей этикад кылбастан өкүм жүргүзсө, зулум, фасыктык болот. Бул Жараткандын сөзүндө айтылган:

﴿وَمَنْ لَمْ يَحْكُمْ بِمَا أَنزَلَ اللهُ فَأُوْلَئِكَ هُمْ الْكَافِرُونَ

“Ким Аллах түшүргөн нерсе менен өкүм кылбаса, алар каапырлар”.

Алла Таала айтты:

وَمَنْ لَمْ يَحْكُمْ بِمَا أَنزَلَ اللهُ فَأُوْلَئِكَ هُمْ الظَّالِمُونَ

“Ким Аллах түшүргөн нерсе менен өкүм кылбаса, анда мына ошолор заалымдар”.

Алла Таала айтты:

﴿وَمَنْ لَمْ يَحْكُمْ بِمَا أَنزَلَ اللهُ فَأُوْلَئِكَ هُمْ الْفَاسِقُونَ.

“Кимде-ким Аллах түшүргөн нерсе менен өкүм кылбаса, алар чектен чыккандар фаасыктар”.

Ал эми сарай шейхтери келтирген нерселерге, биз айткандай, ага эч кандай далил жок…

Кызыкчылыкка жана анын далил экендигине келсек, ал да туура эмес орунда колдонулган, биз аны төмөнкүчө карап чыгабыз:

Фикх аалымдарынын арасында кызыкчылыкты далил деп айткандар бар. Бирок, алар каралып жаткан кызыкчылыкка карата шариятта эч кандай буйрук жана тыюу болбошу керек деп шарт коюшкан. Ал эми, буйрук же тыюу салынган болсо, кызыкчылык өкүмү эске алынбайт, тескерисинче, шариятта айтылгандар эске алынат. Белгилүү усул аалымдарынын эч кимиси кызыкчылык талап кылат деген шылтоо менен вахий алып келген нусустарды жараксыз деп айтышкан эмес.

Сүткорлук арам, эгер аны кызыкчылык талап кылса да, шарият аны арам кылат. Шарият аны четке кагат жана тыят. Кээ бир аалым сөрөйлөр фатва чыгарса да, алардын фатвасы четке кагылат. Аткени ал вахий алып келген шарият менен карама-каршы келет.

Аллах түшүргөндөн башка нерсе менен өкүм кылуу маселеси сүткорлуктун арамдыгы сыяктуу эле анык арам кылынган. Анткени ал  вахий алып келген аяттарда айтылган. Кызыкчылык талап кылат деген нерсеге орун жок, анткени шарият бар жерде кызыкчылык бар, тескерисинче эмес.

Биз бул изилдөөбүздө масоолиху мурсаланы (мурунку пайгамбарлардын шарият кызыкычылыгы)  аз-маз айыптаган усул аалымдары менен бир катардабыз. Бул аалымдар мазхабында “масоолиху мурсаланы” кызыкчылыкка далил кылган эмес. Чындыгында масоолиху мурсала деген өзү жок нерсе. Бул масоолиху мурсала – Шарият кээ бир нерселерге буйрубастан жана тыюу салбастан калтырган – дегендердин көз карашы. Ошондуктан  алар бул масоолиху мурсаланы ушул жаатта колдонуп жатышкандыгын айтышкан.  А чындыгында шарият эч бир ишти өкүмүн тактабастан калтырган эмес. Тескерисинче, бардык нерсенин өкүмдөрүн баян кылат.

﴿تِبْيَاناً لِكُلِّ شَيْءٍ﴾،

“(Куран) бардык нерсенин өкүмүнүн баяны”.

﴿مَا فَرَّطْنَا فِي الْكِتَابِ مِنْ شَيْءٍ﴾،

“Биз Китепте эч нерсе калтырган жокпуз”.

﴿الْيَوْمَ أَكْمَلْتُ لَكُمْ دِينَكُمْ وَأَتْمَمْتُ عَلَيْكُمْ نِعْمَتِي وَرَضِيتُ لَكُمُ الْإِسْلَامَ دِيناً﴾.

“Бүгүн мен силерге диниңерди толук кылдым, силерге болгон нээматымды толуктадым жана силерге  Исламды дин  кылып бергениме ыраазы болдум”.

Жыйынтыктап айтканда, куфр системаларына катышуу жана Аллах түшүргөндөн башкасы менен өкүм кылуу, эгер Аллах түшүргөндөн башка менен өкүм кылуучу бул өкүмгө ишенип этикад кылып өкүм жүргүзсө куфр болот. Жараткан зат айтат:

﴿وَمَنْ لَمْ يَحْكُمْ بِمَا أَنزَلَ اللهُ فَأُوْلَئِكَ هُمْ الْكَافِرُونَ

“Ким Аллах түшүргөн нерсе менен өкүм кылбаса, алар каапырлар”.

Эгер аким ага ишенбей, этикад кылбастан өкүм жүргүзсө, зулум, фасыктык болот. Алла Таала айтты:

وَمَنْ لَمْ يَحْكُمْ بِمَا أَنزَلَ اللهُ فَأُوْلَئِكَ هُمْ الظَّالِمُونَ

“Ким Аллах түшүргөн нерсе менен өкүм кылбаса, анда мына ошолор заалымдар”. Алла Таала айтты:

﴿وَمَنْ لَمْ يَحْكُمْ بِمَا أَنزَلَ اللهُ فَأُوْلَئِكَ هُمْ الْفَاسِقُونَ﴾.

“Кимде-ким Аллах түшүргөн нерсе менен өкүм кылбаса, алар чектен чыккандар фаасыктар”.

Мусулманга Аллах түшүргөн нерселерден башкасы менен өкүм жүргүзүүгө катышса болот дегендердин далили да, далилге окшош нерсеси  да жок. Аллахтын каалоосу менен жооп так, жетиштүү жана канааттандырарлык деп ишенем.

1435 хижрий Ражаб айынын төртү

Миладий 03.05.2014

Үчүнчү: Юсуф (алейхи салам) жана Расулуллах (саллаллаху алейхи васаллам) кайып жаназасын окуган Нажашийдин темасын камтыган суроонун жообуна келсек, бул маселеге толугу менен жооп бергенбиз… Андан көрүнүп тургандай, демократиялык шайлоолордун жайиз болушуна жана адам чыгарган мыйзамдын маанилүүлүгүнө, куфр өкүмүнө ишенүүгө анын эч кандай тиешеси жок… Маалымат үчүн айта кетсек, сиз сураган шарият максаттарын айрымдар кызыкчылыктарга кызмат кылган нерсе деп чечмелеп жатышат. Алар муну өкүм чыгарууга иллет кылышат. Эгер алардын баамында бир нерседе кызыкчылык болсо, анда бул иш жайиз дешет. Бул туура эмес. Аллахтын өкүмдөр жөнүндөгү максаттары – аларды мыйзам чыгаруудагы максаты катары түшүндүргөн. Бул нерсе Аллахтын өкүмдөр жөнүндөгү хикматы болуп саналат, өкүмдөрдүн иллети, себептери эмес. Демек, ага кыястоо мүмкүн эмес, ага камтылган маанилерге  да кыясталбайт (өлчөнбөйт). Ал ар бир конкреттүү өкүмгө мүнөздүү жана анын чегинен чыкпайт. Өкүмдөгү хикмат жүзөгө чыгышы мүмкүн, чыкпай  калышы да мүмкүн. Анын шарьий иллетке жана кыяска да эч кандай тиешеси жок. Ал  өкүмдөрдөгү Аллахтын хикматтарынын бири гана болуп саналат.

Бул жөнүндө “Шахсия” китебинин үчүнчү чыгарылышындагы “Шарияттын максаттары” бөлүмүндөгү “Пайда алып келүү жана зыяндардан сактануу” темасында кеңири баяндалып, анда мындай деп айтылган:

“Ал эми биринчи топ пайда алып келүүнү жана зыянды кайтарууну жалпы Ислам шариаты үчүн “шарьий иллет” деп эсептегендер. Ар бир шарьий өкүмдүн иллети өзүнө гана таандык. Ар бир шарьий өкүмдүн өзүнө гана таандык  иллети  шарьий далилдер кызыкчылыкка далалат кыларын көрсөтөт деп белгиленет. Бул топко жооп берүүгө келсек, пайда алып келүү жана жамандыкты кайтарууну иллет катары санаганда ага  акыл  же шарият  далалат кылышы керек болот. А эгер акыл ага ишарат кылса, анда анын мааниси жана маңызы да  жок… Акылдын ишараты далил эсептелбейт. Демек, пайда алып келүүнү жана зыянды кайтарууну иллет катары кароодо акыл аркылуу болсо ал жараксыз жана эч кандай мааниге ээ эмес. Иллет кылуу үчүн бул карап чыгуу акылдан эмес, шарияттын көз карашынан болушу керек. Айрыкча, иллет бул шарьий иллет,  абсолюттук (жалпы) иллет эмес.

Пайда алып келүү жана зыяндан кайтарууну иллет катары кароодо Куран, хадис жана ижмаъны далил кылган деген ойлоруна келсек, бул пикир да туура эмес. Ал эми Куран жана хадиске келсек, алар келтирген аяттар формулада да, вакыйда да бул жалпы иллетке ишара кылбайт. Алар Алла Тааланын бул сөзүн келтиришти:

﴿وَمَا أَرْسَلْنَاكَ إِلَّا رَحْمَةً لِلْعَالَمِينَ

“Биз сени ааламдарга ырайым кылуу үчүн гана жибердик”.

﴿وَرَحْمَتِي وَسِعَتْ كُلَّ شَيْءٍ

“Менин ырайымым бардык нерсени камтыйт”.

Пайгамбар (с.а.в)дын ушул сөзүн келтиришти:

«لاَ ضَرَرَ وَلاَ ضِرَارَ»

“Зыян берүү да зыян тартуу да жок”. Хаким риваяты.

Бул аят хадистер алардын пикирине эч кандай далалат кылбайт. Бул аят хадистер кызыкчылыкка жетүү жана зыяндан сактанууну шарият өкүмдөрүнө иллет катары саноого ишара кылбайт. Тескерисинче, бул аят хадистердин ишараты бүтүндөй Ислам шариятынан жамандыкты четке кагуу болуп саналат. Бул шарияттын да, анын кандайдыр бир конкреттүү өкүмүнүн да иллети дегенди билдирбейт. Ошондуктан, бул аят хадистерде зыянды четке кагууда иллетти билдире турган ишара болбогондуктан, жалпы шарият мыйзамдарынын иллети да, кандайдыр бир конкреттүү шарият өкүмүнүн иллети да жок.

Демек, Куран жана Хадис тексттери шарияттан келген натыйжа пайда алып келүү жана зыяндан кайтаруу экенин көрсөтсө дагы, пайда алып  келүү жана жамандыктан кайтаруу шариятка иллет экенин билдирбейт. Ошондой эле конкретүү бир шариьй өкүмдүн иллетин да билдирбейт. Ошондуктан муну жалпы иллет деп далил катары саноо жараксыз батыл деп саналат.

Ал эми алар айткан ижма болсо, бул фикх имамдарынын ижмаъсы. Мунун далил катары эч кандай кыйматы жок. Анткени, шаръий далил деп эсептелген ижма сахабалардын ижмасы. Башка ижмалар далил эмес. Ошондуктан, алар келтирген ижма далил катары эсептелбейт…

Демек,  бүткүл шариятты жалпы түрдө кароосуна ишара кылган кызыкчылык далалаты жок. Толук нусустар боюнча да, нусустардын тобу боюнча да, шарият мыйзамдарынын жалпылыгы боюнча да кызыкчылык иллет боло алуусуна далалат кылган нерсе жок. Ошондуктан кызыкчылыкты шарьий иллет катары саноо түп-тамырынан батыл. Анткени, шарият мыйзамчылыгында кызыкчылык иллет катары саналбайт. Шарьий кызыкчылык да шарьий эмес кызыкчылык да жок…

Көбүрөөк маалымат алгыңыз келсе,  шахсия китебине кайрылыңыз.

Төртүнчү: Арам же арам нерселерди мубах кылган зарылчылыктарга келсек, биз 26.01.2016 тарыхында буга да жооп бергенбиз. Анда мындай деп айтылган:

Кээ бир аалымдар “зарылчылыктар арамдарды мубах кылат” деген өкүмдү карманышат жана ага Аллах Тааланын Бакара сүрөөсүнүн 173-аяты сыяктуу далилдерди келтиришет:

﴿إِنَّمَا حَرَّمَ عَلَيْكُمُ الْمَيْتَةَ وَالدَّمَ وَلَحْمَ الْخِنْزِيرِ وَمَا أُهِلَّ بِهِ لِغَيْرِ اللهِ فَمَنِ اضْطُرَّ غَيْرَ بَاغٍ وَلَا عَادٍ فَلَا إِثْمَ عَلَيْهِ إِنَّ اللهَ غَفُورٌ رَحِيمٌ

“Ал силерге өлүктөрдү, канды, чочконун этин жана Аллахтан башкага арналып союлган нерселерди арам кылды. Ким каалоосу жок жана чектен чыкпастан мажбур болсо, анда ага күнөө жок. Аллах Кечиримдүү, Мээримдүү”.

Аллах Таала Маида сүрөсүнүн 3-аятында айтат:

﴿فَمَنِ اضْطُرَّ فِي مَخْمَصَةٍ غَيْرَ مُتَجَانِفٍ لِإِثْمٍ فَإِنَّ اللهَ غَفُورٌ رَحِيمٌ

“Ким күнөөгө жакын болбой, кыйынчылыкта мажбур болсо, албетте, Аллах Кечиримдүү, Мээримдүү”.

Аллах Таала Нахл сүрөсүнүн 115-аятында айтат:

﴿إِنَّمَا حَرَّمَ عَلَيْكُمُ الْمَيْتَةَ وَالدَّمَ وَلَحْمَ الْخِنْزِيرِ وَمَا أُهِلَّ لِغَيْرِ اللهِ بِهِ فَمَنِ اضْطُرَّ غَيْرَ بَاغٍ وَلَا عَادٍ فَإِنَّ اللهَ غَفُورٌ رَحِيمٌ﴾.

“Ал силерге өлгөн малды, канды, чочконун этин жана  Аллахтан башкага багышталган нерселерди арам кылды. Ким каалоосуз жана чектен чыкпастан мажбур болсо, анда Аллах Кечиримдүү, Мээримдүү”.

Бул эрежени караган адам анын туура эмес экенин түшүнөт. Бул өкүмдү жактагандардын келтирген далилдери алар айтып жаткан нерсеге далаалат кылбайт. Тескерисинче, ачкачылыктан өлгөн жаныбарларды жегенге мажбур болгон учурда жайиз экендигине ишара кылууда.

﴿فَمَنِ اضْطُرَّ فِي مَخْمَصَةٍ

“Ким ачкалыктан мажбур болсо”

Ал эми ачкачылык – өлүмгө жеткире турган ачкачылыкты билдирет.

Ушундай учурда арам нерсени жегенге уруксат. Аятта ачык айтылгандай, ачкачылык  өлүмгө жеткире турган ачкачылык менен чектелип, андан ашпайт. Сөз өз маанисинен ашып түшүү үчүн жалпы же абсолюттук (мутлак) мааниде эмес, тескерисинче, ачкачылык менен гана чектелет…

Демек, бул эрежени айтып жаткандардай аны жалпы түстө колдонуу туура эмес. Бул өкүмдү жактагандар таянган далилдер көрсөткөн эң туура маани – муктаждык болгон учурда Аллах арам кылган тамактарды жеп-ичүүсүнө мусулман адам үчүн уруксат берилгени. Бул далилдер андан  башкага далалат кылбайт. Мындан башка муктаж болгон учурларда уруксат болушу үчүн башка далилдердин болуусу шарт. Бул далилдер өзү далалат кылган нерседен башка учурларга далил болуп саналбайт. Белгилей кетчү нерсе, бул эреже биздин заманыбызда “зарылдыктар” деген сөздү алар көздөгөн зарылдыктын чечмелөөсү боюнча көптөгөн нерселерди камтыган бош сөз болуп, ар бир арам нерсени мубах кылуу үчүн колдонулган курал болуп калды. Зарылчылыктын атын жамынып көптөгөн адамдар арамга түшө турган болуп калды…!

1437 хижрий 16- Рабиъул-Ахир  26.01.2016.

Бул боюнча кенен жооп алам десеңиз жогорудагы суроо-жоопко кайрылсаңыз болот… Андан көрүнүп тургандай, бул азыркы демократиялык шайлоолордун жайиз болушун жана анын адамдык мыйзамчылыктагы маанилүүлүгүн жана куфр өкүмүнө ишенүүнүн жайиздигин билдирбейт… Ошондой эле 03.02.2016 жана 19.06.2022 тарыхында да бул маселеге толук жооп бергенбиз. Жогоруда айтылган жоопторго кайрылсаңыздар болот. Алар жетиштүү деп үмүтөнөм. Аллах билүүчү жана Өкүмдар.

Боордошуңар  Ата бин Халил Абу Ар-Рашта.

1445-х 18-Зул Каада.

2024-ж 26-май.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here